АЛТЫН КЫМБАТПЫ ЖЕ СУУБУ?

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.

8-ноябрда Ак үйдүн алдында Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы тынч митинг өттү. Бул акцияга катышкан 100дөй жарандык активист Жогорку Кеңештен жана президенттен мөңгүлөрдү талкалоого жол берген мындай мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылышты. Мөңгүлөрдүн жок болушу Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн экологиясына зыян алып келерин айткан активисттер «Мөңгүдөн колуңду тарт!», «Мөңгүнү сакта!» деп кыйкырып турушту. Ак үйдүн астындагы акцияга чыккандардын саны аз болгон менен, коомчулук арасында, интернет желесинде чоң талкуу жаратып, Кыргыз мөңгүлөрүн сактап калуу чакырыктары күчөөдө. Коомчулук «бул мыйзам кабыл алынса, «Кумтөр» кениндеги мөңгүлөрдүн эришин мыйзамдаштырат» деп сындашууда.
Эске салсак, бул мыйзам долбоору парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде 31-октябрда 3-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добушка коюу чечими кабыл алынган. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга өзгөчө учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик «Кумтөр» кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калган деп аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, «Кумтөр» кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол ачат. Суу кодексине мындай өзгөртүүлөр өкмөт тарабынан 2015-жылы эле сунушталып, Жогорку Кеңеште эки окууда кабыл алынган. Үчүнчү окууда кабыл алынарда «Ата Мекен» фракциясынын жана жарандык коомдун каршылыгы менен артка чакыртылып алынган.
Мөңгүлөр маселесин президент Алмазбек Атамбаев 2 жыл мурун Париждеги климатка арналган саммитте, быйыл БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында көтөргөн. Ал 2025-жылы Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40 пайызга кыскарып, Борбор Азия дарыяларында суу дагы 25-35 пайызга азаярын, 2100-жылы мөңгүлөр жер үстүнөн жок болуп кетүүсү мүмкүндүгүн, ошондуктан өлкө аларды сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоорун айткан. Статистикага таянсак, Кыргыз Республикасынын аймагынын 4,2 пайызын мөңгүлөр ээлейт. Өлкөдө 6,5 миңдей мөңгү бар.
 
Нурбек Абдыкадыров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо