Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова: «МАКСАТ АКЕ КОЛУМДУ СУРАГАНДА АЛГАЧ ИШЕНГЕН ЖОКМУН»

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Ырчы Сайкал Садыбакасова ЭлТР каналында маданий, көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдүн алпаруучу Максат Доврановго турмушка чыгуу алдында турат. Чыгармачылык табыштырган эки жашты куттуктап, турмуш жолуңар байсалдуу болсун дедик. Максат менен Сайкал кайсы күнү чогуу түтүн булаталы деп чечишти, экөөнү эмне бириктирди? Суроолордун жообу төмөнкү маекте.

– Максат, Сайкал, кубанычтуу жаңылыгыңар менен куттуктайбыз! Эл менен да бөлүшө кетсеңер...
Максат:
– Ооба, Кудайдын буйругу менен баш кошуп жатабыз. Азыркы учурда тойго даярданып толкунданып чуркап жүрөбүз.
Сайкал: – Биз да эл катары жакшы санаалаштарыбыздын батасын алалы деп алдыга жакшы максаттарды коюп, баш кошууга бел байладык. Негизи үйлөнүп жатканыбызды көпчүлүккө той күнү жарыялайбыз го деп ойлогонбуз. Бирок «жакшылык жерде калбайт» дегендей, жакындарыбызга, досторубузга маалымат тарап кетиптир. Алдын ала эле куттуктоолор ар тараптан келип жатат.

– Бул күйөрмандарыңар үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Сезим качан, кантип тутанды?
М.:
– Сезимдерди башкарууга мүмкүн эмес. Мен Сайкалды жакындан тааныганыма 10 жылдай болду. Ал өзүнүн ачык, жөнөкөй мүнөзү менен ар дайым мени өзүнө тартып турчу. Бирок мен апаман (ред.: Гүлшайыр Садыбакасова) тартынчумунбу, айтор, ал жөнүндө ойлончу эмесмин. Мындан эки жыл мурун бир аз кыз-жигит болуп жүрүп, бирок экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз го деп сүйлөшпөй калганбыз. Баары бир жүрөктөгү сүйүү тынч койбоду. Кайра бирге болууга түрттү.
С.: – Максат аке алгач сүйүүсүн айтканда «тамашалап жатса керек» деп ишенген жокмун. Бирок бара-бара өзгөчө аракеттери, жылуу мамилеси менен көңүлүмдү бурду.

– Максатты болочок жолдошум болуп калат деп ойлодуң беле?
– Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүз менен, турмуш куруп калабыз го деп ойлогон эмесмин. Кудай маңдайыбызга бир тагдырды буюруптур, бактылуумун.

– Максат, Сайкалдын эмнесине арбалдың?
– Мени эң биринчи Сайкалдын жөнөкөйлүгү арбап алды. Көптөр Сайкалды тарсылдаган кыз деп ойлошот. Бирок Сайкал менен сүйлөшүп жүрүп, анын жан дүйнөсү өтө назик экенин байкагам. Сайкал экөөбүз чогуу болгондо эч качан зерикпейбиз. Башкысы, бири-бирибизди толуктап, түшүнүп турабыз.

– Белгилүү кызга үйлөнөрүңдү укканда ата-энең кандай кабыл алышты?
– Мен үйдөгүлөргө дайыма өзүмдөгү жаңылыктар менен бөлүшүп турам. Биздин үйлөнөрүбүздү апам, бир туугандарым көптөн бери билишчү. Тууган-урук укканда биринчи ишенишкен жок. Азыр баары бакыт каалап сүйүнүп жатышат.

– Үйлөнүү сунушун киргизүүдө фантазия аралаштыбы же түз барып эле колун сурадыңбы?
С.:
– Бул суроого мен жооп берейинчи. Мен Инстаграмда түз эфирде күйөрмандарым менен баарлашып отургам. Ошол жактан Максат аке үйлөнүү тууралуу сунушун айтып калды. Алгач ишенген жокмун. Кийин телефон чалып «эгер чын эле ошондой оюңуз болсо, Бишкекке келиңиз» деп телефонумду өчүрүп койгом. Анан ошол түнү учуп келип калды, телефон чалып «эшикке чыксаң» деди. Чыксам, гүл, шакегин көтөрүп турат. Ошентип чогуу болууга макулдаштык.

– Үйлөнөрүңөрдү Гүлшайыр эже кандай кабыл алды?
М.:
– Мен Сайкалдын макулдугун алгандан кийин апабызга айткандан тартынып көпкө жүрдүм. «Жок» деп каршы болуп койсо эмне кылам деп ичимден бир аз кыйналдым. Айта албай жүрүп арадан 4-5 айды өткөрүп жибердим. Акыры апабыздын жакындарынан айттырууга туура келди. Чынын айтыш керек, алгач каршы болгондой болуптур. Анан «быйыл эмес, кийинки жылы үйлөнүшсүн» дептир. Бирок акырындан ушул жылы үйлөнөлү деп көндүрдүк. Ошентип апабыздын ак батасын алгандан кийин мен апамдарга айткам.

– Тойдо эки жаштын досу, курбусу ким болот?
М.:
– Менин досумдун милдетин Нурлан (ред.: Нурлан Насип) аткарат. Нурлан да мен сыяктуу толкунданып «эмне кылалы, кандай кылсак?» деп кубанычыбызга ортоктош болууда.
С.: – Классташым Жанара курбу кызым болот. Ал көйнөгүн тандап койгон.

– Тойго даярдык кандай? Экөөң тең чыгармачыл адамдарсыңар, өзгөчө кылууга аракет кылып жатсаңар керек...
М.:
– Тойдун жоопкерчилиги чоң экен. Бассам-турсам да ойлонууга мажбур болуп жатам. Ооба, өзгөчө кылсак деп аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса, баарына той учурунда күбө болосуздар.

– Үй-бүлөлүү болуу алдындагы жоопкерчилик кандай экен?
С.:
– Жоопкерчиликти азыртадан эле сезип жатам. Баш кошкондон кийин айылга, Ала-Букага барып 20 күндөй жүрүп келебиз. Ошол учурга даярданып жүрөм. Келиндик милдетти да татыктуу аткарам деп өзүмө ишенем. Максат аке жардам берип турат деп ойлойм.

– Алдыда кандай пландар бар? Максат Сайкалга продюсер болот деп да айтышууда?
М.:
– Биздин алдыдагы эң чоң максатыбыз – үй-бүлө куруп, бактылуу жашоо. Албетте, бул нерсеге Сайкал да, мен да даярмын. Чөйрөбүз бир, Сайкалдын таланттуу экени баарыбызга белгилүү. Демек, чыгармачылыгына карата сөзсүз жакшы пландар болот.
С.: – Максат аке жумушун уланта берет. Мен жогоруда айтылгандай эле алгач үй-бүлөбүздү түптөп алалы, анан чыгармачылык жөнүндө ойлонууга убакыт табылат.

– Ошто жашайсыңарбы же борборго көчүп келип, чыгармачылыкты күчтөйсүңөрбү?
М.:
– Ошто эле жашайбыз. Анткени быйыл үйлөнүүгө камынып жазда Оштон үй сатып алгам.

– Сайкал, өзүңдү кандай келин элестетип жатасың?
С.:
– Мен тамакты жакшы жасайм. Азыртадан эле апамдын (ред.: кайненеси) кандай тамактарды жакшы көрөрүн сураштырып жатам. Буюрса, кайын журтума сонун тамактарды жасап берип мактоого татысам деп жүрөм.

– Максат, чыгармачыл чөйрөдөн болгон үчүн Гүлшайыр эже менен тыкыр иштешип келесиң. Ал адамдан мурун сүрдөчү белең, азыр кандай абалдасың?
М.:
– Апамды көп жылдан бери тааныйм. Негизи тартипке бекем аял. Ошондуктан ал киши менен баарлашканда ойлонуп анан сүйлөчүмүн. Азыр ойлосом, кайненем болорун билгендей мурунтан эле өзүмдү жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кыла берчү экенмин. Бирок апам биздин мамиле жөнүндө билип, той күнү белгиленип калгандан бери уялып алдынан чыга албай качып жүрөм.

– 25-октябрда ага-тууганың менен барып, кыргыздын салтына ылайык Сайкалга сөйкө салдың, чыныгы толкунданууну ошол жерден сезсең керек?
– Ооба, катуу толкундандым. Толкунданганымдан денемди калтырак да басты. Апам, бир тууган агам, жеңем, абаларым, таежелерим болуп Сайкалдын үйүнө барып сөйкө салышты. Сөйкөнү жеңем тандаган, абысындардын табити окшош окшойт, Сайкалга абдан жакты. Болочок келинине апам өзү сөйкө салды. Мен болсо толкунданып калтырап, титиреп сыртта жүрдүм.

– Рахмат маегиңерге, бактылуу болгула.

Максат: "Көптөн күткөн күн. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалууда. Апам жана апамдын келини".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  25 
Комментарийлер(84)
01.11.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ырчыны аялым дебе,шоферду куйоом дебе-деп ата бабаларыбыз эн туура айткан.Азыркы айрыкча артистер,элге таанымал инсандар тез эле ажырашып кетип атасынар 1жылга жетпей эле.айыбынды ашырбай жакшына жашап кеткиле эми
01.11.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ulik.uma04,Баары ниетке,пейилге жараша болот!деген да соз бар беле?.
02.11.2017. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ulik.uma04, азыр кыздар балалуу болуп анан ажырашат. Бир нерсе десе баланы шылтоо кылып канчасы журот. Артистер!!!
01.11.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ала. Буканын кай жерине тийип атат
01.11.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сайкал чындыгында жөнөкөй, абдан жылдыздуу кыз. Менин каалоорум түбөлүккө бирге болушсун.
01.11.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
2 жыл суйлошсо кантип дагы деле Аке деп жургон
02.11.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Саби,Ыйманы бар кыз ошондой дейт 2 жыл эле эмес омур бойу.Силер оз Ата-Эненерди да сен дейсинер ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 15:24:31
01.11.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу, жаштарга улгулуу уй булоолордон болгула! :)
01.11.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маегинер сонун болуптур,берилип окуп аягына кантип жетип калганымды сезбей калдым.Бактылуу болгула суйушкон эки жаш!)))
01.11.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээ Сайкал чалкалап калдын еле жакшы ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 10:29:36
01.11.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула. Уйлонуу, же болбосо турмуш куруу оной. А бирок, бирок, эртенки келечекти, турмушту алып кетуу аябай кыйын. Жоопкерчиликтуу болгула. Элдин адамысынар.
02.11.2017. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сайкал мага абдан жагат. Ар кандай ушактардан алыс болуп турмушка сапар тартканына кубанып отурам АЛЛАХЫМ бакыт берсин кармашкан колунар узулбосун...
02.11.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Максат кызык го эмитен эле апабыз дейтго тообо, хотябы тойго чейин Гулшайырэже эле деп турбайбы ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 10:20:58
02.11.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайбыз.бактылуу бол ылайым.кармашкан колунар узулбосун.созго калбай омур бою бактылуу болгулачы....ойдодо обок ылдыйда жолок болуп бири биринди тушунуп дегендей.а то уйлонду деп окуп буткучо эле ажырашты кокуй дегенди угуп жаман болот экенсин.ар бир инсан бактылуу болсун 2 дуйно.
02.11.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Огоо жакшы жаңылыык☺ Кыздын бараар жери күйөө демекчи.Сайкал ылайым түбөлүкө бактылуу болгула!!!♥♥ Аллахым буюруп насип кылганы болот албетте,бул да аллахтын бешенеге жазган тагдыры.Эмнеси болсо да бир гана бактылуу болуп,сүйүүңөр түбөлүктүү болсун!!!
02.11.2017. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуу адамды жаш бала кылып койобу билбейм, айтор экоо тен жаш балдардай суйуунуп алышыптыр:) Макс братанга айтарым олло жакшы кызды алып жатасын бактылуу болгула, чогу болгула, быжырап балалуу болгула!
02.11.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болушсун!Сайкал жакшы кыз негизи
02.11.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Экооно тен бакыт каалайм.

Бирок интервьюда калп создор коп сыяктуу. Мисалы мен Экоонун уйлонуу тууралуу чечими 5-6 ай мурун кабыл алынганына, Гулшайыр эженин каршы болгонуна ишене албадым... Менимче Сайкал тууралуу жакшы-жаман кеп-создор кобойуп кеткенде эле, Гулшайыр эже, озу куйоо бала тандап, кызын озу узатып жаткандай туюлуп жатат шашылыш......
02.11.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ала-Бука менин айылыма келин болот турбайбы Азаматтар бактылуу болгула куттуктайм.
02.11.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сайкалды жонокой, ыймандуу кыз деп билем. Акыркы айтылган ушак кептерге ишенген жокмун чынында. Сайкал сага уй булоолук бакыт каалайм. Чыгармачылыгынды эч качан таштаба, биз куйормандарын сени ар кандай убакта колдоого даярбыз. Чыгармачылык ийгилик
02.11.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Super Infonun koldonu4ularyna aitarym aiyldyk shaardyk dep bolunup alypsynargo a tak but baarynar ele aiyldyksynar aiyldan torolup osup turup Ke4e ele shaarga bara kalyp oruscha an4a myn4a 4ala suilop kalsanar ele shaardyk bolo kalasynarby koigula myndaiynardy bir eldenbiz Manas atanyn urpaktarynanbyz bolunbogulo andan korok Saikalga Maksatka Bakyt kaalap jazgandyn oorduna Eki ekiden uruwpai bawka jurtar uksa Ne deit ansyzda sozgo kepke kalyp jatabyz kyrgyzdar oz Elin ozu kyryp jeit degen
05.11.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
келин кайнене окшошко
02.11.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал жакшы кыз бак уу бол ылайым, түштүк тапапта аке деп көбү сүйлөшөт өмүрдүк жарын,ал сый эле деп ойлойм кээ бирлерине окшоп ата- энесин "сен " деп сүйлөгөгөнгө караганда
03.11.2017. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар
04.11.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге концерт коюп келгенде свет очуп калган,ошондо элди ар нерсе ойлоп таап алаксытып отурган Сайкал,баа бергем.
Тарс—турс кыз эмес назик корунгон,болгону спортивная телосложнение,ошого эркектей сезилет.Соонун эле кыз.Бактылуу болсун
04.11.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуңуздар.....
04.11.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол!кээ бир адамдар ажылдай берет түшүнбөй сени менен жашап жаткандай а сен андайларга көнүл бөлбө сен өзүн үчүн жашайсын биз үчүн эмес!!!
04.11.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула тен арып тен карыгыла
05.11.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
05.11.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Макс Алабукадан экен да э?бактылуу болушсун.
05.11.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,баш кошкон эки жаш!
06.11.2017. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апам деп алыптыр го Максат Гулшайыр торогонсуп
06.11.2017. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
канча жыл апа дейт экенсин
06.11.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин жердешиме турмушка чыгат экенда.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо