Роза Шакирова, ырчы: «ОШТО ЖЫЛДЫЗ БОЛУП ЖҮРҮП, БИШКЕККЕ КЕЛГЕНДЕ ИДИШ ЖУУП КАЛГАМ»

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Бул жолку каарманыбыз Роза Шакирова менен SUPER.KG порталындагы түз байланышыбыз абдан жандуу өттү. Бирде «башым ооруп кетти, көз тийди окшойт» деп тамашалап, бирде «эмне?» деп окурмандарды урушумуш этип, айтор, көрөрмандарды зериктирген жок.

– Роза эже, кандайсыз? Жиниңиз чукулдай сезилет. Ачууңуз келгенде кантип, эмнеден жиниңизди чыгарасыз?
– Бойдок кезде жиним аябай чукул болчу. Урушкум эле келе берчү. Турмушка чыккандан кийин назик болгонго аракет кылып калдым. Ачуум аябай келгенде Кудайдан сабыр тилейм. «Көнгөн адат өлгөндө калат» дегендей, кээде сыртка чыгып кетет. Бул жерде жолдошумдун тарбиясы чоң. Мени катуу кармайт.

– Жолдошуңузду кеп кылып калдыңыз. Кайсы сапаты менен сизди арбап алган?
– Ал сапаттары азыр жок. Мени менен таанышканда көп сүйлөп, жакшы сөздөрдү айтып берчү. Азыр токтоо, оор басырыктуу болуп калган, көп сүйлөбөйт.

– Ырчы болуп азыркы деңгээлге жеткенче кандай иштерде иштедиңиз? Эң эсте калганы кайсы болду?
– Баары эле эсимде, студенттик кезде көп ачка калчумун. Кафеге барып кыздар официант болуп иштешчү. Мени жумушка алышчу эмес, орусчам да жок, иштегенге шыгым да жок болчу. Барып эле идиш жууганга калчумун. Бир күнү идиш жууп жатсам тааныш эжекем издеп келиптир. Ошондо аябай намыстангам. Анткени ал кезде Ошто кайсы жерде болбосун комузумду көтөрүп барып ырдаган жылдыз элем. Андан кийин подъезд жууп жатканда классташ балдарым көрүп аябай ардангам. Ошондо почтага келип апама чалып «эмнеге мага акча салбайсыздар?» деп ыйлаган элем. Азыр ойлоп, маңдай тер менен тапкан акчама эмнеге намыстандым экен дейм.

– Ырчылардын жашоосун көрүп ырчы болуп кетсемби дей берем. Күнүнө канча тойго барасыздар? Тапкан акчаңызды эмнеге жумшайсыз?
– «Ырчылардын жашоосун бир ит, бир хан көрөт» дейт. Жаңы ырдап чыкканда машинада уктаган күндөр да баштан өткөн. Азыр кээде бир күндө 10 той болот. Ошондо алган акчамдын 3төн бирин жардам кылып берем, ыр жаздырам. Баарына маалым, үйүмдү кредитке алгам. Аны былтыр төлөп бүттүм. Кээде эч жакка баргым келбей үйдө отуруп калам. Ошентип акчалар өз ордун таап кетет.

– Турмуш курарда сүйүү менен турмушка чыктыңыз беле же жашым өтүп баратат деп кеттиңизби?
– Жолдошум менен 28 жашымда таанышкам. Жарым жылдай сүйүү сезими жок эле, байке, карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. 29 жашымда турмушка чыктым, анда жашым да өтүп бараткан, сүйүү да жакшынакай болуп келип калды. Бизде менин сүйүүм көбүрөөк болдубу деп ойлойм. Себеби кыз бала сүйсө жакшы жактарын көрсөткөнгө аракет кылат экен.

– Сиздин жолдошуңузду криминалдык чөйрөгө байланышы бар деп угам. Ошон үчүн ал жөнүндө көп айтпайсызбы?
– Жолдошумдун кайсы жумушта иштегенин мурун сураганда айткан эмес. Ошол боюнча сураган эмесмин. Бирок дайыма менин жанымда. Кечки саат 5ке чейин жумушта болот. 5тен түнкү 12ге чейин көчөдө жүрөбүз. Түнү менен үйдө. Анан кайсы убакта ал жакка кетип калат, билбейм (күлүп).

– Мааниси терең, музыкасы да мыкты, кийинки муундарга мурас кала турган ырларды жаздырып, аткарып чыгууга аракет кылбайсызбы?
– Учурда ырдалып жаткан ырлар замандын агымына жараша кетип жатат. Биз 80 жашка чыкканда ушул ырларды сонун деп эле баалап калабыз. Кайра кийинки муундун ырларына ичибиз чыкпай калышы мүмкүн.

– Кытайда өкмөт ырчыга кийим тиктирип берип, алар жок дегенде 3 жыл ошол өлчөмдө келбетин сактоосу тийиш экен. Кыргыздын ырчы айымдары келбетти сахнага ылайык сактоого анча аракет кылышпаганы мени таң калтырат. Сахнага ырчы катары чыгып жаткан адам үнүнө да, келбетине да, жүзүнө да кам көрүшү керек го?
– Туура, кам көрүш керек. Бирок дайыма өзүңдү карай албайсың да. Өзүн карап, бирок үй-бүлөсүн унутуп койгондор бар. Менин үй-бүлөм, туугандарым бар. Аларга да көңүл бөлүш керек. Кыргызстанда 3 жыл келбетин бир калыпта сактап жүрүү мүмкүн эмес.

– Жолдошуңуздун сиздикинен башка да балдары барбы?
– Жолдошум Нурсеит менден 7 жаш улуу. Ортобуздагы уулубуздан сырткары анын эки кыз, бир уулу бар. Атасы балдары менен катышат, мен катташпайм.

– Жолдошуңузду эмнеге ачыкка чыгарбайсыз? Сиз анын экинчи аялысызбы? Жолдошуңуз эки аялы менен тең жашайт деген чынбы?
– Мен эмнеге ачыкка чыгарбайт экенмин? Тойлордо чогуу жүрөбүз, каякка барбайын жанымда. Сөзсүз ачыкка чыгарыш үчүн күйөөңдү түз эфирге алып келип отургузуп коюш керекпи? Жолдошумдун кесиби башка. Мен жолдошумдун 2-симинби, 3-сүбү, 4, 5-си экенимди билбейм. Бирок ал мени менен жашайт.

– Мен жашоодо түбөлүк уйкуга кетүүдөн корком. Сиз эмнеден коркосуз?
– Мен өзүм аябай коркокмун. Фантазиям да күчтүү, күндүз деле үйдө жалгыз калсам ашкананын эшиги ачылып-жабылып, бирөө артымдан «Роза, Роза...» деп өтүп кеткендей сезиле берет. Кээде жолдошума кайра-кайра чала берсем, «эмне токойдо жүрөсүңбү?» деп калат. Бала кезимде катуу коркуп калган экенмин ошондуктан жалгыз калуудан корком.

Роза Шакирова Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ырын түз эфирде берилүү менен аткарууда.

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Роза Шакирова: "Жолдошумдун канчанчы аялы экенимди билбейм, бирок ал мени менен жашайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
25.10.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чыгармачылык ийгилик болсун
SUPER.KG видео
25.10.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жумуштан бошой албай калдым,кызыктуу суроо бермекмин,бул училтик маданият кызматкерлерине ийгилик каалайм, чаткал району
Медиа-портал
25.10.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
abdan akylduu shaiyr
Медиа-портал
25.10.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишиңизге албан -албан ийгилик Роза эже!биз сыймыктанган кыргыз ырчысы!
Медиа-портал
25.10.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул эфир озгочо жакты,учооно тен чыгармачылык ийгилик,уй булоолук бакыт.
Медиа-портал
25.10.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Талантына таазим Роза. Коруп буткончо боорум эзилип калды. Чыгармачылык ийгилик сага. Ушундай болуп эле данк дунк болуп эле журо бер.
Медиа-портал
26.10.2017. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булолук бакыт,чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.. эн эле кызыктууу,шандуу,коргондон тажабаган эфир болуптур, рахмат....
Медиа-портал
26.10.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aii mincha kiziktuuu Roza ayim)) degele 5 minut bolso dagi korchu emes elem tuz efirdi jildizdardin. Munu ulam juktolguchoktu kutup kutup 2 saatta korup buttum.talantina taazim
SUPER.KG видео
26.10.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эч бир интерв. толук коргон эмесмин, сиз менен ото кызыктуу болуптур, коруп буткучо позитивдуу энергия агылып турду сизден, жолдошунуз сиз менен аябай бактылуу болсо керек, азыр пессимисттер коп, унунузго береке.
SUPER.KG видео
27.10.2017. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун шайыр эже мага ото жагат
SUPER.KG видео
27.10.2017. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алпаруучу анча суйлой албайтат
Медиа-портал
29.10.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза эже ото жонокойсуз,унунуз да абдан сону,берилуу мн аягына чейин жан дилим мн кордум.Менин айтайын дегеним чындап эле Гулнур Сатылганованын унуно окшош экоонуздор бир дуэт ырдасаныздар сонун болмок.Чыгармачылык ийгилик,уй булолук бакыт.
31.10.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы бирок куйоом эмне жумуш кылат билбейм,канчанчы аялы экенимди дагы билбейм дейтго,ошондой дагы болобу е?
31.10.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Sumaika232605,Ошентип койотта анан утур точкасына чейин Элге жарыя кылышы керекби майдачыл болуп!
31.10.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канчанчы аялы болгонуна го сыным жок, бешене тагдыр,нике кайып дейт. Алланын буйругу, бирок күйөөсүнүн эмне иш кылаары жөнүндө билбегени кызык экен. Же элди дөөпөрөс ойлойбу, билбейм деп койсом эл ишенет деп. А так ачык-айрым жасалмалуулук жок,башка ырчы сооройлорго караганда жөнөкөй, үнү да керемет.
Shahrizaada түзөттү 2017-10-31 14:51:06
31.10.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун. Ачык, жасалмасы жок. Бактылуу бол. Бирок, ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-31 15:08:52
31.10.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
туптуура айтат канчанчы аялы экени менен иштери канча ал жеке жашоосу чыгармачылыгын баалайм унун уксам тоо койнунда кереметтуу колдо жургондой эс алам
31.10.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Роза эже,Унунуз бийик Тоодон шаркырап аккан суудай,тунук,конур унунуз бар,ушунчалык Кудайым бар жоктон берип койгон тадамгерчилигинизди шатыра шатман шайыр,таланттуу,тамашакой,токтоо тушунуктуу таза тыкан сапаттарынз жагат,Кээ бирки терс коменттерге конул бурбан,себеби жакшы адамды короалбай ичи куйуп орттонуп терс комент беришет!Ийгилик Сизге!
31.10.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркекче айтыптыр, азамат!!
Болгонун болгондой, жашырбай.мен баалаган сапаттар сизде бар экенине ичим чыкты!)
SUPER.KG видео
31.10.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза эже сизге уй булонузго тынчтык,,аялдык бакыт,чыгармачылыгынызга бийик,бийик жетишкендик жана жаны изденуулорду каалаймын! Сиздир урматтап мен)))
31.10.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сиз отто мага жагасыз
31.10.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булолук бакыт каалайм Роза эже
01.11.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
роза эжебиз куйоосун ачыкка дайыма эле чыгарат,Айдаркенге келгенде эч куйоосу жок келбейт дайым акуйоосунун коштоосунда журот,20жылдык жолугушуугада бир гана Роза эжебиздин куйоосу кошо журду
01.11.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туболук бактылуулук каалайм! Роза ушунундан жазба. Эн карапайым, ачык, жонокой, жан дуйносу таза, адам гана ушундай муноздорго ээ болот. Азаматсын ишине ийгилик омуруно береке.
01.11.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маанайды которо турган беруу болуптур, негизи эле ушул эже ото шайыр, шандуу. Эки дуйно бактылуу болунуз.
02.11.2017. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Роза эже,абдан тамашакөй экенсиз .Көптөн бери көздөн жаш агып күлө элек болчум,ичим эзилди күлө берип. Сонун маек болуптур,маанай көтөрүлдү.Бар болуңуз,ардайым жөнөкөй болуп жүрө бериңиз.Ырларыңыз сонун.Үнүңүзгө береке!
02.11.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоонуз кредитти толоштубу? Туболук бактылуу болгула сиз шатыра шатман адамсыз
02.11.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик! Ал эми уй булосун тамак жегенден, кай жерге барганына чейин жарыялабай жашаганы учунда жагат ырчы айым.
04.11.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,талантыныз ташкындай берсин,уй-булонуз менен бактылуу болунуз жана максатынызга жетип коп балалуу болгула!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо