ҮЙ ЖАНА БИР НЕЧЕ МАШИНАНЫ ӨРТТӨДҮ ДЕП 27 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Өткөн жумада Бишкектин четиндеги Маевка айылында үй, бир нече автоунааны өрттөөгө аракет болгон эле. Ал кылмышты жасаган деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды.

ТАҢ КАЛЫЧТУУ ӨРТТӨР

Ушул жылдын 16-октябрдан 17сине караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жана Бишкектин Ак-Босого конушунда бир нече атайылап өрттөө фактысы катталган. Анда 2 автоунаа жарым-жартылай, 1 унаа толук жана 1 үйдүн эшиги күйүп кеткен. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Биз да окуя болгон жерге барып, жабырлануучуларга жолугуп кайтканбыз. Алардын эч кимиси өрттөгөн адамды көрбөгөнүн, бирок баары белгисиз жигиттер келип ойготуп, өрттү өчүрүүгө жардам бергендерин айтып беришкен. Алардын ким экендиктери да табышмак бойдон калган. ИИМ болсо "Күбөлөрдүн айтымында, өрт койгон адам 30-35 жаштын тегерегиндеги азиат түспөлүндөгү эркек. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мүлктөрдү өрттөгөн адам психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн деген божомол чыгууда. Учурда кылмышкер табыла элек. Издөө уланууда" деген маалымат тараткан. Ошондой эле 13-15-октябрларда да Маевка айылында чачтарачкана жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери кийим алмаштырчу жай күйүп кеткен.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ МУРДА АТАСЫНЫН ҮЙҮН ДА ӨРТТӨГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН»

«Бул өрттөрдү атайылап жасаган деп шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды» деп Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосунов билдирди:
– Бул кылмыштарга шектелип 27 жаштагы Ш.Н. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалып, СИЗОго киргизилди. Чүй ОИИББинин тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Атайылап өрттөө боюнча жалпысы 8 факт боюнча арыз түшкөн.
Кылмышка шектелип кармалган жаран мындан 5 жыл мурун атасы жана өгөй энеси менен уруша кетип, аларга таарынып үйүнөн чыгып кетип, ар кайсы жерде жашап жүргөн экен. Мурда атасынын үйүн да өрттөгөнгө аракет кылганы аныкталды. Анын үстүнөн соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Эмне үчүн анын мүлктөрдү өрттөөгө аракет кылганы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталмакчы. Ал эми өрттү өчүрүүгө жардам берген жигиттердин ким экендиги аныкталган жок, алар өрттү кокусунан көрүп, тургундарга жардам бергендер болушу мүмкүн.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
31.10.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо! Кудай деп жашагылачы айланайындар.
31.10.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жазганым эмнеге чыкбай жатат админ жооп берип койсонуз
01.11.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMURBEK.,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат, купуя кат аркылуу кененирээк жазып койсоңуз, рахмат.
01.11.2017. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул просто бир байкуштун мойнуна иилинип дело жабылыш керек болуп калдыго дейми
01.11.2017. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лапшаны килограмдап илдинерби дагы
05.11.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул сачсатчылардын кылганы элди алаксытып шайлоонун алдынан.
03.01.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ненормальный го бул, зачем ему это надо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо