№781 20-26-октябрь, 2017-ж.
Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковниги кыргыз-казак чек арасында баңгизат менен кармалды. Аталган маалыматты Башкы штабдан тастыкташты. Маалыматка караганда, подполковник У.А. 15-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетинен кармалган. Кыргыз офицерлери Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) атайын машыгуусуна бара жатышкан. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Казакстандын Кордай районунун сотунун чечими менен айыпталуучу 1 айга камакка алынды. Аталган кылмыш иши боюнча Башкы штаб да кызматтык иликтөө ишин жүргүзүүдө. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |