КЕЛИНИ КАЙНАТАСЫН БӨТӨЛКӨНҮН СЫНЫГЫ МЕНЕН САЙЫП САЛГАН

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Ушул жылдын 12-октябрынан 13үнө караган түнү Бишкек шаарында Алия аттуу келин «кайнатасын бөтөлкө менен башка чаап, анын сыныгы менен далысына сайгылап салган» деп шектелип кармалган. Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы аркылуу Улуттук хирургия борборуна жеткирилип, ага дарыгерлер тарабынан жардам берилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда келини алгач кайнатасы зордуктаганга аракет кылганы үчүн ушул кадамга барганын айтып түшүндүргөн.

«ЮРИДИКАЛЫК БАА БЕРИЛЕТ»

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Мира Абдылдаева бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
– Тергөө учурунда кайнатасынын келинин зордуктоого аракет кылганы тастыкталган жок. Ал келин тергөөдө «ошол убакта жинденгенимден улам кайнатам зордуктаганга аракет кылган деп айтып алгам» деп көрсөтмө берди. Ал ошол күнү кайнатасына кичинекей кызына «жалаяк ала келесизби» деп суранган экен. Бирок кайнатасы жалаякты унутуп коюп, үйүнө кызуу келиптир. Келини ошого жини келип кайнатасынын колундагы бөтөлкөнү жулуп алып, аркасына уруп жиберген. Бул үй-бүлөлүк чыр-чатак. Келини кайын журтунан кечирим сурап, өз ара чечишип алышкан. Жабырлануучу анын үстүнөн арыз жазган жок, ошондуктан келин кармалган жок, ал ошол эле үйдө жашап жатат. Жабырлануучу оор жаракат албагандыктан кылмыш иши козголгон жок. Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү бул факт боюнча иш алып барып жатат, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

«КЕЛИНИМДИ ЗОРДУКТАГАНГА АРАКЕТ КЫЛГАН ЭМЕСМИН»

Биз жабырлануучунун инисине жолукканыбызда ал «Ушул окуядан 2 күн мурун келиним менен иним уруша кеткен. Ошондо иним андан качып үйдөн кетип калган. Экөө буга чейин деле урушуп жүрүшчү, бирок мындай деңгээлге жеткен эмес болчу. Негизи келинимдин психикасында мандем бар, аны текшерип көрүш керек» дейт. Ал эми жабырлануучу «мен эч качан зордуктоого бармак эмесмин» деп төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен келинимди зордуктаганга аракет кылган эмесмин. Биз үй-бүлөдө 13 бир тууганбыз, баары тарбиялуу, андай жолго эч кимибиз барбайбыз. Уулум менен келиним ажырашып, кайра жарашып жүрүшкөн. Мен болсо экөөнүн ортосундагы мамилесине аралашчу эмесмин. Келинимди батиринен чыгарып салып, ал убактылуу «жашап туралы» деп үйгө келиптир. Мен макул болбой койсом, жүктөрүн 2 күнгө тура турсун деген үчүн жашап турушкан.
Мен ошол күнү кечинде дүкөнгө барып, үйгө келгем. Үйгө кирсем эле келиним оозго алгыс сөздөр менен мени сөгүп кирди. Ошол убакта неберем полдо жөрмөлөп жүргөн. Ал мени көздөй жөрмөлөп келе жатканынан аны көтөрүп алайын дегенимде келиним мени кармап силкилдетип, сөгүнүп баштады. «Ары бар» десем болбой койгонунан түртүп жиберсем кетип калган. Неберем менен отурсам артымдан келип башыма чапты эле, эсим ооп калыптыр. Жатып калганымда далыма сайгылаптыр. Канча жолу чаап, сайгылаганын билбейм. Бир убакта эсиме келсем жерде бөтөлкөнүн сыныктары жатыптыр, ал жерде неберем жөрмөлөп жүрөт. Туруп бөтөлкөнүн сыныктарын тазалап жүрсөм иним «артың бүт кан экен» деп «Тез жардам» чакырды.

«БӨТӨЛКӨНҮН СЫНЫКТАРЫ КИРИП КЕТИПТИР»

Жабырлануучунун абалы турукташканда ооруканадан чыгарылган, учурда ал үйүндө. Анын ооруканага алынып келгендеги абалы тууралуу Улуттук хирургия борборунун хирург-дарыгери Нурлан Сатылганов айтып берди:
– 13-октябрда түнкү саат 1лер чамасында бизге бейтап аркасында кесилген 4 жаракаты аябай канап жаткан абалда жеткирилген. Ошол убакта ал мас, абалы оор болчу. Кесиктер чоң болчу, 4 сантиметрден 8 сантиметрге чейин жетет. Биз ошол замат бейтапка операция жасадык, анда жаракат алган жерине бөтөлкөнүн сыныктары кирип кеткен экен, аларды таап, тазаладык.

Кылмыш ушул үйдө болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
31.10.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кимисине ишеништи деле билбейсин...Кайран Кыргызым кайда бара жатабыз?Ыйман берсин баарыбызга!
31.10.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба ушундайда болот экен Мен кайнатама Жини келседа анте албаймын
31.10.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсим ооп эчтеке билбейм деп айтып , анан эле ботолконун сыныктарын тердим дейби тооба.
31.10.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кайната акмак!!!! Келинди кемсинткен негизи булар.
31.10.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХ бар,Бир гана Кудай билет эмне болгонун.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-01 10:23:26
01.11.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhozho, курамы окшош сайттарды жарнамалоого тыюу салынган! 3 күн БАНга!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-01 10:24:03
31.10.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Демек, ХХХ Ал эми кайын журту келиндин оозун эптеп жабышты да
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-01 10:23:05
31.10.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон эле согуп , чаппайт да. Бир нерсени жашырып жатышканы анык.
31.10.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнатасы озунун ичкенин корсотмо бергенде айтпаптыр. А врачтар мас болчу деп атат. ХХХ ХХХ Кантип эле эшиктен келген кайнатага согунуп, атырыла берсин. Лучше кошуналарынан интервью албапсынар. Кандай адамдар эле деп
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-01 10:22:37
01.11.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Түшүнсөм олоюн, ар кимиси ар түрдүүчө айтыптырго.Эмне деген жашоодо жашап калдык,астафыралла!
02.11.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын видеосу интернетте журот.ХХХ ХХХ эми озунор тынак чыгарып алгыла.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 10:20:27
02.11.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,тыянак дегеним..
05.11.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,келини жыртык джинса кийген,узун чачы жайылган,кыска кофтасынан киндиги корунгон неме экен десем создорумду очуруп коюшуптур)))
03.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайнатасы ичкен экен, значит келиндин да жанын кашайткан, чындап эле зордуктоого аракет жасагандыр, келиндин оозун жаап коюшту да болбосо каматып жиберебиз деп
05.11.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бети табактай бирок кызылы, жок катындар коп да кыргызда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо