№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

«Рэмбо», «Авиатор», «Биллди өлтүрүү» тасмаларына продюсерлик кылып жүргөн белгилүү Голливуд продюсери Харви Вайнштейн өзү иштеген «The Weinstein Company» кинокомпаниясынан жумуштан айдалды. Себеби продюсер фильмге тартылгысы келген актрисаларды төшөк мамилесине мажбурлачу экен. Продюсердин курмандыгы болгон актрисалар Эшли Жадд менен Роуз Магкоуэн бул окуяны ачыктап элге айтып чыгышкан. Харви менен көп жылдан бери иштешкен актриса Мерил Стрип да досунун бул жоругун сындап «уят иш жасады, бул жоругун эч кандай жакшы иш менен актай албайт» деп айткан. Ал эми окуя күч алганда белгилүү актрисалар Гвинет Пэлтроу менен Анжелина Жоли да кезинде бул продюсерден ыплас сунуш алган соң аны менен иштешүүдөн баш тартканын айтышкан."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |