№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.
28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Ал акыркы айларда министрликтин дарегине карата сын-пикирлердин көбөйүп кеткени кызматтан кетүүгө түрткөнүн билдирди. Алардын акыркысы Бишкектеги тарых музейинде сакталып турган баалуу экспонат IV-V кылымдарга таандык мумиянын жерге көмүлүшү болду. Көшөгө артында Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетишине жаш ырчыларды кызматка дайындоо, аларга мамлекеттик сыйлыктардын берилиши, андан улам жаралган коомчулуктагы талкуу себепчи болгондугу айтылууда. Мисалга алсак, Түгөлбай Казаков жетектеген министрликтеги комиссия мүчөлөрү ырчы Самара Каримованы Эмгек сиңирген артист наамына көрсөтүү болбогону, ал ырчы наамга президенттик аппарат тарабынан сунушталганын маалымат жыйында айтышкан эле. Ак үйдөгү чоңдорго мындай жарыя жакпай калган өңдүү."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |