Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАРДЫН ТОЙДОГУ БААСЫ КАНЧА?

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Күздүн келиши менен тойлордун сезону башталып, ырчылар элдин жакшылыгында кызмат кылып капчыгын кампайтышат эмеспи. Той бизнесин мыкты өздөштүргөн ырчылар социалдык тармактагы баракчаларына тойдо ырдаган видеолорун тынымсыз жүктөп кардарлардын көзүнө түшүүгө аракет кылышат. Учурда тойго эң көп чакырылган ырчылар кимдер? Алардын ставкасы канча? Бүгүн биз аталган теманын тегерегинде иликтөө жүргүзүп, кадимки кардардын ролун аткарып ырчылар менен бир сыйра соодалашып көрдүк.

АЙГЕРИМ, САМАРА, НУРЛАНДЫ ТОЙГО 400 ДОЛЛАРГА ЧАКЫРАСЫЗ

Ырлары менен тойдун көркүн ачып, келген коноктордун маанайын шаңга бөлөгөн ырчылар Айгерим Расул кызы, Самара Каримова, Нурлан Насиптин тойдогу ставкалары бирдей экен. Айырмасы, Айгерим менен Самара Ош шаарындагы тойлорду калтырбай «тытып» жүрүшсө, Нурлан Насип Бишкектеги тойлордон тартып, аймактарды, Казакстан, Орусиядан бери кыдырып колу бошобой жүрөт. Айгерим жеке баракчасына «быйыл тойго чакыруулар көп, бир күндө 5-6 тойго жетишип жатам. Жетишпей калган 500 доллардык тойлорумду башка кесиптештериме берип жатам»деп мактаныч аралаш айтып алганына караганда бул ырчы бир күндө 5 тойго барса, күнүнө 2 миң доллардан ашуун акча табат. Пай-пай, ырчы болбой калганыңызга өкүнүп кеттиңизби, окурман?
Ырчылардын ставкасы жашаган аймагына жараша да болот. Эгер Ошто жашаган ырчыны Бишкекке же башка аймакка чакырам десеңиз кымбатыраак, ал эми Бишкекте жашаган ырчыларды башка аймактарга чакырыш үчүн бир топ капчыкты жукартыш керек болот. Нурлан Насип Ошко 1000 долларга, ал эми Айгерим Бишкекке 800 долларга келем десе, Самара 700 долларга ырдап берем дейт.

300 ДОЛЛАРГА КИМДЕРДИ ЧАКЫРСАҢЫЗ БОЛОТ?

Анжелика, Кайрат Примбердиев, Динара Акулова, «Кеңеш» тобу Бишкек шаарындагы тоюңузга 300 долларга ырдап беришет. Ошко Анжелика менен Кайрат 900 доллар, ал эми Динара эжекебиз 500, «Кеңеш» тобу 600 долларга барууга даяр. Кайрат «алыскы жерге тойго чакырган соңбул суммага бир антракт тынбай ырдап бере алам»дейт. Жакшылап «соодалашып» баасын түшүрсөңүз деле болчудай, ал сиздин сүйлөшө билүү жөндөмдүүлүгүңүздөн көз каранды.

200 ДОЛЛАРГА ЫРДАЙМ ДЕГЕН ЫРЧЫЛАР

Тойлорго көп чакырылган ырчылардын катарын Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Нурмат Садыров, Ильяз Абдыразаков, Роза Шакирова, Урмат менен Неля, Гүлзат Байзакова, Айчүрөк Иманалиева да толукташат. Бул ырчыларды тоюңуздан көргүңүз келсе, 200 доллар камдай бериңиз. Ал эми аймактарга 500дөн 1000 долларга чейин барышат. «Жар-жар» ырдоо, кыз узатуу, тушоо кесүү тойлоруна тематикалык ыр сунуп күндүн күнөөкөрүн элге алып кирүү кызматын колдонсоңуз, болгону 1000-2000 сомго кымбатыраак болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк ырчылар мындай кошумча кызматтар негизги ставканын ичине кирерин айтышты.

100 ДОЛЛАРДЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ ЖЕ СОМ МЕНЕН ЭСЕПТЕШКЕН ЫРЧЫЛАР

Ош шаарында той көп болот эмеспи. Ошол аймакта жашаган ырчылар Бегимай Карабаева «Жар-жар» менен кошо 3 ырды 8 миң сомго, Жумагүл Раимжан кызы 10 миң сомго ырдайбыз дешет. Ал эми Курал Чокоев Бишкекте 10 миң сомго, Ильяз Андаш 8 миң сомго ырдап берем дейт.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(63)
24.10.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ильяз Абдразаков ,Роза Шакировага окшогондор алдынкы сапта болсо тангалмак эмесмин,Айгеримге караганда 100 эсе жогору.
24.10.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Насип,Айгерим,Анжелика бекер келип ырдап берем десе да чакырбайт болчумун,ушуларды уккандардын вкусуна таң калам,жалтыр жултур,үн деген жок,ырлары аман эле болсун.1000 долларга фольклор ырчылардан жандуу комуз менен 5 ырчы келип ырдап беришет-Аалы,Элмирбек,Токтобек Асаналиев,Мээрим Карыпова,Дилшат Кангелдиева жана башкалар. Бийлей турган дүңкүлдөк музыканы магнитофондон эле угуп бийлесе болот
24.10.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгеримди тойго чакырсак 21 мин сом дейт,жакшылап суйлошсон 18000 болот экен.
24.10.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калп эле асмандын башын айта беришпейби,көп эле той бердим Бишкекте 3 ыр ырдап берем 100 доллар дешет баары эле.
29.10.2017. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86,ошону айтсан белгилуу эле ырчылар аттарын айтпай эле коёйун..200 долларга тобу менен ырдап 6 ырчы конок болуп столдун устун тазалап пакетке салып кетишти,оозубузду ошту каратып эле отуруп калдык..Салкын жай ресторанында...жон эле ачка калышкандай.,оозун чойуп мактанышса ушулар мактансын..
24.10.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Той берип жаткан адамдарда кызык олушунорду ойлогула олум айтып келбейт,Сооп топтогула наркы дуйного,ырдоо бийлоо шайтандын иши,Андан коро ошол акчаны жетишпей жаткан оорукчан акчага муктаждарга берсен канча соопко каласынар?
24.10.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Гулжигит Сатыбеков корунбойт го ошол чыныгы элдин тойдун ырчысы десе болот
24.10.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоо эле ушу ырчылардыкы
24.10.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Газетага $$$ болуп калышат.5-7 ырды максимум 5000сомго ырдашат.Биз канча той бердик.Калп эле 500-1000$дейберишет
24.10.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин жашоосу жакшырган сайын ырчылардын ставкасы которулот озубуз куноолубуз рисовка кылып акча кетсе кетсин деп эл козуно чакыра беребиз ырчыларды жакпасада.
24.10.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Не кыласынар тоюнарга чакырып фонограмма укпай журосунорбу ошолорго берген акчанарды эки жашка бир буюм квартира алганга жардам бергиле!оолугушуп той кылат да анан 2айдан кийин Россияга иштеткени жонотот кредит толоткону.эмне кереги бар!!!
24.10.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жон эле мактанышпасын 3000сомдон 5000сомго чейин эле ырдап журушот. Булардын ставкасын жакшы билет эл. Калп эле куз той башталды деп бааларын которумуш этип оздорун жарнамалашпасын.
24.10.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимай Карабаева жар-жарды 3000минге ырдап кеткен менин байкемдин тоюна келип. Бегимайдын голосу наркылардан калышпайт.
24.10.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
укмуш болуп кетишкен го,КРнын ырчылары,расул кызы анча акчага кайсы ырын ырдайт,тан калыштуу,потолокту тээп алышыптыр го,асмандан акча жаабаткансып
24.10.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо, бул ырчылар менен кантеп байланышабыз эми? Мага Дина Акулова керек болуп атат жар-жар ырдатканы. Жаштарга караганда улуу муундагы эжеге ырдаткым келди.
25.10.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим Расул кызы менен Самара Каримова биринчи сапка чыгып алышыптыр го уялбай?Экоо тен калп айткан жокпу,мен билгенден бийчи кыздары менен 20000 сомго келишет экоо тен жакшыраак суйлошсо 18000 сомго.
25.10.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчылар патент алышты бекен? Салык кызматкерлери, кулагыңарга күмүш сырга. Болгон маалыматты бияктан алсаңар болот.Эл катары булар да патент алып, салык төлөшсүн.
25.10.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча табыштын оной жолу. Зеериксен ырчы бол
25.10.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калп эле айтышып коюптур. 1000$ берип чакырбай эле,бир жака барып эс алып келген жакшы.
25.10.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип барып той кылып акчасын баарын чачып алып анан кайра Москвага кетишет иштеп келебиз деп
25.10.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар байыбай ким байыйт?Тапкандары нак болуп жатса
25.10.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозум ачылды мынча кымбат тиги Самараны былтыр чакырсак жар жар эле айтам 10мин деген ыр кошуп десенер 20мин деген
26.10.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самаранын кыз узатуусу эле бар тойго ылайык. Анан ар кимдин ырларын 400долларга ырдаса укмуш кыйын экенго эжекебиз.
26.10.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчам болгондо, акчанын козун карабай 20мин $болсо дагы Женифер Лопес,Бейонсе, Рианналарды алып келип бийлетип ырдатмакмын. Ырдаганга жараша вокалы зверь фонограммасызле баары жокту айрып салчу ырчылар ырдаса.Фонограмманы очурсо ала була бет мн эле жалтур жултур койнок калат бул жасалмалардан.Ырлары бир маанилуу болсо макул. Жар Жар ортодо кок боруго ташталган улактай эле болуп кетти окшойт.Динара Акулова эжеден отоору жок. Сап башындагыларды окуп кулдум, уят болбосо айла жок экен
27.10.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эле бааларын которо беришиптир баары эле 5000 сомго 3 ыр ырдайт мен чакыргам 5000 эле бергем.
27.10.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, бул жака оздорун укмуш эле баалашыптырго .... Эжем Алтын казына ресторанына той бергенде Гулжигит Калыков келип 5000 сомго 3 ыр ырдап берип кеткен.
27.10.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5000 эле дегиле?))
Бееееш минге 3 эле ыр ырдап коп болсо 3 ырга 18 минута кетет. 18 минутта 5000 сом кымбат!
Кандай кайф аласынар алардын фонограммасынан???
Мен уйлонсом айылдагы эле апаларды ырдатам,бекер эле той арасында кайра сонун болот живой звук
28.10.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апеей тим эле беттерин тытып салдынарго булардын
29.10.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эле кымбатго
29.10.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчыларга ушунча берип,анан туболук жашоого никесин кыйган молдого 500сом берсем коп болбойбу деп сурап коюшат.
04.11.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле Айчурок Иманалиева ырдаган,элде кулагына синдирип койгон жар-Жарды ырдашат.Анжеликанын жар жарды ырдап акча таап,анан тийишип койгонуна тан калам да кыйынсынганына((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо