Малика Дина, ырчы: «ЖАШООМДУ ЖАҢЫ БАРАКТАН БАШТАГЫМ КЕЛЕТ»

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.


Белгилүү ырчы Малика Дина жакында эле Дубайдан келип, учурда той, концерттерге катыша баштады. «Сахнаны, микрофонду, ырдаганды абдан сагыныптырмын» деген ырчы чыгармачылыкка эми катуу киришем дейт. Эсиңизде болсо, ырчы жыл башында машинага байланыштуу чырлуу окуяга кабылган. Бирок аталган окуяда анын иши сотко жетпей, эки тараптын тил табышуусу менен жыйынтыкталган. Ырчы жашоосунда болгон жагымсыз окуялардын баары артта калганын айтат.

– Куш келипсиң Малика, бул жыл сен үчүн оор өткөнүн билебиз. Жашооңдо болуп өткөн окуялар сени турмушка бышырды окшойт?

– Саламатсыздарбы, негизи адам баласы жыл сайын чоңоюп турат окшойт. Жашоого, жаныңдагы адамдарга, жадакалса үй-бүлөңө кылган мамилең, көз карашың өзгөрөт тура. «Турмуш мыкты тарбиячы» деген сөзгө эми ишенип турам. Анткени ата-энеңди укпай калганда турмуш өзү эле ордуңду таап берип коёт экен. Чынын айтсам, жашоомдо көп жагымсыз окуялар болуп кетти. Акыркы окуялар, ага чейинкиси, балким, алдыда мени дагы башка сыноолор күтүп жаткандыр. Бирок мен ал кыйынчылыктардын 50 пайызына даяр болуп, бышып калдым. Мурун элдер «сен жакшысың» деп мактаса, «ии, жакшы турбаймынбы» деп ишенип калган кыз болсом, азыр мен адамдардын ар бир сөзүн талдап, андан жыйынтык чыгарганга үйрөндүм. Адамдар менен сыр бөлүшкөндө да күйөт экенсиң. Азыр сырларымды ичиме катканды үйрөндүм. Негизгиси мамиле түзүүдө туура адамдарды тандаш керек экен. Буга чейин мени көп керексиз адамдар курчап жүрүптүр, азыр алардан тазаландым. Жашоомдо болгон жагымсыз окуялардан дагы эле өзүмө толук келе элекмин. Ошончо талкууга калып, сөз уккан адам оңой менен өзүнө келе албайт тура. Ал үчүн күчтүү мүнөз керек. Өткөн окуяларды эстеп азыр да жаман болуп жатам (жашып).

– Кичинеңден сахнада өсүп-чоңойдуң, чыгармачылыктын ысык-суугун көрүп калдың дегендей...

– Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Сахнага 6 жашымда чыккам. Азыр кызымдын ырдап, бийлегенин көрсөм кадимкидей коркуп кетем. Эртең мага келип «апа, мен ырдайм» десе эмне кылам деп кооптоном. Балаңдын келечеги үчүн кабатыр болот экенсиң. Өзүм абдан эрке өстүм, эркелигимдин айынан эле сахнага чыгып алдым окшойм. Апам «кызым, кой, кыйналасың» деп көп айтчу. Бирок менин көңүлүмдү кыя албай койгон тура. Мен апамды эми түшүнүп турам. Анткени мен да кызыма эч нерседен жок дей албайм. Апам мени бир аз ырдап кайра унутуп коёт деп сахнага чыгарса керек. Убакыт өттү, Малика чоңоюп баштады, сахнанын даамын татып андан ары кетти. Андан кийин шоу-бизнесте ырчылар көбөйүп башка деңгээлге көтөрүлүп, кулачы кеңейе баштады. Ошондо «мен ырдабай койсом эле элдер унутуп калышат, андан кийин жакшы жашоону баштайм» деп ойлочумун. Өзүм апа болдум, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп калдым, бирок ырчылыкты эч эле таштай албай койдум. Бассаң-турсаң музыка угасың, сыналгыдан кесиптештериңди көрөсүң, анан сагынып кетесиң. Кош бойлуу кезимде сахнаны сагынганымды сурабаңыз, караокеге барып ырдагым келип, микрофон кармагым келип, айтор, ырга талгак болгом.

– Сенде келбет, үн, баары бар, учурунда катуу иштеп албаганыңа өкүнөсүңбү?

– Учурунда апам «кызым, сени иштесин, жыйынтык көрсөтсүн деп сахнага алып чыккам. Тур, барып ыр жаздырып кел» деп мени милдеттендирген кездер болгон. Бирок анда эркелик кылып уккан эмес элем. Апам түрткүлөп жүрүп эле канча ырым жазылып калды. «Көлдүн жээги» деген ырды сунуштаганда ырдабайм деп каршы чыккан элем, азыр ал ырымды сүйүп угам. Кызым да ошол ырымды берилип угат. Былтыр «болду, сахнага кайтып, баш-отум менен иштейин, жаман нерселердин баары артта калсын» деп концерт бергем. Бирок көп өтпөй машинага байланыштуу жагымсыз окуя башталып кетти. Башында күйөөм тууралуу сурап, сөз кылышса, кийин «машина эмне болду?» деп сурап башташты. Айтор, дарегиме айтылган өйдө-ылдый сөздөрдөн чайналып калдым. «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген кеп бар эмеспи, аны элге далилдеш үчүн убакыт керек болду. Үйдө отурганда иштебей калдым, кысылып кеттим. Мага ошол учурда бир жакка кетиш керек болду.

– Анан Дубайга сапар алдың... Ал жакта эмне жумуш кылдың?

– Дубайда апамдын сиңдиси иштейт. Жагымсыз окуялардан кийин ал эжем мени келип иштеп кетсин дептир. Эжемдин чакан дүкөндөрү бар, ошол жакта сатуучу болуп иштедим. Кыргызстанды сагынганымды мындан билиңиз, аэропорттон кыргыздардын баары көзүмө укмуш сулуу көрүнүп кетти. Дубайга кайра кетсем деле болот, бирок бул жакка келгенде «кетпейм, жетишет! Кыргызстанда калам. Чыгармачылыкка кайтам. Сахнага кайтам» деп чечтим.

– Инстаграмда жолдошуңду сураган күйөрмандарың көп. Жеке жашооңдо күйөрмандарыңдан жашырчу кандай сыр бар?

– Менин күйөрмандарымдан жашырчу эч нерсем жок. Чынын айтсам, менин кызымды төрөлгөндөн баштап апам карады. Атасы, анын туугандары менен жолугат, мен ага чектөө койбойм. Өзүм ата мээримине тойбой чоңойгом, андыктан атанын ордун билем. Эгер жубайлар жолдон адашып, жаңылышып калса, ортодо бала жабыр тартпашы керек. Мен кызымды ата мээриминен ажыратпаганга аракет кылып жатам. «Ажыраштыңбы, жолдошуң каякта?» дегендерге жообум: мен азыркыга чейин мыйзамдуу түрдө жолдошумдун аялымын. Колумда нике күбөлүгүм бар. Билбейм, барып арыз жазганга убакыт табылбай жатат. Болбосо бир жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Жолдошум экөөбүз жакшы мамиледе эки айрым жолго түштүк. Өткөнгө өкүнбөй, жашоомду жаңы барактан баштагым келет.

– Маегиңе чоң рахмат. Ишиңди ийгилик коштосун.

"Кызым мен Дубайда жүргөндө апам менен тойлорго да барып калыптыр. Апам ырдап жатса, кызым жанында бийлеген видеосун мага жиберишкен эле, көрүп каткырып алдым".


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Малика Дина акыркы окуядан кийин маек куруп, жолдошу менен эки жолго түшкөнүн ачыктады

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(68)
08.11.2017. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашоодо бары болот! Бирок балалуу болгон сон Баланы биринчи ойлош керек!
08.11.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Маликанын уну зынк,Анжелика Самаралар жолдо калат,бир гана аракет кылып жакшы продюсер таап иштеш керек.
08.11.2017. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аябай таланттуу кыз,бирок бир аз жалкоо анан эрке болсо керек,апасына таянып конуп калган..Жакшылап иштесе кооп ырчылар Маликанын чаңында калат болчу,үнү аябай соонун,ырлары аз болсо да баары уккулуктуу,соонун аткарган.
08.11.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйосу ким болчу Маликанын?
08.11.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан таланттуу
08.11.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми чык, колумда куболук дебей бир жансыл бол, дагы чайналып каласын
08.11.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш Малика эженин шоубизнесине кызыгып уйлонгон тура,эми мынтип сыноолорго кабылганда жалгыз таштаган эркек,ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 15:36:22
08.11.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара эже аябай акылдуу буйурса сенин тарбиянды жолдо калтырбады азамат эркелигин болбосо талантын таш жарат
08.11.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откондо Музканалдан ретро клиптерди корсотуп аткан. Бир маалда ширин кыз, эч нерседен капар жок, чачын экиге байлап, аруу таза кулкусу менен клипте жургон экен. Жакшылап карасам Малика. Бат эле чоноюп калгандай туюлду. Сага бакыт каалайм! Кызындын омурун берсин!
08.11.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантына таазим. Красавица унуно береке
08.11.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Талантына таазим
08.11.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уну сонун ырларын укканда жыргаймго. Азамасын
SUPER.KG видео
08.11.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыз азыр дагы эле стресстен чыга албай, конулу, журогу ооруп турган экен. Маликаны аябай сындыргысы келишкенби ким билет, оз ара чечишип эле алышса болмок. Малика, дагы коптогон жакшылыктар алдыда. Баардыгы жакшы болот.
SUPER.KG видео
08.11.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Малика бактылуу бол. Сен азыр жашсын дагы коп ийгиликтерге жетишесин, бары алдыда. Жанында кучтуу апан, таттуу кызын бар. Алар сага ар дайым дем куч берип, колдоп турат. Зыян келтирген адамдан алыс эле туруш керек. Азыр дос деп билген адамдар душманга айланды. Жашоондогу ичи тар ашыкча адамдардан арылганын жакшы болуптур.
Ailino түзөттү 2017-11-08 22:31:26
SUPER.KG видео
08.11.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала кыргызго
SUPER.KG видео
08.11.2017. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бедная девочка
09.11.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабырдуу бол, баарын жеңесин.
09.11.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бир жолу общая тетрадь эле ачып ал
09.11.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик каалайм,сенде баары бар,аракет кылып тынбай иште
09.11.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика, сага бакыт-таалай, чоон-чоон ийгилик каалайм! Мен Динара эжени оз эжемдей, сени озумдун синдимдей жакшы коромун! Алга!
10.11.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошун сага татыктуу эмес экен.Буйруса баары жакшы болот. Ыйлаба алтыным. Оз тенинди таап,бактылуу бол.
10.11.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу кыз апасынын созун угуп ырдап эле журо бкргенде каап. Жигит пигитти кое туруп иштесе болмок.нурдинге тием деп кайра азатка тийип алды го тушунбой калдык..атасы да коп уят кылып койду. Кызына соз тийип калды. Айтор тоюнан мурун бешик тою болгондо тунулгом
11.11.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун эри ким өзү?
11.11.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Малика сен аябай кучтууу кыз экенсин. Эр куруп калыппы бир соройдун артынан мынтип озунду таштаба. Коздуу мончок жерде калбайт. Бактылуууу бол. Эч ооруба ден соолук болсо баавры болот. Сен сулуу,жылдыздуусун
11.11.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Малика сени кудай колдосун,бул кундор дагы отот, пешенене нени жазса ошону коросун,сабырдуу бол,сабырдын тубу сары алтын,сен бактылуусун татынакай кызын бар,биз жакшы коргон ырчы Динара эжекебиз сенин апан бар.Бактылуу бол,биз сени жакшы коробуз.
12.11.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малика сулуусун талантын бар унун сонун, кыргыз элин ырларын менен кубанта бер.
13.11.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алга алтын кыз! башка ырчыларга окшоп жасалмаланбай ачык суйлоптур молодец. ийгилик жана ийгилик! Алла озу колдосун
13.11.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тооба Малика чонойуптур кыйла.Создорун карасан тимеле чон эне.
SUPER.KG видео
23.11.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика абдан жаркылдаган жакшынакай жагымдуу кыз. Бактылуу болсун.
SUPER.KG видео
24.12.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagy dele taanybayt ekem.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо