Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧОҢОЙГОНДО КИМ БОЛОСУҢ? Аби Абдурахманов, 5 жашта: "Человек-паук, полиция болом"

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.

Ойлору таза, оюндан бөлөктү билбеген балакайлар келечекте ким болгусу келет? Өздөрүн кайсы кесиптин ээси катары көрүшөт? Бүгүн биз 4-7 жаштагы кичинекейлерге суроо узаттык.

Медина Замирбек кызы, 5 жашта:
– Повар (ред.: ашпозчу) болгум келет. Таттууларды өзүм жасап жейм.



Аби Абдурахманов, 5 жашта:
– Человек-паук, полиция болом. Алардын наручниги, «уу-уу» деген машинасы бар.

 

Билал Амангелдиев, 6 жашта:
– Сооронбай Жээнбеков болом. Президент болуп элдерди куткарам.

 

Нурайым Камилова, 7 жашта:
– Кичинемде ырчы болгум келчү, азыр базарда иштегим келет. Базарда иштесең көп акча табасың.

 

Халид Казакбаев, 4 жашта:
– Спортчу болгум келет, анткени ал күчтүү. Анан солдат болом, ал атат.

 

Тазагүл Керимбекова, 5 жашта:
– Чоңойгондо министр болом, элдерди багам. Анан мен эртең бала төрөйм.

 

Илгиз Букуев, 7 жашта:
– Президент болом, алар жалаң "5ке" окушат, акыл үйрөтөт.

 

Жаннат Нурланбекова, 6 жашта:
– Дарыгер болом. Апам, таенем ооруп келсе айыктырам. Бирок алардан акча албайм.

 

Жаркынай Курманбаева, 6 жашта:
– Элдердин тишин оорутпай жулган доктур болом же парикмахер болом, акчага чач тарайм.

 

Искендер Асылбеков, 4 жашта:
– Жакшы милиция болом. Алар ууруларды урушат.

 

Дөөлөт Бекназар уулу, 4 жашта:
– Ниндзя, Зорро, Халк болом. Алар жакшы кишилер.

 

Алия Марат кызы, 7 жашта:
– Дарыгер болуп, чоң ата-чоң энемди, таенемди дарылайм. Кичинекей балдарды сайганда ыйлабай турган укол ойлоп табам.

 

Малика Рыбачибекова, 4 жашта:
– Пожарный болом, ал өрт жумуш кылат.

 

Ширин Маматова, 6 жашта:
– Чоңоюп, Америкага барып окуп, дипломат болом.

 

Барсбек Жалилов, 5 жашта:
– Учкуч болом. Космоско барам, жылдыздарды терип сатам.

 

Айгерим Паязова, 4 жашта:
– Мен ооруган балдарга витамин берем, укол саям, давлениесин көтөрөм, температурасын түшүрөм, бинт менен оройм, анан неге ооруйсуң деп урушам.

 

Ариет Мелисов, 6 жашта:
– Чоңойгондо жоокер болом, желек кайтарам.



Лунара Бекиева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(13)
14.11.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Космоско барып жылдыз терип саткысы келгени жакшы экен)Боорду эзгендер
14.11.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сооронбай Жээнбеков болгусу келген, министр болуп эртен торогондор жакты. Таза кыял алтын балалык
14.11.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эртен бала торойм дегени боорду эзди)))
15.11.2017. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаш балдарды уколдогондо оорутпай турган укол ойлоп табам дегени жакты
15.11.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тилеги таза балдар. Тилегинер кабыл болуп Жээнбеков бизди тунгуюктан,чачыроодон,жакырчылыктан куткарса экен.
15.11.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Давлениесин которуп,неге ооруйсун деп урушканы жакты.)))Тилегинерге жеткиле кичинекей коёндор!
D.Uezalieva түзөттү 2017-11-15 13:23:36
15.11.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
D.Uezalieva, мага да неге оорусун деп урушканы жакты
Доктурга барсан неге ооруйсун деп урушуп койсо айыгып кетсен эээээ
15.11.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылдыздарды терип саткан козу сен президент болбо да;)и так жерибиз аз эле калды)))
Edelveis929317 түзөттү 2017-11-15 22:45:53
16.11.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы балдардын баары эле япондордун анимесин коруп ошолордой болгусу келишет,кыргыздар озубуздун менталитетке туура келген мультфильмдерди тартпасак келечек муундун баары Халк,человек паук болуп кетишет. Манас болом,Семетей болом, Каныкей болом деген эч ким жокко.Билишимче бала бакчада айрымдар мультфильм коюп берип алаксытат экен...азыркы батыштын мультфильмдеринде уят нерселерден бери бар. Ошон учун балдарды эмитеден козомолго алыш керек жумуш деп эле тытына бербей.
17.11.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииий жожолор десе.Тилегинерден силердин.Жылдыздарды терип сатам дегенин:)))
18.11.2017. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз сатам))
19.11.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кичинекей чагымда ичимде бала бар ...тийбе мага балам тушуп калат дей берчумун...корсо бобоктуу болгум келген турбайбы )))
22.11.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии шириндер, эртен торойм дененин. ,,:))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо