Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АШКАНАНЫ ЧАКАН ПЛАНТАЦИЯГА АЙЛАНТ

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.

Ар бирибиздин жыпар жыттуу көк чөптөрдү үзүп, туурап, салаттарга, тамактарга кошуп жегибиз келет. Жазгысын, жайкысын, албетте, аларды бакчада өстүрө алабыз. Ал эми кышкысынчы? Кышкысын ашканадагы терезенин текчесин чакан плантацияга айлантып алсаңыз болот. Анын жолун биз айтып беребиз.

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ БУЮМДАР

  • Гүл өстүрүүчү карапалар же желим идиштер
  • Кара топурак
  • Көк чөптөрдүн уруктары

УРУКТУ СЕБҮҮ

  1. Уруктарды 2 күн жылуу сууга чылап коёбуз.
  2. Карапанын үчтөн бир бөлүгүнө кум же майда таш, андан соң топурак салынат. Жарым литр булак суусуна же крандан алынып тундурулган сууга 1 чай кашык балды кошуп аралаштырабыз да, топуракка сиңгенче куябыз. Бул уруктун бат, 2-3 жумада өнүп чыгышын шарттайт.
  3. Эми көк чөптүн уругун себелеп, үстүнө калыңдыгы 2-3 сантиметрдей топурак ташталат. Суудан бир аз куюп, жарык жакшы тийген терезеге коюп кам көрүүнү баштайбыз.

КАМ КӨРҮҮ


  • Карапа жарык жана жылуу жерде (18-20С) турганы туура.

Колдон келсе булактын суусу менен сугарыңыз. Кран суусунда жегич заттар (щелочь) көп болгондуктан өсүмдүктү жабыркатат.

Сууну жайылтып көп куйбаңыз жана топурактын өтө кургап кетпешине көз салып туруңуз.

Сууну жалбырактарга эмес, топуракка куюңуз.



Жакшы кам көрсөңүз жылы бою көк чөптөр сиздин ашканага көрк бергенден сырткары тамагыңыздын даамын арттырып, организмди витаминдер менен камсыздайт.

КӨК ПИЯЗ ӨСТҮРҮҮ

Башка көк чөптөргө салыштырмалуу көк пиязды уругунан сырткары көчөтүнөн жана баш пияздын өзүнөн өстүрүүгө болот.


ОТУРГУЗУУ:

  1. Тегиз идишке баш пияздарды (мурут жагы менен) төмөн каратып тизебиз да, жылуу суудан куюп 2 күнгө калтырып коёбуз. Күн сайын суусун алмаштырып турууну унутпаңыз.
  2. Желим бөтөлкөнүн баш жагын кесип, ар жеринен тешип даярдап алабыз.
  3. Бөтөлкөнүн эң астына кум же майда таш салып, көзөнөк жасалган жерге чейин топурак салабыз. Көзөнөктөрдөн пияздардын сабак өсчү жагын чыгарып, үстүнө топурак салынат. Бөтөлкөнү башка бир идиштин ичине салып, суудан сиңдире куюп, күн тийген жерге коёбуз. Аны 2-3 күндө бир сугарып, кам көрүп турсаңыз, кышы бою ашканаңыздан көк пияз үзүлбөйт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(9)
14.11.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азыр остурсок болобу?
14.11.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көк пиязды өстүрүү ыкмасы жакты,
14.11.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да жакты. Ошо темперптурада болуш керекби?
14.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз чеснок эктик.
16.11.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматту супер инфо жамааты силерден сураныч эл эмне дейт теле долбоорунун актрисасы келинкадан интервю алгылачы толугураак билгим келет
16.11.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marjan92,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
17.11.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун кеңештерго жасап көрөм сөссүз.
18.11.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайра- кайра чыга берет бекен пияз?
19.02.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмаат өтө жакшы кенештер экен.Мен бул пиязды отургузуп көрдүм быйыл жакшы экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо