Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРУСИЯ-2018: ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУН 11 ШААР ТОСУП АЛАТ

№783 3-9-ноябрь, 2017-ж.

2018-жылдын спорттогу эң урунттуу окуясы саналган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусияда өткөрүлүп, кыргыз сүйүүчүлөрү үчүн футбол жылдыздарынын оюнун өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул чемпиондуктун Орусияда өтүшүнө өлкө президенти Владимир Путин да кызыкдар болуп, учурда оюндар өтө турган шаарларда кызуу даярдык иштери жүрүп жаткан маалы.

21-ИРЕТ ӨТӨ ТУРГАН ДҮЙНӨ БИРИНЧИЛИГИ

Орусия 2010-жылы мундиалды өткөрүү макамына ээ болуп, даярдыктарын көрө баштаган. Эми 14-июнь-15-июль аралыгында Орусия майрамга бөлөнөт. Тагыраагы, футбол фанаттары үчүн футбол майрамы. Себеби бул өлкөдө биринчи жолу ири масштабдагы эл аралык футбол мелдешинин өткөрүлүшү жергиликтүү тургундардын футболго болгон кызыгуусун арттырбай койбойт.
Мундиалга бир жыл калганда чемпиондук өтө турган өлкө ФИФА тарабынан репетициядан өтөт. Башкача айтканда, ар кыл континенттин чемпиондору катышкан Конфедерациялар кубогу өткөрүлөт. Ушул жылы болуп өткөн мелдештин уюштурулганына эч сын болгон жок, демек, Орусия репетициядан ийгиликтүү өттү.

11 ШААР, 12 СТАДИОН

32 команданын оюндары 11 шаарда 12 стадиондо болуп өтөт. Алгачкы жана финалдык оюн Москвада орун алат. Көпчүлүк стадиондор мамлекет жана федералдык бюджеттин каражаттары менен курулууда. Көпчүлүктү ойлондурган маселе, кээ бир шаарлардын футболдук клубдары өлкөнүн 1-2-дивизионунда гана ойноп келишет. Андыктан алардын оюндары күйөрмандардын кызыгуусун жарата албайт. Мындан улам Дүйнө чемпиондугунан кийин стадиондор каралбай калабы деген суроо эмитен жаралып баштады.


РОСТОВ-НА-ДОНУ
Өлкөнүн бул шаары дагы курулуш менен алек. Себеби стадион толугу менен курулуп бүтө элек. 19 миллиард рубль керектелген стадион 45 миң көрүүчүгө ылайыкталып салынууда. Анда шаардын «Ростов» командасы келечекте оюндарын өткөрөт.


КАЛИНИНГРАД
Орусиянын алыскы шаарлары болуп эсептелинген Калининградда мундиаль үчүн атайын жаңы «Калининград» стадиону курулууда. Шаардын бош жери атайы стадион үчүн тандалып, учурда курулуш иштери дээрлик бүтүп калган. Ал 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Дүйнө чемпиондугунан кийин аталган стадиондо шаардын «Балтика» футболдук клубу ойноп баштайт.


МОСКВА
Борбор шаардын эки стадиону оюндарды кабыл алат: «Лужники» жана «Открытие Арена». «Лужники» стадионунда кайрадан жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ушул жылдын июнь айында бүткөн. 81 006 көрүүчүгө ылайыкталып, улуттук курама команданын оюндары өткөрүлүп турат.
«Открытие Арена» Орусиянын эң атактуу клубу «Спартак» командасынын стадиону болуп саналат. Ал 2014-жылы ачылган, 45 360 көрүүчүгө ылайык.


СОЧИ
3 жыл мурун Кышкы Олимпиада өткөн шаарда стадион куруп кереги жок болчу. Андагы «Фишт» стадиону бүгүн деле эл аралык мелдешти тосуп алууга даяр. 41 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо «Жемчужина» футбол командасы ойнойт.


САНКТ-ПЕТЕРБУРГ
Бул шаардагы стадиондун курулушу бүтүндөй өлкөнү тынчсыздандырган. Алгач жаңы стадион үчүн 6,7 миллиард рубль керек деп айтылган болсо, жыйынтыгында 48 миллиард рубль коротулган. «Санкт-Петербург Арена» белгилүү япон архитектору Кисё Курокаванын долбоорунун негизинде жасалып, курулуш иштери 7 жылдан ашык убакытта гана бүттү. 2016-жылы ачылган 68 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо «Зенит»футбол клубу оюндарын өткөрүп келет.


ВОЛГОГРАД
Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан дагы бир стадион мундиаль оюндарын кабылдайт. Ал Волгоград шаарындагы «Волгоград Арена» стадиону. 16 миллиард рублга курулуп жаткан стадион толугу менен бүтө элек. 45 миң көрүүчүнү камтыган стадиондо «Ротор» командасы оюндарын өткөрөт.


НИЖНИЙ НОВГОРОД
Аталган шаардын стадиону Волга дарыясынын жээгинде жайгашып, эң кооз көрүнүштү тартуулайт. 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган, баасы 17 миллиард рублдан ашык каражатты чапчыды. «Олимпиец» футбол клубунун стадиону.



ЕКАТЕРИНБУРГ
Мундиалды тосуп ала турган эң алыскы шаар – бул Екатеринбург. Андагы борбордук стадиондо кайра оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ушул жылдын соңунда эл аралык стандартка жооп бергендей болуп ачылат. 35 миң көрүүчүнү батыра алган стадиондо «Урал» клубу оюндарды өткөрөт.


КАЗАНЬ
Татарстандын борбор шаары Казань эң биринчилерден болуп чемпиондукка даяр болгон. Шаардын «Казань Арена» стадиону 45 миң көрүүчүгө ылайыкталып, 2013-жылы Жайкы Универсиаданы тосуп алууда ачылган. Учурда «Рубин» футбол клубу оюндарын өткөрүп келет. Курулган баасы 14,4 миллиард рубль.


САРАНСК
Көпчүлүк бул шаар кантип чемпиондукту тосуп алуу укугун ала алды деген суроого жооп таппай келишет. Башкы себеп – Орусиянын башка шаарларына караганда даярдыгы жана ыңгайлуу жайгашкандыгынан улам чемпиондук дал ушул шаарда болот. 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондо «Мордовия» клубунун оюндары өтөт.

САМАРА
Бул шаарда учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан маал. Анткени стадион менен катар шаар инфраструктурасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. «Космос Арена» 2018-жылы гана бүткөрүлөт. Баасы – 18,9 миллиард рубль. Стадионго «Крылья Советов» клубу ээлик кылат.

БИЛЕТТЕР САТЫЛЫП БАШТАДЫ
Чемпиондуктун оюндарына билеттер ушул жылдын 14-сентябрында сатыкка чыгарылды. Билеттер 4 категорияга бөлүнүп, баалары да ошого жараша. Алар стадиондогу орундардын жайгашканына байланыштуу бөлүнгөн. Эң арзан делген билет баалары Орусиянын жарандарына ылайыкталган, андагы эң арзан баа тайпалык оюндар үчүн 1280 рубль, финал үчүн 7 миң рубль. Ал эми калган категориядагы билеттердин эң арзаны 6 миң рублдан өйдө болсо, финал үчүн эң кымбат баа – 66 миң рублду түзөт.
Белгилей кетчү жагдай, билеттер ФИФАнын расмий сайтында гана сатылат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
07.11.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Санкт-Петербургдагы стадион мага корунуп турат домумдан ото соонун кооз салынган тункусун вообще соонун
07.11.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
карагылачы кандай кана бай мамлекет уксан оозун ачылат тооба эч бир олкодон карыз албай эле куруп жатышат тан каласын бизде болсо бир эле кочмондор оюнун откоробуз дешип канча бир миллилн карызга батат го биз дагы ушинтип дуйнолук аренага чыксак кана жалан эле авария митинг менен таанылбай башка бир олконун ажоосуна соз суйлоп границабыз жабылып машиналар очередте туруп анан кечирим сура деп жаман жагыбыз менен таанылып бутмой болдук
07.11.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россия кандай гана дуйнолук спорт оюндарын откорбосун дайыма артыкчылык менен откорууго аракеттенет.Келе жаткан ФИФА 2018 да эн жогорку денгээлде отот деп ишенем
07.11.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба!
Туура айтасыздар эң жогорку деңгээлде өткөрүшүнө менда ишенем.2014-жылы Сочидеги кышкы олимпиада оюндары кандай гана эсте калаарлык ачылыш,жабылыш аземдери жогоркү деңгээлде өттүү.
07.11.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Екатеринбург шаарындагы стадионду коруп турам,ары-бери откон сайын.Соонун курулуп жатат."Эх,дворник болуп болсо да жумушка кирип"жылдыздарды"коруп алсам"деп кыялданып отуп кетем.Анткени билет"иттей"кымбат.Башка жол менен коруу кыйын.
ekaterinburg түзөттү 2017-11-07 14:23:51
07.11.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Спартак деген эн атактуу клуб эмес орусияда адин маалыматды тактап анан жазгыла
07.11.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nur123456,Спартак-самый титулованный клуб России все правильно
08.11.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nur123456, досум спартак эн атактуу россияда эн коп чемпион болгон команда
09.11.2017. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur123456,Спартак Орусия учун атактуу эле клуб так эле турат
07.11.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Екатеринбург аренада иштеп жатам
07.11.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спартак стадиону да укмуш курулуп жататко чиркин.Строгино м.н Щуканын ортосунда.
08.11.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Открытие Аренанын жанында жашайм...анын курулушу менен айланасынын баары озгорду...албетте жакшы жакка.Соонун!!!
08.11.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул оюндарынын айынан мигранттардын санын кыскарта баштады. ((
09.11.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойунду деп мигрантардын айламы кеттиго,
10.11.2017. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми Россия өз үйүндө жакшы ойносо экен. Жок дегенде 1/8 финалга чыкса деле сүйүнүп калат элек.
10.11.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurup buttunorbu emi kautkyla kaytpasanar erten kuup chygat silerdi
10.11.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Екатеринбург аренага бир кунго халтурага барып келдим мусор тушурдук.кирип чыкканда катуу текшерип контейнердеги тамактардан бери ачып текшеришти ак кулактар хахаха
10.11.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз жерине Екатеринбург жакынбы же Волгоградпы, же Самарабы? Эптеп бир оюн көүп калсам деп кыялданып жүргөн чагым...
10.11.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRBOLOT,Екатеринбург жакын.
10.11.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRBOLOT,Екатеринбург жакын.
10.11.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу кучтуу
10.11.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда деле нормальный стадион болсо ойнойтда бечаралар жерде кантип ойномок эле россиядай бир стадион салып берсе менда ойномокмун биздин стадион алар учун газонда кичине,мамлекет спорт ко конул бурбайт вопще дагы атамбаев несине кыйынсып суйлойт демда нени кыйратып кеттат
11.11.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун Россия менен Аргентина ойнойт Лужникиде двордо иштейм.буткондон кийин айтып берем кандай болгонун
12.11.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Футбол жакындаган сайын мигранттарга кысым коргозо башташты. 2018-жылдан баштап катуу тазалайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо