ОКУМУШТУУЛАР МЕНЕН МИНИСТРЛИКТИ КАГЫШТЫРГАН МУМИЯ

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Бирөөлөр үчүн изилденүүчү экспонат катары болсо, бирөөлөр үчүн өлкөдөгү кырсыктардын булагы болуп эсептелип келе жаткан мумия 2017-жылдын 15-октябрында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана атайын комиссиянын чечими менен жерге берилди. Мумияны көмүү чечими 12-октябрда чыккан. Аны жерге берүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окумуштуулар катышкан. Комиссиянын курамында Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Тарых музейинин директору Анаркүл Исраилова, ИИМдин жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү, М. Фрунзе атындагы музейдин директору, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2 өкүлү, кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева болгон. Мындай кадамга каршы болгон окумуштуулар мумияны кайра каздырууну талап кылышууда. Мумия кайра казылабы? Казылса ал эмнелерди «сүйлөп» берет?

ЭМНЕ БОЛГОН МУМИЯ ЭЛЕ?

Мумия (жаш аялдын сөөгү) 1956-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерде табылган. Арча табытта сакталып келген жана ал 1-5- кылымдарга таандык делет. Мумияны ленинграддык археологдор казып, Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук музейине өткөрүп беришкен. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, Советтер Союзу кезинде бир ирет Орусиянын Эрмитажынан бир адис чакырылып, ал денени бальзамдоо жаатында керектүү иштерди жүргүзүп кеткен. Акыркы жолу бальзамдоо Мамлекеттик улуттук музейдин кызматкерлери тарабынан 1990-жылдардын аягында Эрмитаждан келген адис таштап кеткен химиялык реагент (атайын зат) менен жүргүзүлгөн.

ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЧЫККАН?

2015-жылдан бери эле экстрасенстер «мумияны көмүү керек» дешсе, окумуштуулар каршы чыгып келишкен. 2015-жылы июлдун башында өткөн жыйында коомдук ишмер Мелис Арып-Бек «мумия Аменхотеп аттуу фараондун жубайы Анфисанын, башкача айтканда, Баткен ханышасынын мумиясы. Кыргызстанды кандай коркунучтар тооруп турганын окумуштуулар түшүнбөй жатат. Вирустар бизди агрессивдүү кылып, педофилдер, гомосексуалдар чыгып жатат» деген.
Экстрасенс Таалайгүл Норсек кызы да анын сөзүн коштоп, өлкөдө болуп жаткан ар кандай жамандыктар мумиянын жерге берилбей жатканынан деп айткан.

ОКУМУШТУУЛАРДЫН КАРШЫЛЫГЫ ЖАНА ПРЕЗИДЕНТТИН ЖООБУ

Мумия жерге берилген соң 17-октябрда окумуштуулар тобу президентке мумияны кайра музейге кайтаруу өтүнүчү менен кайрылышты. Кайрылууга 18 адам кол койгон. Ал эми президент «Жерге берилиши туура эмес иш болду. Эми болору болду. Аны жерге берүүдө катышкандардын жоопкерчилиги каралат болуш керек деп ойлойм» деди.

МИНИСТРЛИК КАДАМЫН ЭМНЕ ДЕП ТҮШҮНДҮРДҮ?

Түгөлбай Казаков 17-октябрда журналисттерге берген интервьюсунда «айрым адамдар мени жумуштан алыш үчүн ушундай кадамдарга барууда» деген. «Адамдын сөөгү менен ойнобош керек. Аны изилдеш же көмүш керек. Изилдөөгө илимдер академиясынын тийиштүү жабдыгы же адистери жок. 60 жыл бул маселени карабай, аны көмгөндөн кийин ызылдашууда. Изилдегиси келсе кайра казып алышсын» деп айтып, изилдөөгө Илимдер академиясына көп жолу сунуш болгонун, бирок алар баш тартып койгонун кошумчалаган.

МУМИЯ КАЗЫЛЫП АЛЫНСА ОКУМУШТУУЛАР ЭМНЕ КЫЛЫШАТ?

Кадича Ташбаева, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археология бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты:
- Министр сектант жана экстрасенстердин таасири менен чечимди 10 мүнөттө чыгарып койду. Бул музей экспонаты, анын бир да динге тиешеси жок. Министрлик «мумияны көмөлү же алып кеткиле» деп мурун да, кийин да бизге эч качан кайрылган эмес. Кайрылса кат бөлүм башчысы катары мага келип түшөт эле жана биз жооп берет элек. Аларда биздин жооп кат бар бекен? Болсо, көрсөтүшсүн.
«Мумия сактоого жарабай калды» дешти. Анын сактоого болот же болбостугун билүү үчүн бизде антрополог жок болсо, анда Казакстан же Орусиядан чакырып, текшертип, анан акт түзүлүшү керек эле. «Сактоого болбойт» десе анан көмүш керек болчу. Бузулуп баратса анда неге жаңы саркофаг алдырып, ошого салдырып койгон эмес?
Казаков «мумияны 60 жыл кыйнап койдук» дейт. Көмөрдө кийинки изилдөөлөр үчүн деп тканынан кесип алып калуу, эмне, кыйноого кирбейт бекен?
Мумияны биз изилдеп, өзүбүзгө керектүү маалыматтарды алганбыз. Дагы пландар бар болчу. Илим өнүгүп жатат, андыктан улам жаңы аппараттар менен мумияны изилдетүү аркылуу тарыхты жаңы маалыматтар менен толуктоого болот. Мисалы, радиоуглероддук анализдерди жүргүзүү менен мумиянын качан өлгөнү, кийимдеринин тканы кайсы жылдарга таандык экени, сөөк кайсы этникага таандык экени чыгат. Изилдөөлөрдө мумия жашаган доордо кандай оорулар болгондугу жана башкалар да билинет. Мумия сакталышы зарыл.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
24.10.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Интересно, наше министерство думает с головой?
Это же артифакт с богатой историей! Это история нашей Страны! Нужный предмет для открытия Нового! Это Наука! Если вложить в нее силы, энергии и деньги она может дать что-то Новое. А это очень важно для страны. При этом привлекая ученных, историков со всего мира! Во, смотрите других стран, чего только не делают ради науки, ради создания Нового! И извлекая из этого много полезного для страны!
25.10.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sofy,ошибаетесь так вообще нельзя поступать представьте с вами тоже так поступают вам это понравится?и вообще они не имеют право копать могилу в стране много чего есть для создания нового 60лет ничего не делали думете они сейчас сделают
30.10.2017. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sofy, они взяли кусочек от этого тела.ДНК можно извлечь из этого..и.т.д.
24.10.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соокту керек болсо кааанчалык жерге эрте комуп жашырсак ошончолук жакшы болот, аны арбагы ыраазы болот тируулорго. Комуш керек туура чечим эгер мунун арты менен пайда кором дебей жакшы ниет менен комгон болсо.
24.10.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
60жылдан бери ХХХ илимдер академиясы алып кетип, сактайбы изилдейби оздорунун иши эле Баткендеги музейде жатыптыр 60жыл, эми туштон кийин ХХХ, бийликти жаман дейбиз, ушинтип окумуштуу илимпоздорубуз да жумушун жакшы аткарышпаса анан кайдагы онугуу ар бир инсан оз ишин мыкты аткарганда гана алдыга карай жылып онугуу болот демекчимин
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-24 17:57:46
25.10.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал мумияны көмдүрбөй, сактап алышып не пайда көрөт? 60 жылдан бери изилдебей не кылып жүрүштү?
25.10.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselya_9105,тууганым эн туура айтасын 60жыл изилдешпей анан комулгондон кийин чуу чыгарыш уят иш го
26.10.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдорунан келбесе илимпоздордун башка олкодон жардам сурап изилдебейби 60 жылдан бери эми талаш чыгарып бул деген артифакт канча кылымдан бери жатканын изилдеп ачылыш жасашса болмок.
29.10.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын соогу энендин оюнубу сага? Аллахтан корксонор кичине, же Акыретти унуттунарбы акча деп жатып? Ошончолук адамдын соогу эстелике керек болсо, озунордун жакынынар дуйно салганда алып барып коюп алгыла каалагандай кылып. Бул соок созсуз жерге берилиши керек болгон, ал кандайдыр касиеттуу соок. Жерге беребиз деп жерге бергендер Аллах ыраазы болсун. Бирок Казаковтун бир жерин кесип алганы жаман болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо