Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асел Касымова, ырчы: «СҮЙҮҮДӨ АЛСЫЗ ЭКЕНМИН, ЖҮРӨГҮМӨ БАШ ИЙДИМ»

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.

Эркелеп, эркелеп назик ырдаган Асел Касымова жашоодо такыр башкача ой калтырды. Жакпаган нерсесин бетке айткан, бирөөнүн оюна муктаж болбогон, өзүнүн жашоосун өзү бийлеген кыз. «Учурда бактылуумун» деген Асел жеке жашоосундагы жаңы бурулуштары менен бөлүштү.

– Асел, кандайсың? 2012-жылы «Эркелеп» деген ырың хит болуп, «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу менен «Супер дебют» наамын алган элең. Андан кийин да бир топ чыгармаларды жараттың, бирок эл оозуна көп алына албагандайсың?
– Жакшымын, рахмат. Ал нерсе Кудайдан экен деп койдум. Анткени ошол ырымды чыгарганда популярдуу болот деп ойлогон эмесмин. Радиолорго берип койдум, артынан түшүп деле жүргөн эмесмин. Кийин эле хитке айланып кетти. Балким, чын жүрөктөн жаралганы үчүн элге жакшы алынгандыр.

– Учурда эмне менен алексиң? Мурункудай эл алдына көп чыкпай калдың?
– Чыгармачылык менен эле жүрөм. Ошто тойго чакыргандар көп болгондуктан, азыр ошол жактамын.

– Той демекчи, Ошто ырчылар арасында тойдо ырдаган боюнча атаандашуу күч деп угам. Буга сенин көз карашың кандай?
– Туура, андай атаандаштык бар. Чыгармачылыкта атаандашуу болгон жакшы. Адам өсөт, өнүгөт дегендей. Ал нерсе ар кимдин деңгээлине жараша деле болот. Ичи тарлар деле бар, бирок аларга көңүл бурбайм, мага баары бир. Кандай болгон күндө деле баарыбызга той жетиштүү, чакыруулар жакшы эле болуп жатат.

– Атаң милиция кызматкери экен, сенин окуучу кезден «Кыз-Бурак» тобуна киришиңе каршы болгон эмеспи?
– Атам жаштайыбыздан «ичпегиле, чекпегиле, жаман жолдо жүрбөгүлө, мени уят кылбагыла» деген талап койчу. «Эгер бирин аткарбасаңар катуу жазалап коём» дейт эле. 1-класста «2» алсаңар башка бөлмөгө камап коём, нан менен суу гана жейсиңер» деп коркутчу. Ошол нерсе бизге өлүм менен барабар эле. Атам көп нерселерди айтып майдалана бербейт. Бирок бир жини келсе жаман. Ошондуктан ашыкча сөз сүйлөбөгөнгө аракет кылабыз.
Атам Гүлшайыр эженин тартипти катуу кармашын билчү, ошон үчүн унчукпагандыр. Апам мурун «Кыз-Буракта» ырдачу экен, турмушка чыкканда атам уруксат бербей чыгып кетиптир. Эже топтун юбилейлик концертинде апамдан «Кызың барбы? Алып кел, ырдатып көрөлү?» дегенинен мени алпарса жактырып, топко алып калган. Ошентип 7-классымда топко кирип, бир жума репетиция кылып, дароо эле гастролго кеткенбиз. Гастролдор аябай көп болчу, 3 ай бою жүрө берчүбүз. 2 жыл топтун курамында болдум. Мугалимдер башында туура эле түшүнүп жатышкан, кийинчерээк «сабагыңды же топту танда» дешкенде окууну тандагам.

– Сени «Элегия» тобунан да көрүп калдык. Ибрагим Жунусов менен кандайча иштешип калдың эле?
– Мектепти аяктап ОшМУнун искусство факультетинин музыкалык бөлүмүнө тапшырдым. 2-курска келгенде ал кездеги деканыбыз Ибрагим Жунусов топ ачып жатканын айтты. Ал киши менин «Кыз-Бурак» тобунда ырдаганымды билет экен. Ошон үчүн чакырса керек. Ошентип «Элегия» тобу болуп ырдап чыктык. Бирок топтун солисти Айчүрөк Убайдуллаева менен табитибиз такыр туура келбей койду. Агай да «Экөөң эки башка адамсыңар, кантип дос болуп жүрөсүңөр?» деп айтып калчу. Ошого уруш-талашы жок бөлүнүп кеткенбиз.

– Инстаграмдан «Бактылуумун, болгону эч кимге жарыялабайм» деген билдирүүңдү окудум. Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
– Ооба, мен сүйгөн адам бар, ал тууралуу ал билет, мен билем, ошол жетиштүү. Жеке жашоо тууралуу көп жарыя кылгым келбейт. Сахна адамы болгондон кийин чыгармачылыкка тиешелүү гана нерселерди чыгарам. Негизи, көп нерсени мен акыл менен башкарган адаммын. Бирок сүйүүдө алсыз экенмин, жүрөгүмө баш ийип келем.

– Жигит тандоодо да кандайдыр бир талаптар бар беле?
– Талап деген башка, жүрөк башка экен. «Идеалдуу мындай болушу керек» дей беребиз го, бирок жүрөк жактырып калса анын баары бекер тура. Сүйгөн адамың кандай болсо да, ошол мүнөзү менен кабыл алып, чыдайсың. Бирок буга чейин жетпей калган, келечеги жок сүйүүлөрдөн улам мен баарына даяр болгонду үйрөнгөм.

– «Акыл үйрөткөндөрдү жактырбайм» деп жазыптырсың. Насаат айтып тажаткандар көппү?
– Акыл үйрөткөндөрдү чын эле жактырбайм. Акылды өздөрү акылга муктаж болгондор айтат. Ошондуктан аларга көңүл деле бөлбөйм, кулак сыртынан өткөрүп коём. Жакындардан деле тажаткан нерселерди айта берсе «ии» деп коём да, аткарбайм, баары бир өзүмдүкүн кылам. Анткени бул менин жумушум, менин жашоом. Бул жашоодо өзүмө жаккан гана нерсени жасайм. Бирок чындап акылдуулардын же жакшы көргөн, мага күйүп айткан адамдардын оюн кабыл алам.

– Кел, эми сенин кызыгууңа өтөлү. Айымдар сериал көргөндү жактырышат эмеспи. Сен да көпчүлүктүн катарындасыңбы?
– Мага аягы бактылуу болуп бүткөн кинолор жагат. Көптөн бери сериал көрбөй турган болдум. Анткени түркиялык «Сүйүү жана жаза» сериалын баштап алып, 3 күн эртеден кечке көрөм деп көзүм ооруп чыккан. Мен кино көрсөм жүрөккө жакын кабыл алып, берилип кетем да. Каармандарга сарсанаа болуп, тагдырын ойлоп, бушайман болом. Ошондуктан өзүмдү аяп, көрбөй эле койгонум жакшы экен деп калдым.

– Жылдыздар сулуулук салондордун кызматына көп кайрылышат. Сен да алардын катарындасыңбы?
– Маникюр жасатканы эле, болбосо сулуулук салондоруна дээрлик барбайм. Макияж, чач жасалганы өзүм жасайм. Мен дээримден перфекционист (идеалдуулукка умтулган киши), «капризнаямын». Бирөөгө ал мүнөзүмдү көрсөтпөйм, бирок өзүмө көп талап коём. Салондордо жасаткан макияж жакпай калышы мүмкүн. Ошондуктан мага өзүм жасаган ыңгайлуу.

– Маегиңе рахмат. Ийгилик болсун!

"Көптөн бери АКШга бара албай жүрөм. Ата-энем 3 жыл дегенде араң виза ачтырып, АКШга сиңдимдин жанына барып келишти".
"Бактылуумун, бирок аны элге жар салгым келбейт".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Асел Касымова жүрөгүнүн ээсин тапты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
14.11.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мунозубуз аябай окшош экен.
14.11.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бул кайсы сулуу ырчы эле? Эстетип койгулачы достор, туугандар. Эч памятимда жок
14.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тааныбайт экенмин
14.11.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эллегия тобунда ырдап жүргөндө жон эле Айчүрөктүн жанында турчуу . Айчүрөк эле ырдачуу. Туура кылган топтон кетип.Анын көлөкөсүндө калбай
14.11.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
jaskaaa, Эллегия тобу деп турса аллергия тобу деп окуп алыптырмын
23.11.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lekarstvosvoegomuja,☺☺
14.11.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жагат ушул ырчы кыз, эмне кылса да баары озуно жарашат. Багы ачылсын.
14.11.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тааныбайт экенмин,Нурландын Аселиго кечээ эле урушту эле,бугун жарашканбы...деп ойлоп кетипмин
15.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pandora,Нурландын Асели))) Боорду эздиниз
14.11.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандай ырлары бар.айтып койгулачы
14.11.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булоолук бакыт азыркы заманда ар бир адам ырчы боло алат бирок баардыгы эле бакыт даамын сезбей калышат аял затына уй булоолук бакыттан отоору барбы!
14.11.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул кыз инстада прямой эфирге чыгып алып эле кыйынсый берет го.Назик,сулуу кыз деп элестетчумун.Аябай капризная ,характери черт экен
14.11.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени суйсон жыргайсын,
Идиш аяк жуубайсын.
Коколотуп ойнотом,
Когултур колго бойлотом.
14.11.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мынча керсейет. Асмандан тушкондой. Ылдыйга туш бирааз))
14.11.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кечке эле мен мындаймын мен тигиндеймин дей бериптир го . Атасы мени уят кылбагыла дептир . ырчы болгонун уят кылганын.
14.11.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ырчы болсо эмнеге уят кылган болмок эле? жазат десе жонле жаза беришет.
14.11.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул инстаграмда озун бир белгилуу жылдыз сезет.кичине асмандан тушсон давно ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-15 12:56:10
14.11.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
синдиси да супсуулу кыз экен
14.11.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай эле маанисиз суйлоптур.
14.11.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озунчоле го хм
14.11.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инстаграмда бир суротуно комментарий жазсам дароо очуруп койгон.Туура кенешти жакшы кабыл албаган кыз экен деп калгамын.
15.11.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул кыздын атасы депутат беле мурун ?
15.11.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык э артисттер баардык эле адам журогуно баш ийет да мен жамбашына баш ийген адамды коро элекмин.
15.11.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кайсы ырчы тааныбайт экем?????
15.11.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага ырлары жагат ийгилик
15.11.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда нурландын асели деп ойлопмун.муну таныбайм.и ырын да укпагам.сулуу кыз экен
15.11.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу жакшынакай кыз бирок мага жагат
16.11.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага окшошко ообаа деп койуп өзүнүкүн кыла берген
16.11.2017. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчыларды санасан манжан жетпей калатко, бул дагы кайсы ырчы экенин эч эле элестете албадым
16.11.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кыз кайсы ырчы эч Эсте жок. Азыр таш ыргытсан ырчынын башына тийе турган заман болдуго. Акыр замандын бир белгилери ырчы чоорчулар кобойгону
ady-88 түзөттү 2017-11-16 11:00:52
17.11.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунукун гана тууралай бергендердин катарында экен
SUPER.KG видео
23.11.2017. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кыз 2009-2010-жылдары гастролдоп жургондо концертине барганбыз Нурлан Насип, Айпери Сыдыкова, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов болушуп. Асел Касымова кайсы ырды ырдаганы точна эсимде жок бирок ырдап бутуп сахнадан чыгып баратып чуркап бир жигит менен кучакташып ошол жигиттин мойнуна асылып алган. Ошодон бери Эми турмушка чыккан окшойт. Ал кезде окуучу болсом азыр 3балам бар
SUPER.KG видео
24.11.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким эле бул?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо