«КАРА ДОЛЛАР САТАМ». Инвесторбуз деген африкалык шылуундар кармалды.

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

Ушул жылдын октябрь айында алыскы Африкадан «инвесторлор» келип, алар жаңыдан бизнес баштаганы турган кыргыз жаранына иштешүүнү сунушташкан. Бизнеси үчүн жакшы инвестор тапканына сүйүнгөн мекендешибиз бизнес-планын аларга тааныштырууда шектүү нерселерди байкап калып милиция кызматкерлерине кайрылган. Жыйынтыгында инвестор эмес эле алдамчылар болуп чыккан африкалыктар учурда кылган иштерине жооп берип жаткан кездери. Бактыга жараша, мекендешибиз чыгымга учураган эмес.

«500 МИҢ «ДОЛЛАРДЫ» 25 МИҢ ЕВРОГО АЛМАШТЫРМАКЧЫ БОЛУШКАН»

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын мүлк кылмыштарын ачуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Өскөналиев окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 16-октябрында ИИМдин криминалдык милиция кызматына Талас облусунун Ч.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ага чет өлкөлүк эки жаран, болжолдуу түрдө Африкадагы бир мамлекеттин жарандары «Кыргызстанга ири өлчөмдөгү инвестиция алып келдик. Биз сага инвестор болуп берели» деген сунуш айтышкан. Ошондуктан ал өзүнүн бизнес-планын «инвесторлорго» тааныштырууну макулдашкан. Алар Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде жолугуп, кыргыз жараны аларга өзүнүн бизнес-планын тааныштыра баштаган. Ортодо котормочу да болгон. Жабырлануучу бул чет өлкөлүк жарандар анын айткандарына көп көңүл бурбай жатышканын байкаган. Анан африкалыктар ага «биз Африка мамлекеттеринин биринен келгенбиз. Биздин башчыбыз коррупцияга шектелип кармалып калып, биз анын болгон акчасын бул жакка алып чыктык. Бирок биздин акча азырынча кара түстө. Биз акчаны чек арадан кара боёкко боёп алып өттүк» дешкен. Жабырлануучу "бул кандай?" деп сураганда алар төмөндөгүдөй кылып көрсөтүп беришкен. Алар 100 евролук банкнотту алып чыгып, аны ак фольга кагазына ороп, үстүнө кандайдыр бир суюктукту тамызышкан. Андан соң кайра дагы 100 еврону азыркыдай өңүттө жасап, бир канча убакыт өткөндөн кийин жабырлануучу менен анын жанындагы котормочуну акча алмаштыруучу жайлардын бирөөсүнө жиберет. Алар барып акчаны алмаштырып, чыныгы купюра экендигин билишкен. Африкалык шылуундар ага 500 миң долларга чейин ушундай акчасы бар экендигин, 25 миң еврого ошонун баарын алмаштырышарын айтышкан. Күмөн санаган мекендешибиз милицияга кайрылган.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР СЕНТЯБРДА КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШКЕН»

Маалымат түшкөндөн кийин иликтөө иштери жүргүзүлүп баштады, 21-октябрь күнү Бишкек шаарындагы Калык Акиев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жабырлануучу Ч.А. өзүнүн унаасында африкалыктар менен жолугат. Африкалыктар кайрадан кагазды жууп, акчага айлантып жаткан убагында колго түшүрүлдү. Кылмышка шектүүлөрдүн бири 1964-жылы туулган Бокомби Жоверт Камерундун, экинчиси 1967-жылы туулган Нкен Новерт Гвинеянын жарандары. Кылмышка шектүүлөр сентябрь айында туристтик виза менен Кыргызстанга келишкен. Алардын негизги максаты – элди алдоо жолу менен акча жасап кайра качып кетүү болгон. Негизи Африканын Нигерия, Гана өлкөлөрүнөн КМШ өлкөлөрүнө ушундай шылуун, алдамчылар келип элди алдап кеткен фактылар буга чейин да катталган. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүүлөр тергөө абагына киргизилген.

Эсиңиздерге салсак, 2012-жылы дагы дал ушундай окуя катталган. Анда африкалык 2 жаран Сейтек аттуу жарандын 4 миң долларын алдап кетишкен эле. Бактыга жараша, алдамчылар Кыргызстандан чыгып кетеринде колго түшүрүлгөн.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
07.11.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо кайран кана гондураздар. Элди алдагысы бар
07.11.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Балекеттер оой кыйын го булар. Уйротушпойт бекен ыя, акчасын толойт элем.
07.11.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эч нерсе эмес. Бул ХХХХ мындан башка да жооруктары толтура.ХХХ писмо" дегени да бар. Ал тузака биздин эле эмес,орусиянын да коп жарандары тушуп,коп олчомдогу суммаларга жабыркашкан. Анын жол-жобосу мындайча: кайсы бир куну,кимдир бироого телефон аркылуу же интернет аркылуу байланышка чыгып,сиз баланча-тукунчонун урпактары болот экенсиз же тандоо аркылуу баланча миллионер олум алдында жатып,калган байлыгын сизге мурас калтырды,ишенбесениз мына документтери,суроттору д
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-07 17:54:38
07.11.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деп ошол жабырлануучуга ар кандай кагаз-суротторду жонотот. Эгер ал адам крючоко бир илинсе эле,калганы техниканын иши. Ушундай психологиялык оброботкадан откорот,ал адам озунун да дайынын таппай,болгон-толгон акчасын аларга которо баштайт. Себеби эн жонокой эле,ушунча акча которуу керек,мурас тууралуу документтерди калыбына келтируу,закондуу турдо мулкко ээ болуу, ж,б толгон-токой себепти айтып отуруп,жабырлануучуну соруп бутушот. Жыйынтыгы белгилуу эмеспи. Интернеттен карап корсоно болот.
07.11.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андыктан кыргыздар оной оокат жана бекер эч нерсе жок. Ошон учун ар дайым сак болууга чакырам. Жолдон кетип атып эле акча таап албасан же лоторея эле утуп албасан андан болок жондон-жон эле келуучу эч нерсе жок.
07.11.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды оной ойлошконга ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 10:54:39
08.11.2017. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң артта калган Африкалык ХХХХ да алданасыңарбы а. Жаман нервти чыгарат ко.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-08 10:15:50
08.11.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbeck1983, Mederbek1992, Nibiru.,
Башкалардын улутун, кемсинтип, мазактоого тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү.
10.11.2017. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоңдор калып, эми ушул негрлерге алдана баштаган экенбизда кайран кыргыз.
12.11.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 500мин доллар жасалмабы. 25мин еврого алмаштырабыз деп
12.11.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба туура айтасынар? Мага да африкалык .интернет аркылуу байланышка чыккан, фамилиян бир байга окшош экен деп. Мен жооп жазбай койгом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо