Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИШЕНЧЭЭК АСЕЛ КАНТИП ИНСТАГРАМ ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНДЫ?

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасына кирсең эле эки жаат болуп урушкан күйөрмандар. Бири аны мактап, суктанып бүтпөсө, экинчиси тырмагына чейин асылып, сындайт. Алтындай убактысын бөлүп Аселди талкуулап жатышса, демек, ырчы айымдын жашоосу көпчүлүккө кызык. Инстаграм жылдызы Асел бул сандын апта каарманы.

«КАНЧА УБАКЫТКА ЧЕЙИН ЫРДАЙМ, АЙТА АЛБАЙМ»

Асел назик болгону менен, абдан өжөр, тырышчаак. Учурда сыналгыны койсоң таң эрте телеалпаруучулук өнөрүнө күбө болосуң. Радиону жандырсаң ди-джей, ырчы, айтор, спортчу катары эле көрө элекпиз, ал көп жаатта өзүн сынап келе жатат. Бирок мунун баары убактылуу дейт каарман.
-Мен 16 жашымдан бери шоу чөйрөдөмүн. Чыгармачылыкка жаңы киришкенимде көп нерсени түшүнө берчү эмесмин. Жадакалса ырчы кылам деген адамга ишенип 2000 доллар берип, же жыйынтык жок, же акча жок алданып калган күндөрүм болгон. Кумурскадай тынбай эмгектенип отуруп үзүрүн эми көрүп жатам. Албетте, мага туура жол көрсөткөн инсандар да көп болду. Жакында эле бир таанышым айтты, «сени ушундай деңгээлге жетет деп ойлогон эмесмин» деп. Эгер бирөөгө ор казбай, өз алдыңча талбай эмгектене берсең ийгиликке сөзсүз жетишет экенсиң.
Бирок бардык нерсе убактылуу. Азыр биз элге кызыктуубуз, ырларыбызды угуп жатышат. Ошондуктан качанкыга чейин чыгармачылыгымды улантам, айта албайм.

«ОПЕРАЦИЯДАН ЧЫКПАЙ КАЛАТ ДЕШКЕН»

Мурдагы уялчаак, тартынып сүйлөгөн Асел азыр таптакыр өзгөргөн. «Апамдын ооруганы мага чоң сабак болду. Энеге, мырзаларга, деги эле адамзатка мамилем өзгөрдү. Көп нерсени баалаганды үйрөндүм» дейт.
-Ушул жашка келип абдан ызаланып ыйлаганым апам ооруганда болду. Апам операцияга кирип баратканда дарыгерлер«чыкпай калышы мүмкүн, баарына даяр болушуңар керек»деген эле. Ошол күндөр көп нерсеге менин көзүмдү ачты, чоңойтту. Мага апам дайым жаш, энергиясы ашып-ташкан аял сезилчү. Жандандыруу бөлүмүндө жатканда апамдын колун кармап, биринчи жолу колуна бырыш түшкөнүн байкадым. Ошондон кийин апам урушса да «баары бир мен сизди жакшы көрөм» десем, урушканын унутуп күлүп калат.

«ШОПОГОЛИК БОЛУП БАРАТАМ»

Асел учурда Инстаграмдагы популярдуу айымдардын баш сабында, 544 миңден ашуун окурманы бар. Баракчасында дайыма сулуу, позитивдүү сүрөттөрү менен бөлүшкөн Аселдин көшөгө артында жашоосу кандай, ошого да токтолду.
-Статистика боюнча бир жумада менин баракчама окурмандарымдан тышкары 3 миллиондон 6 миллионго чейин адам кирет. Алардын басымдуу бөлүгү 18-30 жаштагылар. Байкасаңыздар, мен жумушума тиешелүү нерселерди гана баракчама киргизем. Эс алып жүргөн кездеги сүрөттөрүм аз. Албетте, пенде болгондон кийин баары көңүлдөгүдөй боло бербейт. Бизде деле кыйынчылыктар, оор учурлар болот. Андай абалды элге чыгарбаганга, өзүм депрессияга көп кабылбаганга аракет жасайм. Мен үчүн эң жакшы нерсе бул жумуш. Жиним келгенде үйдү жыйнап, тамак жасап, үй иштери менен алек болом же ыр жаздырып, клип тарттырып же шопинг кылып алаксыйм.
Шопинг демекчи, кечээ күнү эле байкадым. Башым катуу ооруп турса соода кылып, жакшы кийим алып же өзүмө жарашыктуу образ түзүп алсам кадимкидей жазыла түшөт экен. Ошентип акырындап шопоголик боло баштадым (күлүп). Инстаграмда жарнамалык негизде иштешкендиктен кээде жумасына бир жолу кийим алып, аны жарнамалоого туура келет. Негизи өзүм сезон сайын жаңы кийимдерди алып гардеробумду жаңыртып турганды жакшы көрөм.

«МЫРЗАЛАРДЫН СЫРТКЫ КЕЛБЕТИНЕ КӨҢҮЛ БУРБАЙМ»

Бойдок кыздын жеке жашоосу мырзаларга эле эмес, кыздарга да дайым кызык. Андыктан жеке фронтто абал кандай экенин билели.
-Чоңойгон сайын жашоонун кээ бир бөлүгүн сыр катып жүргөн туура экенин түшүнөт экенсиң. Ошондуктан жеке жашоом тууралуу көп айткым келбей калды. Азыр жүрөгүм бош.
Мырзалардын сырткы келбетине өтө көңүл бурбайм. Жылдыздуу болгону жетиштүү. Мага эң башкысы жан дүйнөсү таза, жашоого көз карашы түз болсо. "Кудайдан эмнени тилесең ошону берет" дешет. Болочоктогу жолдошум мени бактылуу кылат деп ишенем.

"Апам ооруп калганда гана адамды баалаганды үйрөндүм".


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Асел Кадырбекова: “Азыркы учурда жүрөгүм бош”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(52)
24.10.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Абдан сулуу аракетчил айым. Айтор Кудай келбетти аябай берген. Бактылуу болунуз!
24.10.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Асель, суперсин. Татынакай, жонокой, Сулуу, акылдуу. Нурлан менен табышып эле калсанар экен.
24.10.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Biinura,коойчу нурланды.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 12:35:53
28.10.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batma08,кызгандынбы
24.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баа жеткиз жалгыз апаларыбыз оорубасынчы.Толготуп коз жарып тун уйкун бузулуп балалуу болгондо дагы коп тушунуп сыйлап каласын го эненди корбой калсан сагынып дегендей.Апаларыбыздын омуру узун болсун кайгыртпайлы энелерибизди.Энебиз бар кандай бактылуубуз биз.Козу барда сыйлай журолу мен апамды чексиз суйом...
24.10.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эстуу кыз экен, аман бол. апана ден соолук каалайбыз. бактылуу бол! Апаларыбыз эч качан оорубасын!
24.10.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын инстадагы подписчигин болом позитивная стильная аявай приятная кыз жаман жолдон алыс бол эмгектене бер созсуз акыбети кайтат негатив жазгандарга ыйман берсин сен чокпо асялим
24.10.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграмдагы подписчиктери м-н мактангандарын койбодуда ушулар. Как будто ошолор казанына аш салып,кардын тойгузуп аткансып. Же булар подписчиктерин тойгозуп аткансып, без толк нерселерге мактанганы мактанган Анжела баш болгон тооз куштар.))Тооз эмей эмне, сырты жалтырак, үндөрү өлүп калган.
30.10.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shahrizaada,Инстаграмдан акча иштейт.
24.10.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
КОММЕНТАРИЙДИН башында 1эле мактап койсо мактап жатып каласынар 1эле башында жамандап жазып койсо жаманга чыгарып саласынар силерге тушунбой калдым,Сайкалга Аселди тенебегиле Асел Сайкалга жеткиче али 10.20жыл ХХХ...
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 15:18:38
24.10.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Семирип кетиптирго
24.10.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец акылдуу сулуу кыз
24.10.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оказывается Нурлан экөө бүтүптүрда э))(
24.10.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Асель Нурлан сага тен эмес. Гулдон гулго конуп журо берсин. Дайыма сени ынгайсыздыка калтырып интервью берет. Баары жакшы болот, ашыкча эч ким менен суйлошпой, турмушка чыгып бактылуу бол. Аракетчилсин ушунундан жазба.
24.10.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NIkalike,эн туура!!!
24.10.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
NIkalike,кошулам. Нурлан Аселди барктап, сыйлай албайт. Нурлан татыксыз.
24.10.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел назик арык бирок жузундо ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-25 12:04:39
SUPER.KG видео
25.10.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асель Нурлан менен табышкандан бери,копчулук кыздар Асельге душман болуп алды. Сени сыйлаган,козунду караган эле мырзага турмушка чык. Бирок,Нурландын артынан копчулук элге таанылып калды.
Медиа-портал
25.10.2017. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантсе да бактылуу бол ылайым! Татынакай кыз кимге турмушка чыксан да сени баалай билсин! Жонокой, назик кыз аракетчил.
25.10.2017. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу боорукер Асел эже бар болунуз
25.10.2017. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Быйылкы жылдын эсебинен Асел Самара Анжелика Айчурок ото коп тажатышты эле Эми жакында Сайкал тажатат болуш керек
25.10.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Семирип адам кебете болуп калды ,мурда башка планеталар келгендей эле !
26.10.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кыз мага абдан жагат эми заара ушаткан жерин коруш керек экен жерди ойуп чопту саргарта койсо уйлоном сага
26.10.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurizaumar,балтыры кучтуу эмес все равно
26.10.2017. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваще обу жок оозун чоюп суйлойт деп ойлочумун негедир ырларын угуп.Сонун эле суйлойт экенго
26.10.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каап Нурлан мн эмне болдунар ииий ичим ачышып тутоп баратам деги экооно эмне болду.(((((
26.10.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Аселька. Красавица!!! Аракетин кучтуу кызын.
26.10.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жакшы жарды насип кылсын
27.10.2017. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,жакшы инсанга жолугуп бактылуу бол
27.10.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактагандарга +,жамандагандарга -,билбейм жагат ушул кыз уну болбосода,озун алып журушу,кийингени озуно жарашат.
SUPER.KG видео
27.10.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан экоо бирине бири баш ийгиси келбей атат окшойт.Нурландын бкл кызда конулу жктой.
28.10.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үнү барбы жокпу бизге эмне?Башкысы эч кимге зыянын тийгизбей тиричилигин кылып атат.Жакпаса укпай,көрбөй койгула.
28.10.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырдап кийинип керилип журо бербей эртерек куйоого тийип балалуу болуп алсан жакшы болот эле
30.10.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел сенин журогундо мына биз барбыз , сени жакшы коруп ырларынды уккандар деле коп )))
01.11.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
беттеги косметика бир тоннаго,анан качатта Нурлан))
Медиа-портал
24.11.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо