Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

3 АДАМ АЯЛДЫ ҮЙГӨ КАМАП АЛЫП 1 ЖУМА ЗОРДУКТАШКАН. КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН БИРИ 13, ЭКӨӨСҮ 8 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Ушул жылдын май айында Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды үйгө камап алып 1 жума бою сабап, зордукташкан деп шектелип 3 адам кармалган эле. 25-сентябрда Майлуу-Суу шаардык соту кылмышка шектелип кармалгандарды күнөөлүү деп таап, аларга карата өкүм чыгарды.

1 ЖУМАГА СОЗУЛГАН ТОЗОК

Эске салсак, бул кылмыш тууралуу гезитибиздин №763 санында жазганбыз. Жалал-Абад ОИИБи бул коркунучтуу кылмыш тууралуу төмөнкүдөй маалымат берген. 2017-жылдын 18-майында Сузак районунун 41 жаштагы тургуну Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылындагы таанышыныкына конокко келип, кайра болжол менен күндүзгү саат 3-4төр чамасында Жалал-Абад шаарына кайтуу үчүн унаа күтүп аялдамада турган. Алыстан автоунаа келе жатканын көргөн аял кол көтөрүп унааны токтотот. Ал ак түстөгү унаанын ичинде 30-40 жаштардагы мас абалдагы 3 эркек бар болгон. «Жалал-Абад шаарына чейин барасызбы?» деген аялдын суроосуна айдоочу «Кочкор-Ата шаарына чейин барабыз, отуруңуз» дейт. Эч жамандык күтпөгөн аял унаага отуруп алат. Бирок алар жүргүнчүнү Кочкор-Ата шаарына алып барбастан, унаанын ичинен эч себепсиз эле ур-тепкиге алышып, Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге алып келишет. Батирден да сабашып, каршылык көрсөткөнүнө карабай кезектешип зордукташат. Бул тозок бир жумага созулган. Кылмышкерлердин оюна эмне келгени белгисиз, аялдын чачын сакал алгыч менен кырып салышкан. 23-май күнү гана жабырлануучу үйдө алардын жоктугунан пайдаланып, эшиктин кулпусун бузуп качып чыгып, милицияга кайрылган. Жабырлануучу денесинен алган көптөгөн жаракаттардан улам Майлуу-Суу шаардык биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

ЖАБЫРЛАНУУЧУ ООРУКАНАДАН КАЧЫП КЕТКЕН

Жабырлануучу аял арыз жазган соң Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, жыйынтыгында 24-май күнү бул кылмышка шектелип 43 жаштагы З.К. аттуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Т.К. аттуу Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы К.А. аттуу Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылынын тургуну кармалган. Бул факт боюнча Майлуу-Суу ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Коомчулуктун талкуусуна калгысы келбеген жабырлануучу аял ооруканадан качып кеткен.

СОТ КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ТАПТЫ

Бул кылмыш ишин караган Майлуу-Суу шаардык соту 25-сентябрда кылмышка шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Анын негизинде, 43 жаштагы З.К. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган зордуктоо), 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) жана 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, жалпы 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал эми 22 жаштагы Т.К. менен 36 жаштагы К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Үчөө тең жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагында өтөмөкчү.

Нурбек Абдыкадыров

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(27)
24.10.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Сот не деген сот. Ушундайда соттойбу аз го мыкачыларга
24.10.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Эч куноосу далилденбеген адамдар 11,8 жылга кеттиго, буларга неге аз берилген?
24.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
ХХХХ Ошондо Насилие жок болот!!!8 жыл 11 жыл,Бул айбандарды окмот багып!
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 10:42:32
24.10.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыйратыпсынар!!!
24.10.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өлүм жазасын киргизиш керек
24.10.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
САДЫРГА 11жыл дедиго бул ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 14:34:02
24.10.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Атуу окумун киргизиш керек, эркектер азыраак ичип бирдемени кылаарда ойлонуп чатына бекем кыса турган болот,бироону зордуктабай, баары жинди суудан деп башын мыкчыбай ичимдик да ичилбей калат кудай жалгап,акмактарды болбосо багып жатпай,адамча жашай алса умтулат жашаганы болбосо туз тезирак Кудайдын сотуна жонотуп жибериш керек,турмодон чыгып эле ошолор абат адам болобу эми???!
24.10.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жашабагырлар, зоокур, акмактар эки дуйнодо тен азап тартышсын
24.10.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакында угуп калдым эле. 36жаштагы Т.К га сотко 500 мин предлогат этиптир деп. Балким ошол себеп аз бергендир.
24.10.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олум жазасына тартыш керек
25.10.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тигил жака киргенден кийин кыйын болот
25.10.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы убакта ушуга окшогон окуялар коп болуп жатат... Адамдар оздору ойлонбойбу жырткыч болуп баратканын!
25.10.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аял дагы кызык экенго тообо тааныбаган уч эркек менен жол журуп.тиги 22жаштагысына эмне жок эми?
25.10.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сотко ХХХ ХХХ кийинки кылмышкерлерге сабак болот эле!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-25 12:58:22
25.10.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pero123,
Провокация жараткан билдирүү жазууга тыюу салынат! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
25.10.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атуу чечимин чыгарып койсо башкаларга да сабак болот беле
25.10.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш аял оюнда жаман нерсеси жок эле машинага отурган да мындай болуп кетээрин кайдан билсин
29.10.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paol
Эртераак кетип калайын деген ойдо
26.10.2017. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан олкосундо ушундай окуялар коп болуп жатат,буга себеп жинди суу эле эмес башка себептер да бар
26.10.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмодон зордуктоо мн тушкондорду аябая кыйнайт дешет, ошол жактан окунушоор.
27.10.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец жок дегенде соттолуптур. Жоок кечиресиз биз сизди адашып кармап алыптырбыз кечирип койун сиз аксыз десе эмне кыла алмак!Азыркы соттор только жейим деп келет и только жейт
27.10.2017. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mederbek1992,бул окуя интернет Жана газетага чыккан учун гана соттошсо керек.болбосо 500минди алып.кайдан кордум кара эшек.жолдон кордум жоор эшек дешмек беле.айтоор Ким билет.акчан болсо танка сын.болбосо бир манкасын.деген заманда.
27.10.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
cfif03748, макалдарды чачас го)
27.10.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты жонун суротун кошо чыгарсанар кылмышкерди жашырбай
29.10.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялды алар батирине уктатып алып которуп киришиптирби?Майлы-Сууда же эл жашабайбы?Машинадан тушуп батирге киргенче алдынан бир дагы адам жоолукпаганына кумонум бар.Жакшы бир кучунду жыйнап бир кыйкырсан Майлы-Суу шаарынын жарымына чейин угулат болуш керек жок дегенде.Озундо дагы куноо барбы деген ой келди.
30.10.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз дейсинер. Ал жакта булар үчүн ар бир күн азаптуу өтөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо