ЧОҢ АШКАНАДАГЫ КИЧИНЕКЕЙ СЫРЛАР

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.



Соусту
көп жасап алдыңызбы? Төгүп салууга ашыкпаңыз. Ашкан соустарды чакан целлофан баштыктарга куюп, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө тоңдуруп коюуга болот.




Көк чөптөрдү
айнек идиштерге салып, оозун бекем жаап муздаткычта сактоо пайдалуу. Бул учурда алар даамын, түсүн жоготпой, бузулбай, саргайбай, кургабай 1 айга чейин сакталат.

 


Кээде жумуртканын агын колдонуп, сарысын эмне кылууну билбей калабыз, же тескерисинче... Мындай учурда аларды тоңдуруп коюуга болот! Ал үчүн муз тоңдуруучу атайын калыпка куюп, бир аз туз же кумшекер себелеп тоңдуруп койсоңуз, кийин керектүү учурда колдонууга жарайт.

Баарыбыз билгендей, сабизди жерге көмүп сактайбыз. Эгер аны топуракка эмес, кумга көмсөңүз, биринчиден, чирип, соолуп кетүүнүн алдын алып, узакка сакталат, экинчиден, ылай болбой, казып алууга жеңил болот. Ал эми шаардыктар үчүн кум салынган ящиктер ыңгайлуу.

Балдын
даамын бузбай, пайдалуу заттарын жоготпой бир нече жылга чейин сактоого боло турган азык. Ал үчүн аны сактоочу идишти туура тандоо керек. Эң жакшы вариант – бул күңүрт түстөгү, капкагы бекем жабылган айнек идиштер. Балды темир, сыр идиштерде көпкө сактоого болбойт. Бул учурда алар даамын өзгөртүшү мүмкүн.

Сүт
– бат бузулуучу азыктардын катарында. Бирок аны көпкө сактоонун жолу бар. Ал үчүн бизге муздаткычтын тоңдургуч бөлүгү жардамга келет. Тоңдургучта сүт 4-6 жумага чейин даамын, сапатын бузбай сакталат.


Жумуртканы
сууга бышырып жатканда идишке лимондун бир кесимин же жарым чай кашык ашкана содасын салып койсоңуз кабыгы оңой аарчылат.


Картошканы
кабыгы менен сууга бышырарда аны тең ортосунан тегерете акырын бычак менен тилип койсоңуз, оңой аарчылат.


Пияздан
коркосузбу, ыйлайсызбы? Коркпоңуз, аны жеңүүнүн жолу оңой. Пиязды аарчуудан мурун аны 15 мүнөткө муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салып койсоңуз, көзүңүздөн жаш агызбайт.

Электр мешине балык бышырууда ага астына лимон кесимдеринен “жаздыкча” жасап берсеңиз, табага жабышпай бышат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(11)
07.11.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат админ
07.11.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм
07.11.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суптарды тондуруп ичип коргом, даамы такыр башкача болуп калат.Мен тогуп салгам.
07.11.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага эн керектуусу кок чопторду сактоо болду.рахмат супер инфо!))
08.11.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш го
08.11.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп кабаттуу уйдо турабыз балконго ящике кум салып картошка, сабиз сактасак кышында тонуп калбайбы?
09.11.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agusha,тонот да ящигин кошо балкон жылууланбаган болсо..
08.11.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пиязды морозилкада 4-5 саат сакташ это не правильно! Ээригенде суусу чыгып кетпейби
09.11.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiturgasha,4-5 саат деген жок, 15 минута деди
13.11.2017. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу кенештер экен рахмат
13.11.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут эле морозилка го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо