БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА КЫЗДАРДЫ КЫШКА КИЙИНТЕТ

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.


Ырчы Бактыгүл Бадыева акыркы учурда мода дүйнөсүнө сүңгүп кирип, орусиялык мода жана сулуулук боюнча эксперт, телеалпаруучу Эвелина Хромченконун курстарына катышып билим алууда. Бүгүн Бактыгүл кыздар үчүн кышкы образдарды сунуштайт.




КӨЧӨ СТИЛИ
– Моряктарга таандык жол-жол кийимди белгилүү дизайнер Коко Шанель алгач өзү кийип көрүп, анан кардарларына сунуштай баштаган. Мындай кофталар көк, ак, кара түстөгү скинни жынсылар, ак түстөгү бут кийим менен жакшы айкалышат. Бул – Сара Жессика Паркер, Камерон Диас, Кейт Мосс жакшы көргөн принттердин бири. Алар көчөдө ушундай стилде көп жүрүшөт. Ушул эле образды бир аз өзгөртүп, бийик такалуу бут кийим, пиджак кийип курбулар менен жолугушууга, туулган күндөргө деле барууга болот.




ЭКИ ИЙИНИ АЧЫК КИЙИМДЕР

– Эки ийини ачык свитерлер 2016-жылдан тарта актуалдуу болду. 2018-жылы да модадан түшпөйт. Азыр ийиндери ачык футболкалар, кече көйнөктөр, кофталар да модада. Жүндөн токулган свитерлерди ар кандай жынсы шымдар, жүндөн токулган юбкалар менен кийүүгө болот.




КОЧКУЛ КЫЗЫЛ ТҮСТӨГҮ КӨЙНӨКТӨР АЯЛДАРДЫН АЖАРЫН АЧАТ

– Кызыл менен күрөң түстүн кошулушунан келип чыккан кочкул кызыл түс – айымдардын сүйүктүү түсү. Бул өң көзгө толумдуу, көрктүү болуп, айымдардын ажарын ачып тургандыктан колго, моюнга чынжырча, шуру сыяктуу аксессуарларды тагынуунун кажети жок. Бир гана кулакка алтын түстөгү сөйкө жетиштүү. Андан сырткары бул өң чачы кара, күрөң кыздарга жакшы жарашат.




ВЕЛЬВЕТ, БАРКЫТ – КЫШТЫН ТРЕНДИ

– 2017-2018-жылдын модасында баркыт, вельвет жана велюрдан тигилген кийимдер өтө популярдуу. Кызыл, көгүш, ачык сыя түстөгү баркыт кийимдер модага кызыккан ар бир айымдын гардеробунда болот.




КЕҢСЕДЕ ИШТЕГЕНДЕР ҮЧҮН

– Кеңседе иштеген айымдар үчүн шым-костюмдар өтө ыңгайлуу. Чатыраш кездемеден тигилген кийимдер учурдун эң популярдуу кийимдери. Андыктан баш кийимден байпакка чейин чатыраш кийинүү мода, тренд, көркөмдүү. Бутту узун көрсөтүү үчүн эгер шымың кара болсо кара, күрөң болсо күрөң бут кийим кийүү зарыл.




КАРА ПАЛЬТО – БУЛ КЛАССИКА

– Классикага айланган кара пальто ар бир айымдын гардеробунда бар. Кара пальто каалаган түстөгү кийим, бут кийимдер, менен жарашат. Ачык өңдөгү жоолук, шарф, алынып, кайра тагыла бере турган мех жакалар менен кооздоо адамды көркүнө чыгарат.




БУЛГААРЫ КОШУЛГАН КҮРМӨЛӨР

– Ар бир айым жашоосун күрмөсүз элестете албайт. Бул кышта баркыт, чий баркыт, булгаары кесиндилери кошулган күрмөлөр модада. Андан сырткары ачык түстөгү күрмөлөр актуалдуу.




БОТФОРТЫ

– 2017-2018-жылы калың такалуу бут кийимдер модада. Тизени жапкан ботфорты кийсеңиз, модадан калбаган болосуз. Көйнөк, юбка менен кийүү айымдарды саркеч көргөзөт.




ЗАМША БУТ КИЙИМДЕР

– Замшадан тигилген жана өтүктүн башынан учуна чейин боосу бар бут кийимдер бул кыштын тренди. Эгер айым модага кызыкса, ачык түстөгү, ал эми 4-5 жыл кием десе кара, күрөң, боз, кочкул кызыл түстөгү бут кийим сатып алганы оң.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
07.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мода - бул жарашыктуу кийинүү!
07.11.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aytkulova,
07.11.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы экен Бакуля кийинип чечиндик уже
07.11.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Менин табитимдеги кийимдер и кийинуу эмес экен.
07.11.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бир да кышка ылайыктуу кийим жок го бул жерде.
07.11.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
мен мода болуп аткан кийимдерге ээч кызыкпайм.Озуно жарашыктуу жана башкаларга жагымдуу болуп турса болду.Жыртык шым же ийини ачык кийим кийгенден уялам.
07.11.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакуля молодец бизге аялдарга пайдасы тийген ишти баштаптырсын. Ийгилик.
07.11.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ийгилик каалаймын.
07.11.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырдай албай калдынбы?
08.11.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02,уну жок, ырдатып не кыласынар. Ансыз деле ыргыткан ташын ырчымын дегендин башына тиет.
08.11.2017. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6мин сомдук сапоги кийбейсинерби не
08.11.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочкул кызыл койноктон башкасы жакпады. Жарашыктуу эмес
08.11.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун экен, баарын кийип кордум
09.11.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим алсада жарыя кылышат
09.11.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыштын 30 градус суугунда кочкул тустогу койнок кийип журот экенбиз да ээ??! Кышка ылайык кийим коргон жокмун мен. Кышкы кийим коллекциясы десе ойлоптурмун го куртка-пальтолордун турун корсотот окшойт деп
09.11.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Lekarstvosvoegomuja, кочкул кызыл койнокту кече койногу деп турат го. Менин да ушул тустогу койногум бар, кышында кафелерге ошону эле кийип барам. Сиз кафе, ресторанда андай койнок кийип барбайсызбы?!
09.11.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ботфорты жакты, еврозима экен. Пальто, куртканын ичинен сонун эле киесин да кышында деле. Кыш десе эле куртка шубаны элестетуу туурамес го)))
10.11.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конулго толо турчу эч нерсе корбодум
12.11.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пальто, көйнөкчөнү жакты....
13.11.2017. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Badyeva kyzdardy kyshka kyiyntet dese, baikush bei bechera kyzdarga jardam kylyp, kyshka kyiym keche alyp bergen okshoit dep oilop ketipmin , xa xa xaaaa.
13.11.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вельветтин кыргызчасы-Чийбаркыт болот.
13.11.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркеле бутигинен ушул кийимдерди алыныздар)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо