КЫРГЫЗДАР КЫЗДЫ ЗААРАСЫНА ЖАНА БАЛТЫРЫНА КАРАП СЫНАШКАНБЫ?

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.


Үй-бүлө курар алдында ата-эненин биринчи суроосу эле «ал деги тектүү жердин баласы бекен?» деген суроо. Тек деген эмне? Кыргыздар аны кантип сүрүштүргөн? Учурда кантип текти сүрүштүрүү керек? Бул тууралуу филолог, тилчи Бурулсун Бабашева айтып берет.

«МЫКТЫ ТУКУМ АЛУУ ҮЧҮН КАН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК»

– Кыргыздар эмнеге текти сүрүштүргөн? Анткени ата-бабаларыбыз жети ата өтмөйүнчө кыз алып, кыз беришчү эмес. Төрөлө турган тукумдун ден соолугу чың, мыкты, баатыр чыгышы үчүн да бул маанилүү болгон. Анткени балада ата-бабасындагы сапаттар кездешет. Тоодо, көчтө жүрүп төрөгөн энелер да бышык болушу керек жана жоокерчилик кезде балдарынын тың чыкма болушу максатка ылайык келген. Кыргыздар аз сандагы калк болгондуктан, сураштыра келсе эле тууган чыгып калчу же үч ата өтүшкөн болсо балдарынын ден соолугу начар, же майып төрөлүп калбашынын алдын алуу үчүн текти жакшы изилдешкен. Ал кан алмаштыруу далалаты болгон.
Экинчиден, «Атасы жаман анда-санда оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт» деген кеп бар. Бул энесинин карынындагы жаткан балага ген аркылуу энесинин мүнөзү, адаты бүт берилет деген кеп. Андыктан кыз аларда анын тегин изилдөө дагы деле жакшы тукум алуу үчүн аракет.
Бир икая бар. Илгери бир эл бийлеген адам «менден жакшы бир тукум калышы керек» деп сынчыны чакырып кыздарды сынатат. Көч өтүп бара жатат, алдында хандын кызы да, бийдин кызы да бар. Сулуусу да, акылдуусу да, кыйыны да өтөт. Сынчы үн катпайт. Баары өтүп бүткөндө «эч ким калган жокпу?» деп сурашат. Көрсө, бир гана кедейдин кызы «мени тандамак беле?» деп корунуп өтпөй койгон экен. Ошол кыз келе жатат дегенде сынчы жанданып карап, өтүп кеткенден кийин «ушуга үйлөнсөңүз баатыр бала чыгат» дейт. Кыйын чыкма адам жини келип «ушунун эмнесине үйлөнөм?» десе «Азыр табарсыгы толуп келе жатат. Бизден өтүп заара ушатат, ошондо чечмелеп берем» дейт. Кыз заара кылган жерге барышканда сынчы «Көк чөп саргарып күйүп, жерди заарасы казып кетиптир. Заарасы күчтүү аялзатынан ден соолугу чың бала төрөлөт. Кыздардын баары сиздин кадырыңыздан ыйбаа кылып башын салып өтүштү. Бул кыз жалтанбай курч тиктеп өттү. Көзү тик караган кыздан курч баатыр жаралат» деген экен. Айткандай эле ошол кедейдин кызынан баатыр уул төрөлгөн экен. Бул икаянын чындыгы да болушу мүмкүн. Андан тышкары кыргыздар кызды балтырынан байкашкан. Балтыры арык эмес, чымыр, этке толуп турган кыздан да ден соолугу чың, акылдуу балдар төрөлөт дешет. Анткени балтырдагы кан тамырлардын жатынга түздөн-түз тиешеси бар экен.

УЧУРДА ТЕКТИ КАНТИП ТЕКШЕРСЕ БОЛОТ?

– Азыр замандын агымы менен текти сүрүштүрүп эле жатып калсак болбойт. Теги, гени жакшы болсо да, жаман жоруктарга берилип кеткен кыз-жигиттер толтура. Дагы бир нерсе, бийлиги, байлыгы, даражасы бар адамдын кызы теги жакшы дегендик эмес. Айылда болобу, шаарда болобу, эл алдында сөзү өтүмдүү, акыл бере турган, жамандык-жакшылыкта сөзү, адеби, кылыгы менен элге алынган адамдын тукумдарын теги жакшы десек болот. Тууган-урукта кадыр-баркы бар адамды биз тектүү деп айта алабыз. Жигит тараптын тегин сүрүштүргөндө азыр көбү «атасы кандай экен, иштерман бекен?» деп сураштырышат. Мисалы, атасы эртеден кечке жата берсе уул бала да ошону туурайт. Кызды аларда «энеси кандай, ажылдаган бир болбогур эмес бекен?» деп сурашат. Текти сүрүштүрүү азыркы заманда деле ашыкча болбойт.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(54)
24.10.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азыр балтыры быдчыйып турган кызды эркектер корсо артын карабай качатко)))Арык буттары ичке кыздар азыр Модада
24.10.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Курманжан энебизди да ошентип заара кылгандан кийин жерде ойо койгонунан жатыны таза деп уйлондургон экен Алымбек даткага.Деп уктуп элее
24.10.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
010288,Кой андай эмес Курманжан Датка ал качып кетип Алымбек Датканы суйуп ошого турмушка чыккан.
24.10.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
010288,Болушу мумкун менда ошентип укам
24.10.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
010288, биринчи куйоосу лох чыгып, чанып кетип Алымбек Датка мн любовь морковь болуп кетип эле тийгенго. Просто анчы мынчалар уялып бурмалап айтып койот, андай болгон эмес деп.
30.10.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AKCAHAT, Курманжан Датка айымга шам чырак кармап бергендей айттынго
25.10.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
010288,оа менда ошондой деп укканмын
25.10.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
010288,менда ошентип уккам
26.10.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
010288,озу негизи ошондой болгон экен эмнегедир китептерге жазылган эмес ошол жерди оё сийгенин коруп чыгаан аял болорун божомолдогон экен
26.10.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sely,күлдүрдүң го
24.10.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+129
Эми кайсы кыздын напору кучтуу деп издейт элек. Анда заманга жараша кайсы кыздын напору кучтуу болуп унитазды сындыра койот деп издейби?
24.10.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Tyty1990, )))))))
24.10.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Tyty1990, Молодец ичти эздин
25.10.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tyty1990, Молодец ичти эздин
25.10.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Tyty1990,сонун жаздыныз настроения жок эле аябай кулдум
25.10.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tyty1990,))))) созду келтирдиниз
25.10.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,созго уста экенсиз
25.10.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,эздинго
26.10.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Tyty нун комменттери аябай жагат да))) коп жооу байкадым юмору аябай кучтуу . Стенд ап жазып чыксан болчудай
27.10.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990,жардын азамат! Ичим эзилип калды элестетип алып!
28.10.2017. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Tyty1990,

Мен уйкусурап унитазды сындыра койгом))). Эсиме келип кетти жазганыңды окуп.
24.10.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Кыздар менен кафеге барып таанышкан учурда унитазды байкагыла жигиттер сындыра алат бекен же жокпу"напор,давлениясы"менен:)
24.10.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеп аркандай жоромолдоп келишкен кыргыздар
24.10.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен.
24.10.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш чайнап ХХХ кыздардан издейм турмуш куруу максатында
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 13:15:15
24.10.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зааранын составында химиялык заттар бар, эркекпи аялбы жерди казып, чопторду курутуп койо алат.
24.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
AKCAHAT,табырсыгы толуп турган эркекпи ,аялбы жерди ойо койсо керек кучтуу давления менен айдаганда!Эми окуп алып текшербесем озумду деп журбогуло жерди ойом деп булгап албагыла тиягынарды анан!!!
Leilektik түзөттү 2017-10-24 15:10:21
25.10.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Leilektik,ичти эздинго
24.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суперчилер. Жогоруда айтып откон икаянар болгон окуя кыргызда. Ормон хандын бабасы, Болот деген ошентип сынчыга сынатып,Таанаке таркылдак деген жесир келинге уйлонгон. Кочтон чубап откон мен деген сулуулардын арасынан тандаганын таанаке таркылдак болдубу деп сынчыга нааразы болгондо,сынчы силер айткан создорду айткан. Болот деген калмактан кырылып,чачылган кыргыз элин чогулткан баатырлардын бири болгон. Болоттон Эсенгул,андан Ниазбек,Ниазбектен Ормон хан .
24.10.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анда кыздардын заарасын текшере турган лаборатория ачылсын да Кыргызстанга.
24.10.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздардын баары Эми напорду катуу айдап калатго балдарым баатыр чыксын деп, бул макаладан кийин.Азыркы шартта билеги кучтуу эмес,акылы кучтуу Манас чыкпай жатат элибизден.
27.10.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Напорду катуу айдайт элем деп ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-27 15:11:44
24.10.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Иий ушу эркектер кыздарды тантап талдап алгыдай озунор кимсинер?Силердида карап тиет кыздар...!
24.10.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Болбогон кеп ушугада ишендиңерби кызык.
24.10.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эми журот экенбизда бул кыз каерге сие коет корот элек деп андып))))
24.10.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мен да кошулам сага кыйын кызды алып алып озу жарабай отурса ээ былжырап
24.10.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Напорун коргуло, балтырын кармагыла, оозун ачып тишин коргуло, жанылмач айттыргыла, таблица сурагыла... дееп кой. Суйуп калсан анын эч жерине карабайсын.
24.10.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бойрок менен жатындын бири бири менен байланышы чон. Жерди ое сийуу бул бойрогу тазалыктын белгиси. Башынар жетпеген нерсеге болбогон комментарийлерди жазбасанар
24.10.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
)))))))))))))))))
24.10.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен тушунбодум кантип жерди ойо сийет да чоптур куратат )))
24.10.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы заманда кыздын уйу эки этаж деп тандашат атасы бай болсо болду .
25.10.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
orxidey,точно айтын
26.10.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orxidey,точно
25.10.2017. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы заманда кыздар тандап калышкан, балдар эмес. Глобализация болуп, выбор коп. Кыргыздан таппаса, башка улуттан таап алышат.
25.10.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балтыры,буту кучтуу болсо ХХХ Чынгыз ханга атасы айткан го.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-25 12:53:16
25.10.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр анда айылдан уйлонуш керек экен жайлоого барып дурбу салып кырга жатып алып кимдин кызы жерди ойуп чопторду кууратып жоон буту менен жерди казып жиберет жугуруп тушуп карап ошол жерди. Айгыр букалардан ашып тушпосок болду жерди жыттап...
26.10.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bolunbo.kyrgyz,Суюктук жерди ойо коёт да табарсык толуп турса андан да теренирээк оёт, барып жыттайын десен коюсу болсо жыттай бер дурбуну которуп.
25.10.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хахаха!Боорду эздинер гоо чиркин!Бир жыргап алдым окуп алып.
26.10.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдук, комментарийлерди окуп боорум эзилгенче күлдүм.
27.10.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтып берген икаясы Шабдан баатырды атасынын окуясы болуш керек, Дыйкпндын кызынан туулган баатыр бала Шабдан баатыр эгерде жанылбасам.
28.10.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери таза тамак-аш жешип ошончо күчтүү заара кылышса,азыркы химикат зааралар курт-кумурскаларды кошуп өлтүрө койсо керек.
28.10.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерди ойоруна ишендим чопту кууратканына шегим бар
30.10.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерди любой эле кыз теше сиетко Кыргыздын кыздары кучтуу эле
30.10.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машина жууган транзбой 80гр чачып берет. Биз кээде балдар тамашалап жерге такап атсак 6 же 7см оюп кетишиши мумкун. Ал Эми Курманжан Датканы Бир карыш ойе сийген дейт жерди. Илгеркилердин Бир карышы 25 30см болсо керек. Ошондо эмне Курманжан Датканнын напору кучтуу болгонбу? Машинанын краскасын учура коет го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо