Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАШТАНДАН КОҢУЗ

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.


Балдар, бул жолу каштан жемишинен коңуз жасап көрөлү, ээ? Бул үчүн каштандын чоң жана кичинекейи, пластилин, түстүү барак жана кургатылган жалбырак керек.

1.
Алгач коңуздун башын жасап алабыз. Ал үчүн кичинекей каштанды алып, ага пластилинден көз жана мурун жасайбыз. Көзүн жасоодо ак түстөгү пластилин жабыштырып, карегин көк же кара кылсак болот. Мурдун кара түстөн жасайбыз.

2. Коңуздун денесин жасоо үчүн чоңураак каштан алабыз. Башы менен денесин пластилиндин жардамы менен бириктиребиз.

3. Эми коңуздар үчүн токой жасайбыз. Буга калың альбом барагына жашыл түстөгү түстүү баракты клей менен жабыштырып, ага коңуздарды клей менен чаптайбыз. Кичинекей бутак алып келип, пластилиндин алдына коюп тургузабыз.

4. Кооз болуш үчүн тобурчакты коюп, күзгү жалбыракты кургатып келип жанына коюп кооздойбуз. Ал эми күрөң түстүү калем менен коңуздун буттарын тартып коёбуз. Мына, биздин токойдогу коңуздарыбыз даяр болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо