Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Маркумдун энеси: «КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРҮП, КӨМҮП САЛГАН АДАМДЫ СОТ 9 ЖЫЛ ЖАТАК АБАККА КЕСИП КОЙДУ»

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

Ушул жылдын май айынын башында Чүй облусундагы тоого барган эс алуучулар таанылгыс болуп калган кишинин өлүгүн таап, милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 25 жаштагы Сокулук районунун тургуну экендиги билинген. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары маркумдун жигити кармалган эле. Бул кылмыш боюнча тергөө аяктап, Москва райондук сотуна өткөрүлгөн. Маркумдун апасы Рахат айым Москва райондук соту тарабынан чыгарылган чечимге нааразы экенин билдирди.

КЕЛИНДИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП ЖИГИТИ КАРМАЛГАН

Эсиңиздерге салсак, 2017-жылдын 8-май күнү болжол менен 12:30дарда Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Тепши капчыгайында жансыз аялдын денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери жашы 25-30 чамасындагы аялдын жансыз денесин чала көмүлгөн абалда жаткан жеринен табышкан. Анын өлгөнүнө көп убакыт өтүп, дене чирий баштаган экен. Соттук-медициналык экспертиза анын киши колдуу болуп каза болгондугун аныктаган.
Маркумдун өздүгү такталып, ал 1991-жылы Сокулук районунда туулган Мунара деген аял экендиги аныкталган. Анын өлүмүнө шектелип 13-май күнү 1991-жылы туулган У.А. аттуу ушул эле райондун Беловодское айылынын тургуну кармалган. Ал сурак учурунда «Бул окуя 2016-жылдын ноябрь айында болгон. Мунара экөөбүз жакшы тааныштардан болчубуз. Ошол күнү талаада ичимдик ичип отурганыбызда ортодо түшүнбөстүк болуп, уруш чыгып кетти. Ал «үйгө кетем» деп баштаган. Арыраак барып менин унаамдын дөңгөлөгүнүн жанына отуруп алган экен. Мен билбей унааны айдаганда аны тебелетип алдым. Мунара ошол замат эле каза болуп калыптыр. Коркуп кетип Тепши капчыгайына алып барып денесин жерге көмүп салгам. Мунаранын жакындары ал тууралуу менден сураганда, аны "Москвага иштеп келгени кеткен" деп айтып койгом» деп көрсөтмө берген.

«СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ НААРАЗЫМЫН»

Бул кылмыш иши боюнча Москва райондук соту жакында чечим чыгарган. Маркум Мунара Сагынбек кызынын апасы Рахат айым болсо соттун чечимине нааразы. Себеби кызын өлтүрүп, көөмп койгон адамды сот 30-октябрда 9 жылга жатак абакка кескен:
– Бул жерде адамды өлтүрүп, көмүп салып жатса дагы сот тарабынан акыйкат чечим чыкпай калды. Өлгөн адам баарына күнөөлүү болуп калат турбайбы. Мен соттун бул чечимине нааразымын. Киши өлтүргөн адамды жатак абакка кесип койгону туура эмес. Балким, чын эле ал машинасы менен тебелетип кызымды өлтүрүп алгандыр, бирок эмнеге тоо-ташка алып барып көмүп салат, бул эмне кылмыш эмеспи? Мен чыркырап кызымды 6 ай издедим. Башында бул иш боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жаткан. Эмнегедир кийин берилгенде транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу болуп өзгөртүп салышты. Мындайча айтканда, анын байкабай кызымды автоунаа менен тебелеп алганы айтылды. Кызымдын өлүмү, анын кылмыштын изин жашырыш үчүн көмүп койгону айтылган жок. Жок дегенде сот аны 5-6 жылга эркинен ажыратышы керек эле да.
Мага материалдык да, моралдык да чыгымдар толук төлөнгөн жок. Кызымдын кичинекей кызы менин колумда калды. Эртеңки күнү мен бир нерсе болуп кетсем, аны ким карайт, каякка барып корголойт? Аны эч ким ойлогон жок.


Биз Москва райондук сотуна бул иш боюнча кайрылып, «чечимдин чыкканына 2 гана күн болду. Чечим канааттандырбаса жабырлануучу тарап 10 күн ичинде жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылууга укугу бар. Азырынча биз өкүмдү айта албайбыз» деген жооп алдык.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(9)
07.11.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ой молодецтер! Соттор уялсаңар АЛЛАХЫМ өзү сактасын силердин кызыңарды да бирөө тебелеп кетип көмүп салса көрөт элем!

Машина от алганда деле адам качат да!
07.11.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
General.kg,Жатак абак дегени кандай ?
07.11.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогорку сотко кайрылыш керек. Ал канааттандырбаса анда сразу эле Гаагский трибуналга бериш керек. Антпесе бизде беспредел бателе мутилла кыла коюп ишти бутуро калышат. Надо до конца дойти
08.11.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жатак абал деген оз уйундо эле жатасын.Канча бир убакта барып белгилоодон отуп турасын.Чет олкого чыгалбайсын
08.11.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыйкат калбады олкобуздо. Ошондуктан да мындай окуялар коп болуп атат. Себеби жазасын албай соттордун чонтогун толтурса оной кутулат. Ылайым ошол соттордун башына да ушундай кырсыктар туш болсо экен
08.11.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иии кичинекей кызын қарап эле отура бербейби кйундо, талаада бышырып коюпьурбу, анан Мунараны эмне учун каякта деп жигитинен сурашат
09.11.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамман зээнди кейите турган болду го ушу Соттор арканарды ойлосонор боло
09.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевди жок жерден сегиз жылга соттоп жиберишти элего
10.11.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч кимди олтуруп,эч кимди карактап,эч кимге зыяны тийбеген С.Жапаровду кескилеп эмне кылып кордоп,абактын түбүнө тыктынар дагы. Адамды олтуруп,көөмп салган адамды уй камагына чыгарып койгонунарга жол болсун! Баракелде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо