Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАР

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

«Бул көк помидорлор кызарганча качан эми? Мынча капустаны эмне кылам?» деп баш катырып жаткан учуруңузбу? Ойлонбоңуз, кеч күздөгү бул эки жашылчадан түрдүү даамдарды жасоого болот.

ФАРШТАЛГАН КӨК ПОМИДОР (3 ЛИТРЛИК БАНКА ҮЧҮН)

Керектелүүчү азыктар:

Көк помидор – 2 килограмм
Сабиз – 2 даана
Сарымсак – 1 баш
Чили калемпири – 2 даана
Укроп – 1 боо
Лавр жалбырагы – 2 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Кумшекер – 1 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык
Туз – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз да, сабиз, сарымсак жана чили калемпирин тегерек кылып туурайбыз. Укроптун сабактарын ажыратабыз.
2. Помидорду аягына жеткирбей төрт бөлүккө бөлөбүз да, ичине тууралган сабиз, сарымсак, калемпир, укроп салабыз.
3. Банканын эң астына лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту салып, үстүнө помидорлорду тизебиз да, кайнак сууну толтура куюп, 10 мүнөт тыныктырабыз.
4. Сууну төгөбүз да, банкага кумшекерди, тузду салабыз. Кайнап жаткан сууга уксусту кошуп, банкага куюп, оозун бекитебиз.

АЧЫТЫЛГАН КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 1 килограмм
Сабиз – 1 даана
Суу – 1 литр
Туз – 1-2 аш кашык
Бал – 1,5 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Капуста менен сабизди жууп-тазалап алабыз. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, капустаны ичке туурап, экөөнү аралаштырабыз.
2. Бул аралашманы таза жуулган банкага ныктап салабыз.
3. Сууга туз менен балды кошуп кайнатабыз.
4. Суунун табы кайтканда капустанын үстүнө куябыз да, 3-4 күн бөлмө температурасында коюп коёбуз. Суу капустанын үстүн толук жабышы керек. 3 күндөн кийин ачытылган капуста жегенге даяр болот.


КӨК ПОМИДОР ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:

Көк помидор – 2 килограмм
Болгар калемпири – 4 даана
Чили калемпири – 1 даана
Сарымсак – 1 баш
Петрушка – 1 тутам
Кумшекер – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Уксус (9%) – 100 миллилитр
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорду жууп-тазалап, 4-6 бөлүккө бөлүп кесебиз. Болгар калемпирин уруктарынан тазалайбыз, сарымсакты аарчыйбыз.
2. Болгар, чили калемпирлерин жана сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз же блендерге салып майдалап алабыз.
3. Чоң идишке помидорду салып, үстүнө калемпир жана сарымсак аралашмасын, майда тууралган петрушканы, кумшекер, өсүмдүк майын, уксус жана татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
4. Таза жуулган банкаларга помидорду салып, оозун желим капкак менен бекитип, бөлмө температурасында 12 саатка чейин коюп коёбуз. Андан кийин муздаткычта же салкын жайда сактоого болот.


ОРОМО КАПУСТА

Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 2 даана
Сабиз – 1 килограмм
Кызыл калемпир – 2-3 аш кашык
Туз – 2 аш кашык
Суу – 1 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, кызыл калемпир (татымал) менен аралаштырып алсак, аралашма даяр болот.
2. Капустаны кайнап жаткан туздуу сууга 30 секунд кармап, жалбырактарын ажыратабыз.
3. Жалбырактын бетин өсүмдүк майы менен майлап, ортосуна аралашманы салып оройбуз.
4. Капустаны банкага салып, үстүнө маринадды (1 литр муздак сууга 2 аш кашык туз салынат) куябыз да, 1-2 күн бөлмө температурасында сактайбыз. Андан кийин муздаткычка салып коюу керек. Бул салат бир жумадан кийин даамына келип, жегенге даяр болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(1)
02.11.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай чоон рахмат,кышкыгы даярдык жакшы болот эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо