Дилшат Кангелдиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БУЛ БИЗДИН ЭС АЛУУЧУ ҮЙҮБҮЗ»

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Бүгүнкү каарманыбыз комуз менен ырдаганда суктана карап, талантына ыраазы болбогон жан болбосо керек. Мен кеп кылып жаткан ырчы Дилшат Кангелдиева Бишкектин чок ортосунда, эң кооз үйлөрдүн биринде 2 бөлмөлүү батирде жашайт. Биз менен чогуу ырчынын үйүнө саякатка жөнөңүз.

– Үйүбүз Бишкектин так ортосунда. Жаныбызда филармония, концерттер болгондо бат эле барып, бат эле келип калабыз. Терезеден көчөнү караганда кадимкидей эс аласың. Аллея, гүлдөр.
Мындан башка жер тамыбыз, анан 3 бөлмөлүү батирибиз бар. Бул эс алуучу үйүбүз тойдон, коноктон келгенде бизге энергия берет. Жолдошум филармонияда «Камбаркан» фольклордук ансамблинде эмгектенет. Кээде ал дагы кеч келет.
Үйдүн чарчы метрин 1200 доллардан сатып алганбыз. Жалпы аянты – 66 чарчы метр. Үйдүн пайдубалын тургузуу үчүн чуңкурун каза баштаганда эле акчасын төлөй баштаганбыз. Курулуп бүткүчө бүтпөй калбайбы деп бир топ сарсанаа болдум. Акчасын мен биринчи төлөп бүткөн экенмин. Үй толук бүткөндө тургундардын ичинен мага биринчи ачкычын тапшырышты. Кошуналарымдын баары атактуу адамдар. Бири журналист болсо, экинчиси коомдук ишмер дегендей. Жаш кезден бери үнөмдөп, чыгармачылыгымдын аркасы менен тапкан акчамды чогултуп жатып ушул үйдүн ээси болдук. Бул үйдө жеке менин салымым чоң десем да болот.

КОНОК БӨЛМӨ-АШКАНА

– Конок бөлмө менен ашкана бир бөлмөдө жайгашкан. Чынында үйдөн көп тамак жасабайм. Кечкисин көпчүлүк күндөрү иш-чараларда, тойлордо болобуз. Анан да кыргыздар сөзсүз үйгө тамак-аш салып беришет эмеспи. Шашылыш болсо үйдүн алдыңкы кабатындагы кафеден тамактанабыз.
– Интерьер хай-тек стилинде жасалгаланды. Терезе парда, диван, ламинат, кафель, обои, асма чырак менин табитим менен тандалды. Биринчи жолу баарын өзүм тандап жаткандыктан, бири-бирине айкалышпай калабы деп корктум. Интерьер толук жасалгандан кийин бир нече килем алып келип салдырып көрүп, ушул килемди жактыргам. Парданын бүтүшү 50 000 сом болду. Пардага атайын сыя өң коштургам. Бул менин сүйүктүү түсүм. Пардага өңдөш болсун деп ушундай түстөгү диван алгам, баасы 45 000 сом. Өтө кымбат эмерек албайм. Анткени алмаштырып турганды жактырам.


УКТООЧУ БӨЛМӨ

– Тойго, концерттерге чыгарда мени ушул бөлмө боёп, сулуулап узатат. Кайра келгенде тосуп алып, уктатат. Шифоньерде азыркы сезонго ылайык кийимдерим турат. Калган кийимдерим жер тамда.
Уктоочу бөлмө бир аз караңгыраак болсун деп кара, ак обои алгам.


КИРЕ БЕРИШ

– Кире бериштеги бут кийим салуучу шкафта кир жуучу машинабыз да жайгашкан.


ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ

– Жуунуучу бөлмөнү да өзүмдүн табитимде жасайын деп ойлонуштуруп жатканымда, балам «мен тандап берем» деген. Балам экөөбүздүн табитибиз эки башка экен, менин оюмдагыдай чыккан жок.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Дилшат Кангелдиева үйү менен тааныштырды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(29)
31.10.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ото мактанып алганбы?
31.10.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеке менин салымым чоң дегенде эле уялып кеттим))
04.11.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
General.kg,туура айтасын.эми кийинки санда жолдошу чыкпаса эле "жок менин салымым чон" ддеп.негизи берарманга бешоо коп дейт го уйу кымбат экен жолдошу деле карап турбаса керек
31.10.2017. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактанып алды.
31.10.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ак оргоонуз кут болсун.
Медиа-портал
31.10.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир буюмунун баасын айтып жакшы эле мактаныптыр.Уйунуз кут болсун.
31.10.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыз.мындай уйго качан жетем((
Медиа-портал
31.10.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы,мыкты ырчы,үнүңүзгө береке! Талантыңыз ташкындап,өнөрүңүз өркүндоп өсө берсин. Үйүңүз береке ырыскыга толуп ташып турсун,талантыңыз баа жеткис адамсыз!♡
31.10.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтө кымбат албайм деген пардасы 50 000го))
03.11.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shahrizaada,м актанганда адам ошентип суйлойт"арзан эле 50 000сом "деп;))
Медиа-портал
31.10.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы кундорго насип кылсын.жуксун жуксун..
31.10.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызымдын жакшынакай ырчы эжекелерибиз аман болушсун.
Орду барда козу барда сыйлай билели, булар чыныгы таланттар.
Азыр эркеке караганда аял киши кучтуурок брлуп калбадыбы,
анан албетте эже мандай тери мн тапкан ырыскысы мн болушуптур.
Кыргызстанда Уйлордун баасы чет олколордон кем калышпай баратат.
Экономикабыз минтип олтурса тапкан акчабыз жеп ичкенге жетпей же кийингенге жетпей, качан уйу жоктор уйлуу болоор экенбиз
01.11.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
DAKS,ошентип мен дагы ойлонуп журом
Медиа-портал
31.10.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Штораларыныз жакты!!!Ак жолтой уй болсун!
31.10.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу жылдыздар эмнеге үйлөрүн мактанып чыгышат булардын үйлөрүн кимге кызыгы бар.
Медиа-портал
31.10.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак жолтой уй болсун,уйкнуз.Жакшыы эле акчасы кеткенго жалан гана баасынаанан "озум"-деп кетиптирго.Жолдошу жокпу?
31.10.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунун акчасы кетип сатып алыптыр анын эмнеси бар экен эми. Бироо алып берди деседа соз кыласынар... Жакшы соз айта албайсынбы унчукпа деген туура соз озу чынында... Кудайым бизгеда сиздин уйунуздой уйду насип этсин. Уйунуздо жалан жакшылыктар болсун.
01.11.2017. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошундун деле салымы бар да тен тен себеби сени
менен жашайт ото мактанып коюптурсун го
01.11.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тюль жакты сонун экен. Менда ушундай тюльдан тиктирбесемби
02.11.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйунун ремонту аябай сонун болуптур. Ак оргонуз кут болсун. Мактанбаптыр журналисттер бааларын да айтыныз деп айтса керекда.
02.11.2017. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эжени башкача элестетчүмүн,өтө мактанат го.Биякта мен ыңгайсыз болуп кеттим.
SUPER.KG видео
02.11.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баасын айт деген учун айтып жатат да. Озу эле бул мынча деп мактанбайт эле да.Алып баруучуну да башында тартса болмок экен ,баасын жана уйунуз менен тааныштырыныз деп баштаса окугандар мындай коммент жазбайт эле.Эже аябай жакшы тааныштырган ким уй жасалгасы менен алек болуп жаткандарга пайдалуу кенештертер экен
02.11.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Куйоосу тондук колдон Камбарканда иштейт куйоосунун аркасы да бул ийгилиги! Гулзат Байзаковага окшоп куйоонду кошуп суроту менен чыгарып мактансан жарашмак,жаккан жоксун!
Медиа-портал
03.11.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дизайнер жалдаса болмок экен.Ак оргонуз жайлуу болсун!
03.11.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сындашты кыйын билебиз а бирок ошондой сынга татыктуумунбу деп ойлобойбуз,бар нерсесин мактанса эмне экен? колунан эч нерсе келбей деле мактанып атышпайбы.
03.11.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты,сонун болуптур,ушл уйло кооп жакшы тойлорду откозунузю.
04.11.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжолтой уйлордон болсун,озунорго насип кылсын,Дилшат Кангелдиевадан да интервью алгылачы деп чанкап аттынар эле,эми минтип сындап жазганынар эмнеси?
SUPER.KG видео
09.11.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча соз байлыгыныз жетпей калыптыр обои - дубал кагаз, ткань - кездеме, цвет - тус, фиолетовый - кырмызы жана ото кымбат эмес ото арзан эмес деген созду бир соз менен орточо баада десениз болот Уйунуз кут болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо