ЫСЫК-КӨЛДӨ ТАКСИСТТИ ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛДЫ. Алар маркумдун бир тууган карындашы менен күйөө баласы болуп чыкты.

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

Ысык-Көл облусунда карындашы агасын өлтүрүп, өрттөп жиберген деп шектелип кармалды. Анын бул кылмышка баруусуна ата-энесинен калган мурасты бөлүшүүдөгү пикир келишпестик себеп болгону айтылууда.

МАРКУМДУ ТААНУУ ОҢОЙ БОЛГОН ЭМЕС

Гезитибиздин №778 санында «Ысык-Көлдө таксистти өлтүргөндөр кармала элек. Кылмышкерлер маркумду кыйнап өлтүрүп, башына дөңгөлөк кийгизип өрттөп жиберишкен» деген темада макала жарык көргөн. Анда ушул жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында киши колдуу болуп каза болгон белгисиз адамдын денеси табылганы жазылган эле. Белгисиз кылмышкерлер бир нече жолу бычак сайып өлтүрүп, кылмышты жашыруу үчүн башына дөңгөлөк кийгизип өрттөп салышкандыктан, маркумду таануу оңойго турган эмес. Көп өтпөй маркумдун ким экендиги аныкталып, ал ошол эле райондогу Аң-Өстөн айылынын тургуну, 1969-жылы туулган К.И. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Туугандары маркумду бутундагы тырыгы аркылуу таанышкан. Ал буга чейин таксист болуп иштеп келген. Маалыматтарга караганда, 22-сентябрда маркумдун уулуна атасынын телефонунан WhatsApp аркылуу «Балам, мен шашылыш Алматыга кеттим, үйдү бекитип кой. Бир айдан кийин келем» деген билдирүү келген. Ошондой эле маркумдун телефонунан ошол күнү Дубайда иштеп жүргөн кызына WhatsApp аркылуу кат келип, кызы 2 миң доллар акча салган. Бул окуя боюнча Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу боюнча иштер жүрүп жаткан.

КАЗАКСТАН АРКЫЛУУ ТҮРКИЯГА КАЧЫП КЕТҮҮНҮ ПЛАНДАШКАН

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул кылмыштын бетин ачууга жергиликтүү милиция кызматкерлеринен сырткары ИИМдин криминалдык милициясынын кызматкерлери да тартылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун 1984-жылы туулган И.А. аттуу бир тууган карындашы менен Түркиянын жараны болгон 1984-жылы туулган анын И.М. аттуу күйөөсү кылмышка негизги шектүүлөр катары каралган. Алар өлтүрүлгөн адамга тиешелүү Тойота Версо үлгүсүндөгү унаасын айдап Бишкекке сапар алышканы билинген. Көп өтпөй кылмышка шектүүлөр Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө пунктунан өтүшкөнү маалым болгон. Ал экөөнү Казакстандан издеп таап, кармоо үчүн ИИМдин атайын тобу жөнөтүлгөн. Ошонун негизинде Кыргызстандын ИИМинин жана Казакстандын Атырау облусунун ички иштер департаментинин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, кылмышка шектүүлөр 4-октябрда Казакстандын Атырау облусунун аймагында кармалышкан. Белгилүү болгондой, алар маркумду өлтүргөн соң анын автоунаасы менен Бишкек шаарына келишкен да, унааны сатууга, күрөөканага өткөрүүгө аракет кылышкан. Бирок бул ойлору ишке ашпаган соң унааны Бишкектин бир көчөсүнө таштап салышкан. Алар Казакстандан ары Түркияга кетүүгө камынышкан экен. Маркумга тиешелүү Тойота Версо автоунаасы Бишкек шаарынан табылып, унаа токтотуучу жайга киргизилди.

КЫЛМЫШ МУРАСТЫ БӨЛҮШӨ АЛБАГАНДАН КЕЛИП ЧЫККАН

Алгачкы иликтөөдө белгилүү болгондой, бул кылмыш агасы менен карындашынын ортосундагы келишпестиктен улам болгон. Туугандардын ортосундагы чыр-чатак ата-энесинен калган мурасты бөлүшө албагандыктан келип чыккан. Кылмышка шектүүлөр маркумду өлтүрүп, андан соң анын уюлдук телефону менен Дубайдагы кызы менен жазышып, ал акча салган. Экөө маркумдун уулуна да кат жазышканы аныкталган. Кылмышка шектүүлөр азырынча Казакстанда кармалып турушат, аларды Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
17.10.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эшектер чиригиле эми турмодо
17.10.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргыздар эн жаман калктардын бирине айланып бартавыз.
17.10.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир карындан талашып тушуп, кантип колу барды бир боорун олтурууго?! Мурас олуп кетпейби?! Жыйнасан табылат. А бир тууган кайдан табылмак эле?! Эхх адамдар, ырылдаган иттер да мынчалык мыкаачы эмес!!!!!
17.10.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстанда өллө көпкө акасин энесин кайненесин өлтүргөндөр
17.10.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адахан Мадумаровдун бир созун угуп калган элем-эгер мен Аллах таала буйруп президент болуп калсам майрамдоонун ордуна чоон тулоо откором маркумдарга арнап и кырсык болбош учун алдын алыпда откором деген эле.тилекке каршы соке Уруп кетти президенттикти
17.10.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulik.uma04.Президент болбосо деле туло откорсо не болот. Жон эле Мадумаров дей бербечи
17.10.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыз башы менен ата-энесинен калган мурасты талашып эмне кылат.
17.10.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу биздин кыздар турктор бай болот,акчасы коп-деп турмушка чыгат эле го.Эмне бул кыз адашып акчасы жогуна тийип алган бейм.Кайрадан озунун агасынын башын жедириптир,мурас талаштырып.
18.10.2017. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооой,кудайым ооой жер кантип көтөрүп жүрөт мындай айбан сымалдарды. Сөз таппайсың жазаарга сөз! Өткөндө окуганда уюшкан кылмыштуу топтун курмандыгы болгонго байкуш депмин. Карачечекей карындашынын колунан каза табат деген не шумдук?!
18.10.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омур бою эркинен ажыратыш керек экоону тен
19.10.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ыйманы жок мээрими жок таш боор омур боюга кесилсе да аздык кылат. бир тууганынды олтургон
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-19 10:59:55
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо