Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАБАНОВ ЧҮЙ ОБЛУСУНДА КАНАТБЕК ИСАЕВДИН АБРОЮНАН УЛАМ ЖЕҢДИ

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Шайлоодо бийликтин талапкеринин жеңишин камсыздоо максатында мамлекеттик машина катуу иштеди. Ал үчүн бир жыл мурун эле ыңгайсыздарды тазалоо, соттоо сыяктуу иштер башталып, шайлоо активдүү атаандаштарга күмөндүү кылмыш ишин ачуу, УКМКнын тергөө абагына камоолор менен коштолду. Мураскердин негизги атаандашы Өмүрбек Бабановго Чүй жана Токмок аймактарынан шайлоодогу үгүт иштерин жүргүзүүгө «Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев киришкен. Канатбек Исаев 2010-жылдардан берки Жогорку, Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо Чүй жана Токмок аймактарында алдыңкы орунду камсыз кылып келгени белгилүү. Ал бийликтин бардык аракетин дагы да болсо басып өтүп, жеңүүчү добушун алып келди. Мына ушундан чочулоо менен Канатбек Исаев шайлоого чейин эле күч органдары тарабынан күмөндүү видеожазуунун, аудиожазуулардын шылтоосунда камакка алынды. Ага карабай Канатбек Исаев өз жоопкерчилигине алган Чүй жана Токмок аймактарында Өмүрбек Бабановго 52 пайыз добуш камсыздап, ал эми бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков 34 пайыз, Чүйдүн кулуну Темир Сариев 2 пайыздык добуштарга ээ болду.
Канатбек Исаевди «мамлекетте баш аламандык, төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деп өзүнүн шайлоо иштерине иштеген адамдарга акча берип жаткан учурду түшүнүксүз видеого тартып алуу менен «далил» деп камакка алышты. Канатбек Исаевдин ишин ачык иликтейли деген жактоочулардын өтүнүчүн тергөөчүлөр канааттандырышкан жок. Ал видеодо деле эң негизгиси Канатбек Исаевдин оозунан баш аламандык, төңкөрүш уюштурабыз деген сөздөр дегеле чыккан эмес жана мындай аракеттерди жасоого бир дагы аракет кылган эмес. Көпчүлүк бул кылмыш ишин шайлоодо бийликти сактап калуу аракетинин натыйжасы катары кабылдоодо. Канатбек Исаев бийлик үчүн жантыгынан жата кала турган мырзалардан эмес. Эгер бийлигин сактап калган болсо, элдин чыдамын кетирбей элдик депутатты эркиндикке чыгарышат деп күтөлү.


Аман Алиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
24.10.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар Супер-Инфо ардайым эл менен болуп журо бергиле Рахмат!
24.10.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Бабанов президент болотбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо