КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛЕ ЭЛЕК

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Кыргыз Республикасынын Сапар Исаков баштаган өкмөт делегациясы Арменияда өткөн ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешмесинде кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү козгоду. Өз сөзүндө Кыргыз өкмөт башчысы биримдиктин келишимдерине ылайык, кыргызстандык унаалар тоскоолдуксуз өтүшү керектигин эскертип, казак тарап бул маселени жакын арада чечерине ниеттенерин билдирди.
Буга чейин өкмөттүк делегациянын Астанадагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Жол картасы кабыл алынган. Бирок Ереванда кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин да Жол картасына кол коюлган жок. Экономика министри Артём Новиков аталган документке кол коюлган күндө дагы чек ара көйгөйү дароо чечилип калбай турганын айтты. "Жол картасында кыргыз тараптын милдеттери көбүрөөк болгон, буга карабастан макулдашууга бардык. Муну биздин ишкерлердин Казакстандын аймагынан чек ара аркылуу өтүүсүн жеңилдетүү үчүн жасадык. Бирок казак тарап Жол картасына кол коюлса да чек ара ачылбайт жана чек арадан эркин өтүү болбойт деп маалымдаган. Ошондуктан бүгүн Жол картасына кол коюлган жок",- деди министр.
Эске салсак, чек арадагы тоскоолдуктар 10-октябрдан тарта жаралган. Эки тараптын 18-октябрдагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жарандардын, каттамдагы автобустардын жана жеңил унаалардын жүрүшү жеңилдегени менен, жүк ташуучу унааларды коё берүү маселеси толугу менен чечиле элек.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо