Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурзат Токтосунова: «ӨЛГӨН МЫШЫКТЫ КӨМҮП, КӨЗ ЖАШ ТӨГҮП...»

№393 14-20-май, 2010-ж.

Балалыктын таттуу күндөрүн эскерүү кандай сонун! Каарманыбыз Нурзат Токтосунова балалык чагын мындайча эскерет.

“МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ БАЙКЕМ УЯЛЫП...”
– Үй-бүлөдө 8-баламын. 1983-жылы Түп районунун Ичке-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Ошол кезде ата-энем Чааркудук деген жайлоого чыгышчу экен. Мен төрөлгөндө атам атымды Жайлоогүл коём деп чыгыптыр. Таежем: “Оо, кокуй, Жайлоош деп эркелетесиңерби? Кийин балдар менен таанышканда атын айталбай уялат”,- деп тамашалайт. Таежемдин сөзүнө күлгөн ата-энем Нурзат деген ысымды ыйгарышыптыр. Мен атамдын 52 жашында, апамдын 44 жашындагы көргөн кенжетайымын. Улуу байкем аскерге кетерде апама “эже, болду да эми” дептир. Антсе апам байкуш уялып, оор жүк көтөрүп, үй актап, боюндагы мени түшүргөнгө аракет кылган экен. Аны айтпай жүрүп, кийин мен 18ге толуп той бергенде көпчүлүктүн алдында айтып күлдүрсө, байкем: «Ий, ушул төрөлгөндө уялганым ай!»- деп күлүп жүрбөйбү.

“ЧИЙ КУУРЧАК ОЙНОП ЧОҢОЙГОМ”
– Ата-энем жөпжөнөкөй эле мал багып, жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо жүрүшкөн адамдар. Мен болсо музоо, козу кайтарып, интеллигенттердин кыздарындай болуп дүкөндөрдөн куурчак же башка оюнчук деле сатып алган эмесмин. Кадимки чийден жасалган куурчак менен эле ойноп чоңойдум. Эртең менен таң атпай туруп үндүк кайтарып, кечинде чарчап жатып калчумун. Телевизор көргөнгө деле убакыт жок болчу. Ошентсе деле мультфильмдерден “Сениби, шашпа!”, “Золушка” менен чоңойдум. Бирок Золушканыкындай көйнөк кием деп кыялданчу эмесмин.
Кайда жүрбөйүн “эй, асмандагы жетиген, ал эмне үчүн жетиден? Чыгарба деп жатпайбы жети атаңды эсиңден...” деп кечке ырдай берчүмүн.
Мектепке барганда эжейлер “тармал чач, татынакай кыз” деп макташчу. Аларга айылдын бүт жаңылыгын айтып божураар элем. Кошуна кыздарды топтоп алып сабак өтүп, мугалим болчумун.
Бир күнү мышыгыбыз тууду. Мыйын жакшы көрүп жүрсөм, өлүп калды. Мыйды жалбыракка ороп бир таштын түбүнө көмүп, ыйлап, күндө барып гүл коюп келер элем. Азыр эстесем боорум эзилет.

“ОШОЛ КЕЗДЕГИ АЙРАН ДАЛЕ ТАҢДАЙЫМДА”
– Медпункттан байкемдин баласына айран алып келчүмүн. Айранды үйгө жеткиче эле жарымын ичип салчумун. Ошол айран дале таңдайымда.
Атам жер алып, үй салып, жаңы үйгө көчүп кирген кез. Багыбызда бир да алма-өрүк жок болчу. Коңшубуздун алмасын көрүп көз күйөт. Эжемдер «алма сурап кел» деп мени жөнөтүшөт. Мен болсо алма сурагандан тартынып, туз сурайт элем. Алар болсо «алма же» деп этегиме толтуруп алма беришчү. Картошканын тоголок болуп түйүлүп калган гүлү болот го, ошондон шуру жасап, коңшу кыздарга өрүккө алмашчумун. Убакыт өтүп, өзүбүздүн алмалар да өсүп калды. Мен да чоңойдум. Азыр апам жолдон өткөндөргө алмадан аябай берет.

“БЕШИККЕ ЖАТЫП, УПЧУ ЭМГЕН ЭМЕСМИН”
– Апамдын айтымында, мен бешикке жатып, упчу эмип чоңойбопмун. Мен төрөлгөндө бир туугандарым чоңоюп калгандыктан, ата-энем «сенин кантип чоңойгонуңду деле билбей калдык, ага-эжелериң эле баккан» деп калышат. Тилим бат чыккан экен. 1 жаштан өтүп калган убагымда байкем мени көтөрүп алып бакырып ырдап жүрсө, мен: “Мукалин аба, акырын ырдаңызчы, жүрөгүм түшүп жатат”,- деп жибериптирмин. Ошондо байкем өзү да чочуп кеткендигин айтып калат. 5 жашымдан баштап эле жазганды, окуганды үйрөнүп алгам. Программаларды жаттап алчумун. Байкемдер «Нукаже, (ушинтип эркелетишет) мультфильм канчада болот?» дешсе, мен «саат 18:30да балдарга арналган мультфильм көрө аласыздар» деп айтып берчү экенмин.

“ӨЗҮМДҮ САЯСАТТАН КӨРЧҮМҮН”
– Башка балдар кыялданса керек. А менде жакшы сөз, жакшы адам деген түшүнүк таптакыр жок эле.
Бир жылы атам элге 60 кунаажын карыз болуп калды. Андан таякемдин жардамы менен кутулганбыз. “Атаң мага мынча карыз” деген сыяктуу сөздөр көкөйүмө көк таштай тийчү. Ошондо көгөрүп эл адамы, саясатчы болом, ата-энем сыймыктанган кыздардан болом дей берчүмүн. «Жаштын тилегин берет» дейт эмеспи, ошол изги тилектер орундалып барат. Мен үчүн күйүп-бышкан аска-тоом – ата-энем аман болушсун. Таянар тиректерим – бир туугандарым бар болушсун. Кайын журтум да жакшы адамдар, аларга да ден соолук тилейм.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.05.2010. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжекебиз барган сайын сулуу болуп баратат!!!
18.05.2010. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗАМАТСЫЗ НУРЗАТ ЭЖЕ СИЗГЕ ИЙГИЛИК ТАЛАНТЫНЫЗ ОРКУНДОЙ БЕРСИН АЯБАЙ СУЛУУ БОЛУП КЕТИПТИРСИЗ КОЗ ТИЙБЕСИН
19.05.2010. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин балачагыма окшош экен кызык ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо