№781 20-26-октябрь, 2017-ж.
Орусиялык белгилүү алпаруучу, коомдук ишмер Ксения Собчак 2018-жылы боло турган Орусиянын президентин шайлоодо президенттикке талапкер болорун билдирди. Бул тууралуу ал: «Орусия Владимир Путинди президент кылып шайлаганда мен 18 жашта элем. Азыр жашым 36да. Ошондуктан президенттикке ат салышууну чечтим»,- деген. Алпаруучу 5 жылдан бери оппозиционерлер, жаңыланууну жана өзгөрүүнү каалаган инсандар менен бирге митингге чыгып келгенин билдирген. Бирок азырынча алар күткөн чоң бурулуш боло элек экенин айтып: «Коррупционерлер жана уурулар элди алдаганын улантып келе жатат»,- дейт. Президенттикке ат салышуу менен коррупционерлерге каршы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып, «Ксения Собчак – баарына каршы кандидат» деп билдирди."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ксениянын жон эле конул борборунда болуу учун кылган иши экенин билинип эле турат го, озун толкуу чордонунда жургонун жактырганы да.