Бегиш, Баястан: «ЖӨНСҮЗ СЫНДАРГА МААНИ БЕРСЕК, ЧАЧЫБЫЗ АГАРЫП КЕТМЕК»

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Заманбап рэперлер дегенде кары-жашы дебей баары бир ооздон Бегиш менен Баястан деп үн катышат. Улуунун да, кичүүнүн да сүймөнчүгү болгон рэперлер
SUPER.KG`нин түз эфиринин кезектеги меймандары болушту.

– Баястан, Бегиш, салам.Ырларды кантип тандайсыңар? Ал үчүн интуиция күчтүү болуш керекпи?
Бегиш:
– Жагымдуу музыка болсо сөздөр, обондор жарала берет. Хит чыгарма үчүн биринчи орунда музыка маанилүү.

– «Заманбап» лейбли качан түптөлдү, негиздөөчүсү ким, анын логотиби кимдин идеясы?
Бегиш:
– «Заманбап» лейблин клипмейкер Мирлан Саткымбаев 2013-жылы негиздеген. Ал эми логотиби дизайнер Эркин Кыштообаевдин идеясы. «Заманбап» логотиби түшүрүлгөн аксессуарларды саткан дүкөн жана барбершоп бар. Акырындык менен кийим дүкөнүн ачабыз деген ниеттебиз.

– Күйөрмандарыңар силерди дайыма адаштырып алышат. Азыр Баястан толуп өзгөрүү болгондон кийин айырмалап калышса керек?
Баястан:
– Азыр деле айырмалай албаган күйөрмандарыбыз бар.

– Бегиш, сен криминалист адистиги боюнча билим алгансың, азыр ошол кесипти аркалаганга аракет кылып жатасыңбы?
Бегиш:
– Ооба. Адистигим боюнча иштеп көрдүм. Бирок иштей албай койдум. Себеби менин мүнөзүм аябай жумшак, анан дагы боорукер экенмин. Адамдарга орой мамиле кылып, катуу сүйлөөгө дитим барбайт экен.

– Бегиш, сүйлөшкөн кызыңыз эмне менен алектенет? Баястандын сүйүктүүсү бийчи экен. Анан тоюңуздар качан болот?
Бегиш:
– Сүйлөшкөн кызым кесиби боюнча юрист. Ал эми үйлөнүү боюнча айтсам, Баястан экөөбүз бир мезгилде үйлөнөлү деп жатабыз. Кийин балдарыбыз чогуу чоңоюп, бир футбол командасын түзсүн деген ойлорубуз бар. Буюрса, той бир жылдан кийин болот.

– «Кыргыз тили рэп айтууга ыңгайсыз» деп сын айткандар бар. Силердин көз карашыңар кандай?
Бегиш:
– Туура. Чындап эле ыңгайсыз. Бирок кыргыз тилинде рэп айтуу менен рэперлер көтөрүлүп келе жатат. Мурдагыга караганда бир топ деңгээлге көтөрүлдү.

– «Бийикте бол» чыгармасы алыста жүргөн кыргыз жарандарын жашытты. Ошол мигранттар тууралуу да чыгарма жаратпайсыңарбы.
Бегиш: –
Чыгарма жаратуу үчүн темалар абдан көп. Алыста жүргөн мекендештерге арнап чыгарма жаратабыз. Бирок мекендештерибиз өз жерине, элине кайтып келишин гана каалайбыз.

– Менин суроом Баястанга. Сен келечектеги кыргыз медицинасына кызмат кыла турган инсансың да, эфирден Гиппократтын антын айтып берчи.
Баястан:
– Рахмат. Кыргыз медицинасына кызмат кыла турган инсандардын биримин. Ал эми дарыгерлер бере турган антты окуу жайды аяктап жатканда жатташат. Кудай буюрса, диплом алып жатканда ант беребиз.

– Жигиттер, обондуу ырларды ырдай аласыңарбы?
Бегиш:
– Биздин чыгармаларыбыздын арасында «Акыркы кат», «Эсимде» өңдүү обондуу ырларыбыз бар. Демек, ырдай алабыз. Ал эми обондуу ырларды ырдаган ырчылар рэп айта алышпайт. Мен кепилдик берем.

– «Тойлорго барып кызмат көрсөтүп калабыз» дейсиңер. Тойдон баштык көтөрүп келесиңерби?
Баястан:
– Ар кандай учурлар болот. Жакын досторубуздун чакыруусу боюнча барганда бизге кешик деп баштык карматышты. Бул көрүнүштү салт деп түшүнөбүз. Ал эми тааныбагандардыкына барып калсак албайбыз.

– Акыркы учурда, Баястан, булчуңдарың чыгып, чымыр денелүү болуп калдың. Протеин ичтиңби?
Баястан:
– Ачыгын айтайын, протеин ичтим, жардам берет экен. Бирок аны жөн эле ичип койгондон толуп кетпейсиң. Ал үчүн машыгуу жана туура тамактануу керек. Ошондо гана натыйжа берет.

– Силерге жөндүү, жөнсүз да сындар айтылат. Аларды кандай кабыл аласыңар? Кандай сындар катуу тийди эле?
Бегиш:
– Сын-пикир көп болот. Туура кабыл алганга аракет кылабыз. Жөнсүз пикирлерге көңүл бурбайбыз. Анын баарына маани берсек чачыбыз агарып кетмек. Сокку болгон сын бизди чет элдик рэперлерге салыштырып, «булардын чыгармаларын эмнеге угасыңар?» дегендер болгон. Аябай жаман сөздөр менен билдирүү калтырган болчу. Менимче, кыргыз тили үчүн аз болсо да салым кошуп жатабыз. Ошондуктан башка тилдеги рэпке салыштыруу туура эмес.

– Бегиш, сенин мүнөзүңдү чорт, жакпай калса басып кетет деп угам. Анан дагы талапты катуу коёт экенсиң. Өзүң ошондой талаптарга жооп бересиңби?
Бегиш:
– Мүнөзүм жумшак болгону менен, кечиримдүү эмесмин. Сүйүүгө, достукка, айтор, бардык нерсеге өзүнчө талаптарым бар жана ошол эле талаптарга өзүм жооп бере алам.

– Бегиш, сүйлөшкөн кызың Гүлзари Рахат Божокоеванын жакын курбусу экен. Эмнеге Рахатты тандаган жоксуң?
Бегиш:
– Гүлзари менин кыздарга койгон талаптарыма жооп берген, тарбиялуу кыз. Ата-энесине, досторуна, кесиптештерине жасаган сый мамилесин баалайм. Анан дагы ашкана сырларын мыкты билет. Таттуу тамактарды катыра жасайт. Ал эми Рахат Божокоева анын курбусу, ал турмуш жолуна аттанып жатат.

– Баястан, Зульфия экөөңөр бири-бириңерге куп жарашкансыңар. Сүйүшкөн адамдардын ортосунда кызганыч болот. Кызганычтын айынан таарынып, тартыша кеткен күнүңөр болобу?
Баястан:
– Албетте, кызганган сайын сүйүү курчуйт. Сүйлөшкөнүбүзгө жарым жылдын жүзү болду. Бул убакыт аралыгында таарынышып, тартыша элекпиз. Ал бийчи болгондугуна байланыштуу гастролго көп чыгат, жигит менен бийлеген учурларда кызганам.

– Жашооңордогу өкүнүчүңөр жана ийгилигиңер эмне?
Бегиш:
– Футболду таштап койгонума өкүнөм. Ийгилигим – күйөрман топтоп, оюмду рэп аркылуу жеткиргеним.
Баястан: – Башталгыч класста окуп жүргөндө фортепиано ийримине барып жүрүп 4 жылдан кийин таштап койгонума өкүнөм. Ийгилигим – жаштардын патриоттук сезимин ойготуп жатканым.

– Баястан, Аяна Касымова менен эмнеге сүйлөшпөй калдыңыз?
– Ошондой болуп калды. Бирок ортобузда сый мамиле калды.

– Апаңар силерге жашоо белек кылды. Силер аларга кандай белек кылдыңар?
Баястан:
– Мүмкүн болсо жашоонун баарын арноо керек. Биздин туура жолдо жүргөнүбүздүн өзү белек болот деп ойлойм.

"Алмашылбайт гүлгө, теңейм аны күнгө, менин жаным, менин баарым Гүлзари".
"Зулфия экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл болду. Буюрса, баш кошобуз деген максатыбыз бар".


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Бегиш менен Баястан: "Сулуу кыздарды көргөндө "теке" экен деп коёбуз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
24.10.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Репти бир айныган адам айтпаса эле
24.10.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жонсуз эмес жондуу эле сындар. Калк айтса калп айтпайт.
24.10.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турмуштан ордунардыы тааап,алган жубайынарды бактылуу кылгылааа.ИЙГИЛИК.
24.10.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйлошкон кызы текего
24.10.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлошконунорду,суйгонунорду элге мактанып алып чыга бербегилечи. Артистер туруксуз экенинерди баары билет. Бугун муну мн жетелешип,эртен аны мн кетесинер. Элге мактанбай суйушо бергиле нары. Аяна мн суйушуп журуп таштап койдунар. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 14:33:29
24.10.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздарынарды айтпай турсанар болмок бир айдан кийин эмне болот билбейсинер да келише албай калдык деп чыгасынар
24.10.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чын тойго бир ай калганда айтса ишенет элем бир жыл бар дейт али
24.10.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушулардын репи башталганда куйоом согуно баштайт пулть кана деп
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 16:49:01
24.10.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Башка жумуш кылгылачы...жалтырактары эле иренжитет
24.10.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодцы! Чыгармачылынарга ийигилик.
Реп айтканынарда соонун!кийинуу стилинерда мыкты! Силердей боло албаган канча эркек бар. Тв га чыкмак тугул тв нын жанында жатып алып пультка ээ боло албаган.
25.10.2017. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ушулар молодцы. Бирок экоону айырмалай албайм да.
25.10.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец болгонун болондой ачык интервью беришитир.Бактылуу болгула!
26.10.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна жакшына го Зульфияңан. Анын фигурасы Волочкова фигуракен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо