ЖОГОРКУ СОТ ПОЛКОВНИКТИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖЕНГОНУ АКТАДЫ

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.


Жогорку Сот Женго каймана ысымы менен таанылган крим чөйрөнүн өкүлү Кадыр Досоновду толук актады. Жогорку Сот Кара-Суу райондук сотунун жана Ош облустук сотунун Досоновду актоо боюнча буга чейин кабыл алган чечимин күчүндө калтырды.
Кадыр Досонов милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелип 2015-жылы кармалган. Ушул эле кылмышка айыпталып, К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев кармалып, алар өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга соттолгон.
Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында, сот процессинде шектүүнүн күнөөсүн тастыктаган бир да далил табылган эмес.
Айта кетсек, полковник Шоноевди 2013-жылы үйүнүн жанынан атып кетишкен. Ал Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо