№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.
Эгемендүү Кыргыздын тарыхындагы 5-президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Президент Алмазбек Атамбаевдин 3-ноябрдагы жарлыгынын негизинде Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү иштерин уюштуруу комитети жүргүзүүдө. Аталган комитетти президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектөөдө. Ант берүү аземине канча каражат жумшалары азырынча айтыла элек.Кыргыздын биринчи аял президенти Роза Отунбаева болсо Улуттук филармониянын имаратында ант берген. Анда да башка өлкөлөрдүн жетекчилери чакырылган эмес, иш-чарага Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн элчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери гана катышкан. Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи да Улуттук филармониянын имаратында өтүп, ага Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, Казакстан менен Тажикстандын премьер-министрлери катышкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |