ШАХЗОДАДАН ШАҢДУУ КОНЦЕРТ

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.


Концерттин аталышы
– «Аромат»
Концерт өткөн күн – 3-ноябрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 19:00 (30 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 1000-3500 сом

СПОРТ ОРДОСУ КАТУУ КӨЗӨМӨЛДӨ БОЛДУ

Шахзоданын концертин көргөнгө ашыгып 3-ноябрь күнү үйдөн эрте чыгып алгам. Келип эле Спорт ордосунун алдында турган түрдүү улуттагы адамдарга көзүм урунду. Колуна гүлдесте кармап, шиш така, шуба кийген сулуу кыздар, костюм-шым кийип, бабочка таккан жигиттер, эжекелер, аталар, апалар, кичинекей балдар, кыздар, айтор, Шахзоданын күйөрмандары Вена балына же ресторандарда өтүүчү кечелерге даярдангандай эле кийинип келишиптир. Бул Спорт ордосундагы адаттагы көрүнүштөргө окшошпой, жагымдуу шаң берип турду.
Шахзоданын концертин «Тумар» радиосу уюштурду. Ырчынын жана келген элдин коопсуздугуна чочулоо болгон көрүнөт, Спорт ордосуна келгенде эле биринчи көзгө түшкөн нерсе милиция кызматкерлеринин эки катар калың кордону болду. Элди Спорт ордосунун эшигине жеткирбей, сырттан металл издегичтерден өткөрүп, чуурута киргизип жатышты. Ал аппараттар иштебегени менен, келген элге сүр берип, иш-чаранын адаттагы концерт эместигин айтып тургансыды. Көшөгө артына да милиция кызматкерлеринин калың курчоосу коюлуп, ырчыга эч бирөөнү жолотпой сахнага чейин чыгарып, кайра киргизип кетип жатышты.
Өзүм эрте келип алганга концерт кеч башталгандай сезилген, саатымды карасам жарым саат кечигиптир. Сахнада жарык өчүп, Шахзода «Ассалому алейкум» деп баарыбыз менен саламдашып ырдап чыга келди. Кочкул кызыл түстөгү формасы келбетине куп жарашып Шахзоданын көркүн ачып турду. 18 жаштагы селкидей көрүнгөн ырчы келген эл менен сүйлөшүп жатып, улуу баласы 21 жашта экендигин айтканда зал дуу эле дей түштү. «Биздин ырчы айымдарыбыз үлгү алышса болор экен» деп алдым мен дагы дуу түшкөн элге кошо. Концертти андан ары улай көпчүлүгүбүзгө белгилүү «Фатима менен Зухра» тасмасындагы саундтректи ырдап отургандарды термелтсе, «Чайхона», «Хабиби», «Чико» деген ырлары менен жандантты.

СЕЛФИГЕ ШЫЛТОО БОЛГОН ГҮЛДЕСТЕЛЕР

Шахзода Өзбекстандын чегинен чыгып Борбор Азия аймагына таанымал жылдыз деңгээлине жеткенине көп болду. Мындай тажрыйба анын сахнада өзүн алып жүрүүсүнөн ачык көрүнүп турду. Эч кандай алпаруучусу, «оң жак, сол жак, кол чапкыласы» жок эле өзү сүйлөп, өзү ырдап, жылуу, шаңдуу атмосфера түзө алды. Улам эл аралап кетип, артына толтура болуп чогулуп калып жаткан күйөрмандары менен селфи жасап, гүлдесте алып, чогуу ырдаганга да жетишип жатты. Деген менен концерт көрөм деп келгендерди ырчы менен сүрөткө түшөм деп жулунуп, сахнага чейин чыгып алгандар абдан жүдөттү. Шахзода ырдап жатып да алардын суранычын четке какпай сүрөткө түшүп жатты. Айрымдарга концерт эмес, белгилүү ырчы менен эстеликке сүрөткө түшүү кызыктуу болду окшойт.
Технологиянын жетишкендиктери кеңири колдонулуп, концертке келгендердин көпчүлүгү кол телефонунан дароо түз эфирге чыгып концертти түз алып берип жатышты. Ошентип, Шахзоданын концертине Спорт ордосуна шыкалып толгон 2200дөй адам эле эмес, бир нече миңдеген адам онлайнда күбө болушту.

ОМАР ЖАНДУУ ЫРДАП, ШАТЫРАТА КОЛ ЧАПТЫРДЫ

Ырчы айым форма алмаштырып, бир аз эс алып алгычакты жергиликтүү ырчылар элди алаксытып турушту. Жигиттерден түзүлгөн «Заман» тобу ырдагандан кийин Омар чыгып, жандуу үн менен ырдап, тамашалап сүйлөп элди шатырата кол чаптырып, мекенчилдик сезимдерди ыры менен козгоп да жетишти. Ал ырдап жатып «Мага сиздер керексиздер, кол чаап колдоп турган, Шахзодадай болбосом да Омарын сыйлап турган» деп менден деле алакан аябагыла деп кыйытканда эл кыйкырып-ышкырып, кол чаап жатып калды. Жигит азамат, Казакстанда өтүп жаткан сынак-фестивалда жалаң кыргызча сүйлөп сыймыктандырса, Шахзоданын концертинде жандуу ыры менен элди бир толкутуп алды. Омардын артынан эле кара көйнөгүн кийген Шахзода чыгып кулакка сиңген хит ырларын четинен тартуулай баштады. Анын Кыргызстанда сүймөнчүк экенине толук ынандым. Элибиздин катардагы бир өкүлү катары кыргыздан деле ушундай эл аралык деңгээлге, бир нече өлкөдө күйөрман күтүп, кол чаптырып, гүл сундурган ырчылар чыкса деп эңсеп алдым.
Ошентип концерт аяктады. Кыска жана нуска болду. Келген эл тойбой, кеткиси келбей, айрымдар түз эле сахна артына жөнөштү. Алар селфиге тойбой калгандар өңдөндү.
А мен болсо Шахзоданын Бишкектеги мурунку концертин эстедим. Ал 2010-жыл, март айы болчу. Ал кезде Бишкектеги ар бир кафеде кыргыз, англис ырлары менен катар Шахзода, Шахзод өңдүү өзбек ырчыларынын ырлары жаңырып турган маал эле. Анан бизди каргашалуу Июнь өртү каптады. Бишкекте ал ырлар жаңырбай калды... Кыргыз Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр менен өмүр бою коңшу, канатташ жашай турган эл. Андыктан эки элдин, эки өлкөнүн ыр, музыка аркылуу да тил табышып, карым-катышты жакшыртып баштаганы кубантты.

Шахзоданы тегеректеген фотографтар, селфи кылууну каалаган, гүл сунам деген күйөрмандар көп болду.

Орто Азиянын белгилүү ырчысы Шахзоданын Бишкекте өткөн концертинен репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
07.11.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Кыргызга ак ниети менен келип! Кыргыз менен коншу олконун достугун жана ынтымагын бекемдеп!!! Залакасы тийбеген! Эл шайырларына "Кыргыз" Элинин эшиги ачык,дасторкону жайык!!! Бирок (юлдуздай) ыркты бузуп, Кыргызды кемсинткендер унутулбайт!!! Кыргыз мамлекети кабылдабайт!!!Мин жолу Кыргызды данктаса да!!!
SUPER.KG видео
07.11.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне артист койнокторун алмашып кийикен эмес?????
SUPER.KG видео
07.11.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Билет канча сом болду элдер?
SUPER.KG видео
09.11.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ырчы жакшы чынында таланттуу кыз
Шахзодага караганда 100 эсе жогору турат
SUPER.KG видео
10.11.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы
14.11.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом го Шахзоданы.
14.11.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онор адамдары эки элдин копуросу. Чиновниктерден айырмаланып булар уурдап албайт элдин акчасын онорун тартуулап акысын алышат. Ырларын жакшы коруп угабыз аракети куч аялзат
14.11.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Моюнга алыш керек чынында аябай талантту жонокой айым экен Шахзода. Сахнада озун алып журушту дагы эн жакшы билет
14.11.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырлары Тим эле укмуш гоо. Башка озбек ырчылардын ырларын укпайбыз деле. Шахзода уну да озу да башкача!!!
15.11.2017. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы бир акмактардын айынан коншу олколор мн мамилелер солгундай тушту эле. Тем более И.Каримов да коншулар мн жакшы мамиледе болбогон.Жаны президенти келип, эски капачылыктар унутулуп(эч качан унутулбайт дечи)мамилелер жандана баштады.
15.11.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда балам 21ге чыкканда Шахзодадай жапжаш корунсом ))))
Азамат, таланттуу кыз.
15.11.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы талант, сулуулук, кубулжуган булбулдай ун турганда жалтыр жултур узун кыска албыр салбыр кийимдин кереги жок))) зарылчылыгы да жок. Борбордук Азиянын примадонасы деген атка татыктуу ырчы. Бир дагы жанжалы, кычык пычыгы, ийри буйрусу соз ээрчибеген айым. Келбетине соз жок
15.11.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондордон бироо жарымы келип кош келипсин кыргыз жерине дегендей кылып соз айтып койсо болмок сыйлык бербеседа... Эки элдин достугу учун деп
16.11.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cherik.777, туура айтасың, эки элдин достугунун бекемделишине аз да болсо салым кошуп жатат. Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин кыргыз-өзбек элинин достугу калыбына келип калды көрүнөт...
16.11.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин ырчы айымдар улгу алса экен деп жазбай эле койсон болмок , окугум келбей калды , Ошондон кийин, биздин ырчы айымдар деле кем эмес
16.11.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мин сом уч жарым мин сом дейби? Ушунча акчага концертке барган адамдар бар экен да. Алардын ордунда болгонумда эки мушок ун алып эки ай жемекмин. :-D
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо