Кубаныч Сатаев, ырчы: «МУРУН ЧУБАКТЫН УУЛУ ДЕШСЕ, ЭМИ САЛАМАТ CАДЫКОВАНЫН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ ДЕП КАЛЫШТЫ»

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

Менин дүйнөм«Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул» деген сөз бекеринен айтылбагандыр. Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев менен баёо балалыктан тартып 3 уулдун атасы болгонго чейинки өмүр сүртүмдөрүнө кайрылдык. Каарманыбыз «Мени атам менен көп адаштырышат. «Чубак, кандай?» деп кайрылып алгандар да бар» дейт.

«АВТОБУСТУН АСТЫНА КИРИП КЕТКЕМ»

– Мен Таластын Ключевка (азыркы Боо-Терек) айылында чоңойдум. Улуу небере болгондуктан, биринчи кубанычыбыз бек болсун деп чоң апам атымды Кубанычбек коюптур. Эркелигимден такыр колдон түшчү эмес экенмин. Чоң атам менен чоң апамдын колунда өскөндүктөн, алар мага сөз тийгизишчү эмес. Тентек элем, бутумду сындырып алган, жүрүп бараткан автобустун астына кирип кеткен күндөр болду. Биздин үй чоң жолдун боюнда жайгашкан.
Бир жолу уйдун бадасы келе турган маалда эжем мени чакырып калды. 5 жашар оюнкарак баламын, чуркап барып эле кантип Икарус автобусунун астына кирип кеткенимди билбейм. Дагы жакшы, эки дөңгөлөктүн ортосунда калыпмын. Бетим дөңгөлөккө тийип сыйрылып калган. Кудай сактап, аман калгам.
Атам иним Бакытты аябай жакшы көрчү. Тилекке каршы, иним 6 жашында автокырсыктан каза болуп, атам көпкө депрессия болуп жүрдү.

«АТАҢ ЖОК» ДЕГЕН СӨЗ ООР ТИЙЧҮ»

– Атам жылына бир-эки жолу үйгө келгени болбосо жер кезип гастролдоп эле жүрчү. Апамдын ошондон көңүлү калса керек, мени «ырчы болбой бөлөк кесипти тандачы» дей берет эле. Кийинчерээк деле атам бир учурда төрт жумушта иштеп жүрдү. Ал кезде атамды түшүнбөсөм, азыр өзүм балалуу болуп билип отурам. Байкуш атам балдарын багам деп ошентип тытынып иштечү тура.
Атам 5-класс­та окуп жүргөндө кайтыш болду. Ошондон бери ата мээримин көрбөй өстүм. Такыр эсимден кетпейт, мектептерге гуманитардык жардам келчү эмес беле. Мага да «атаң жок» деп жардам беришсе жүрөгүм ооруп, аябай жагымсыз болор эле.
Бала кезден чыгармачыл адамдар менен аралашып жүрүп мен да ошол чөйрөгө тартылып кеттим. Мектепти аяктаганда Талас облустук администрациясы окуу акымды төлөп, Искусство институтунда кинооператорлук кесипке тапшырдым. Студент кезде жатаканада жашап өз алдынча жашоого үйрөндүм. Ачка-ток болдук, «дедовщина» деген нерселерди баштан өткөрдүк дегендей. Атам жок, артымдан колдогон кишим болбогондон кийин өз алдымча аракет кылып баштадым. Сабактан чыгып алып фотограф болуп иштечүмүн.
Кийинчерээк Улуттук филармониянын астындагы студияга тапшырып, 2 жыл бою биринчи турунан өтүп, экинчисинен кулап калып убара тарттым. Аттарын айтпай эле коёюн, айрым адамдар менин өтүшүмө каршы болушкан. Балким, атама байланыштуу маселелер болгонбу деп коём. Кийин Опера-балет театрынын астындагы студияда өткөн сынакка катышып, Кайыргүл Сартбаева эжекебиз «классикалык сонун үнүң бар турбайбы» деп дароо өткөрүп салды. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Эжени ошондо аябай жакшы көрүп калгам. Ал жактан СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев агайдан вокал боюнча сабак алдым. Окууну бүтүп алып Таласта музыкант болуп иштеп жүрдүм. Тааныш байкелер келип «бул жактан өспөйсүң, борборго бар» дешкенинен Бишкекти көздөй бет алдым.

«3 АЙ ЫРДАП 8000 ДОЛЛАР ТАПКАМ»

– 2006-жылы Бишкекке келип эле «Бахчасарай» деген чайканада Кубаныч Ажыбаев экөөбүз иштеп баштадык. Экөөбүз алгачкылардан болуп кафеде жандуу музыканы аккордеон, комуз менен аткарганбыз. Кыргыздын саясий-бизнес элитасы ошол жакка барып эс алганды жактырышар эле. Иштеп жүрүп үнүбүздү таптадык, тааныш арттырдык. 3 айдын ичинде 7-8 миң доллардан тапканбыз. Ал жактан тапкан акчамды чыгармачылыкка жумшап ыр жаздырдым, клип тарттырдым.
Азамат деген казак байке биздин үнүбүздү аябай жактырчу. Кыргыздар сый деп 2000-3000 сом кыстарса, ал ар бирибизге 200 доллардан кыстарып «ставкабызды» көтөргөн.

«КУНДУЗДУ ОЙ-БОЮНА КОЙБОЙ ЖООБУН АЛГАМ»

– Жубайым Кундузга Бишкектеги кафелердин биринде үйлөнүү сунушун киргизгем. Келинчегим «ойлонуп көрөйүн» деп бир топко жообун берген жок. Ой-боюна койбой эле макулдугун алдым. Экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп, мен ырчынын баласы, ал ырчынын (ред. Саламат Садыкованын) кызы, сүйлөшө келсек оюбуз бир. Эки жыл ичинде бири-бирибизди сынап отуруп үйлөнүүнү туура көрдүк. Кээ бир үй-бүлөнү карасаң үйлөнгөндөн кийин чыгармачылыгы буулуп калат. Бактыма жараша, Кундуз мени бардык жактан колдоп келет.
Үч балабыз удаа төрөлүп чынында бир аз кыйналып калдык. Эркек балдар да өзгөчө тентек болот экен, пикирлери келишпей калат, үчөөнүн мүнөзү үч башка. Улуу балабыз Алишах менен Санат мушташып эле келе жатышат, бир жаштан бери атаандашып «разборкасы» бүтпөй койду. Кундуз экөөбүз тамашалап калабыз, «булар деги токтолот бекен?» деп. Кенжебиз Айкөл болсо туруш-турпаты менен мени тарткан. «Балалуу үй – базар» дегендей, балдарыбызга болгон дараметибизди жумшап, окутуп, тарбия берип келебиз.

«КЫЗЫП АЛГАНДАР АТАҢДЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМҮН ДЕП КӨП АЙТЫШАТ»

– Мурун мени Чубак Сатаевдин баласы деп айтышса, азыр Саламат Садыкованын күйөө баласы деп айтып калышты (күлүп). Кээде аксакал кишилер өзүнө айта алышпай «кайненеңди жаш кезимде жакшы көрчүмүн, салам айтып кой» деп мага айтышат. Атамдын күйөрмандары тойлордо кызып алып «атаң «красавчик» киши эле, жакшы көрчүмүн» деп айтып калышат. Айтор, менде эки жактан тең жоопкерчилик чоң.
Быйыл 6 жыл болуптур концерт бере элегиме. Тойго кызыгып эле жүрө бербей, элге руханий азык болчу ырларды тартуулап, ырчы болгондон кийин отчёттук концерт берейин деп ойлодум. Атамдын архивдерин казып отуруп сүйүү, анан Бишкек жөнүндө элге жете элек 2 ырын таап алдым, 9-ноябрда филармонияда өтчү жеке концертимде ошол ырларды элге алып чыгам.

"Кээде тойдо "апаңды жакшы көрчүмүн" деп күйөрмандары апама менден салам айттырышат".
"2-класстын окуучусумун. Атам Таласка келген сайын Манастын күмбөзүнө барып зыярат кылчу".
"Улуу балабыз таенесин, ортончубуз чоң атасын, кичинекейибиз мени тарткан".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Кубаныч Сатаев: "Кээ бир адамдар Саламат Садыкованын кызын атайлап алып алган деп ойлошот"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(33)
07.11.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-36
Эл туура айтат. Эми Саламат Садыкованын куйоо баласысын. Башка Эсте калаарлык эч нерсе жок сизде. Атанызлын ырын ырлап чыкктыныз,ыр тугонсо кайненениздин репертуарына отунуз
07.11.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Nanei,эмне антесин?Атасы тируу болгон чакта деле Аллах Саламат Садыкованын кызына насип-тузун буйруган болсо баары-бир Саламаттын куйоо баласы болмок.Атасын коро албагандар олтургонун баары билет кыргыздар. Кээ бир бул атактуунун балдарына караганда бул бала озун жакшы алып журот.Атасына наалат айттырбай
07.11.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
regina86,тууганым эн туура айтасыз,абдан табиялуу бала
07.11.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Nanei,хахаха кайненениздин репертуары )))
08.11.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nanei, ХХХХ жакшы соз Жан эргитет даман соз Жан кейитет/экоо бир эле ооздон чыгат!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-09 10:01:12
07.11.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары жакшы
07.11.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Уйгулуу уй було , улгулуу ата эркектер мына ушундай болсонор атасынын эле эмес кайненесин да жер караткысы келбеген адам .
07.11.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мага жагат. Жакшы ырчы. Озунор ошентип ырдап алгылачы.
07.11.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кой антпей атандын атын чыгарып жур.!Саламаттын куйоо баласы дебей Чубак Сатаевтин уулу дешсин.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-07 17:50:54
07.11.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламат Садыкованын куйоо баласы дешет деп сыймыктанганы эмнеси? Андан коро Чубак Сатаевдин уулу,ата жолун улады,залкар атасынын атын очурбой, жаман атты кылбай ырларын ырдап,,озу да онугуп келе жатат деген создор айтылса ошого кубанып,сыймыктанбайбы. Саламат Садыкова эжебизге жаман айткым келбейт,ал кыргыздын кыйын ырчыларынын бири. ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-07 17:52:06
07.11.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nibiru.,Эмнеси туура эмес болуп калды? Жаман эркек кайынчыл деген да бироону кордогондука жатабы?
07.11.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анын устуно копчулук белгисиз бир адамдын баласы болсо да бир жон. Буткул кыргыз эли сыйлаган Чубак Сатаевдин баласы болуп жатса. Минтип айтканы туура эмес. Кой,Кубаныч,анткенин туура болбойт. Экообуз мен билгенден тентуш болобуз. Мен тентуш катары кенешимди айтып жатам. Экинчи мындай интервью бергенди токтот. Анткени мен атандын,маркум Чубак Сатаевдин ырларын бала кезимен,азыркыга чейин угам. Озунун аткаруусунда. Анан баласы минткени мен учун ото оор тийди.
07.11.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн башкысы уйбуло пайдубалын уратпай 3 уулду чонойтуп, ынтымакта жашап жатыптыр. Эн башкысы ушул эмеспи. Чыгармачылык ийгилик, уйбулолук бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
07.11.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эч кандай жасалмалуулук жок,жонокой ,орду менен суйлогон жакшы артист.Коруп атабыз го ата-энесинин атагы мн чыккандар эмне болуп кетип атышат.
07.11.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Окуп алып мен уялып кеттим кыз башым менен. Кой, антпеш керек! Чубак Сатаевдин артында калган туяксын. Атандын атын чыгар!!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 11:09:52
07.11.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны уйлонгондо интервью берди эле го... «Кундуз «экообуз тен ырчынын балдары экенбиз»-деп биринчи кадам жасаган»-деп.
07.11.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахамат уй-булон менен бирге бол ар дайым,оркунун осо берсин!
08.11.2017. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми эл айтып жатат да С.Садыкованын куйоо баласы деп.С.Садыкова оңой ырчы эмес,бир эмес эки өлкөнүн эл артисти,элдин оозунда элек жок деген кеп бар. Кубаныч-жонокой,кичи пейил адам экени корунуп турат,жубайы да мыкты адамдын кызы, жакшынакай төп келишкен үй бүлөө,мончоктой балдары бар экен.Аман болгула,чыгармачылыгынарга ийгилик,кээ бирлер ойду тоону суйлой беришет
08.11.2017. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит дагы да атандын ырларын жанырта бер
SUPER.KG видео
08.11.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламаттын күйөө баласы болсо эмне болуптур силер биринчи ушул байкедей болуп алгылары ар кайсыны айтып дөөрүбөй
08.11.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голосу на любителя. Бирок харизма деген такыр жок. Мирбек,Султан деле красавчик эмес бирок харизмасы кучту алардын.
08.11.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакпайт,озунун бир жаны ыры жок атасынын эле ыры менен журот.Озунон 8жаг улууга уйлогон эркекда эркекпи?
10.11.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora, Супер инфого келиши эле эл оозуна алынганы да. ХХХХХ аялы озунон уулу болсо эмне экен зато биринчи аялы, Саламат эженин куйо баласы болсо эмне экен, президентин кызы болок улутка деле тийип атпайбы, харизмасы жок дейсинер, харизмасы жокторду президент кылып шайладынар го. Сындаганда чеги менен болсонор ХХХХХХХ Кубаныч алга анча мынча ХХХХХ тенелбей оз жолунду улай бер. Ийгили
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-10 12:45:53
08.11.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура жонокой суйлоду озунорчоле аталадан соок чыгарбагылачы кыйын болуп.
09.11.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы озунон чон болсо керек. Аялынын биринчи куйоосу Ким эле?
09.11.2017. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарынын розборкасы бүтпөгөнү кызык экен )))
09.11.2017. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
xa xa xaaaaaa,, maga baldarynyn razborkasy butpoi koigonu jakty, ot dushu kulup aldym.
09.11.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат ата баласы,эч нерсе эмес пайгамбар өзүнөн улууга үйлөнгөн эл оозунда элек жок капа болбо
09.11.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламат Садыкованын эмес эле, Чубак Сатаевдин баласы катары таанычыбыз эми билип журобуз Саламат Садыкованын куйо баласы экенин
09.11.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сыйлай Кубаныч Сатаевди, орду менен суйлогону, озун алып жургону жагат.Ырлары да уккулуктуу.Ийгилик!!!!!!
10.11.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 жаш улуу болсо эмне экен озалоруно пара эле экен..менин 2 кайынсиндим 12 жаш улуу..куйоолорунон..
12.11.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналис кыз Анапия ырчы эжекебиздин кызыбы.
12.11.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу жашка карабайт дейт го.Уй булоолук бакыт каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо