Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЙГЕРИМ КЫСКАРААК КИЙИП КОЙСО БААРЫ КӨРӨТ. БАШКАЛАРЫ ЖЫЛАҢАЧ ЧЫКСА ДА КӨРҮШПӨЙТ»

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.

SUPER.KG порталынын кезектеги түз эфири адаттагыдан башкача өттү. Анткени студиянын коногу болгон эстрада ырчысы Расул Маматкулов эфирди маркум Гүлбү Ороскул кызын эскерүү менен баштады. Аз, бирок саз сүйлөгөн мырза кыргызча макалдарды орус тилине которуп кызыктуу оюн да уюштурду.

– Расул байке, саламатсызбы? Чыгармачылыгыңызды сыйлайм. Бир мезгилде уулуңуз Руслан ырдап чыкты эле. Азыр эмне менен алектенет?
– Руслан азыр деле ырдайт. Бирок убактылуу Орусияда өзүнүн бир долбоорун жасап жүрөт.

– Кичинекей кызыңыз Аяна менен дуэт ырдап чыктыңыз. Азыр ырчы болууга эрте эмеспи?
– Бала кыялга салып, эркелеп «ата, ырдайынчы» дегенинен макул болгом. Негизи ал дуэтти Руслан экөөбүз жаздырганбыз. Уулум чоңоюп калгандан кийин кызым экөөбүз иштеп чыктык. Ырчы болом деген дымагы күч. Айгерим менен Руслан ырчы болом дегенде каршылык көрсөтө алган эмесмин. Аянага деле жок дей албайм. Бирок башка кесиптин ээси болуусун каалайт элем.

– Чач жасалгаңызды өзгөртөйүн деген оюңуз барбы? Же «кыргыздын Жимиси» деген каймана атыңыздан улам өзгөрткүңүз келбейби?
– Бул чач жасалгам өзүмө, келинчегиме, кесиптештериме жагат. Өзүмдү башкача чач жасалгада элестете албайм. Көнүп да алгам.

– Чыгармачылыктан тышкары кошумча кандай ишкерлик кыласыз? Кийим тиккен цех, ашканаңыз бар дешет.
– Жеке ишкерлигим тууралуу айтпай эле коёюн. Айтып алып мактангандай болбоюн.

– Күз келип, сиз дагы тойлордон бошобой жатсаңыз керек?
– Тойлорго чыкпай коёюн десем, замандаштарым, жолдошторум кыз берип, уул үйлөп чакырып жатышат. Жакшы көрүп чакыргандан кийин барбай койгонго да болбойт.

– Эмнеге опера ырчысы катары сабак алып, анан эле эстрадага өтүп кеттиңиз?
– 3-курста окуп жүргөндө опера, эстрада деп бөлүп окутчу. Ошондо кайсы багытта кетсем ыңгайлуу болот деп операны тандагам. Ал кезде белгилүү ыр тобунун солисти бол деген сунуш түшкөн. Бирок мен макул болгон жокмун. Өзүм ыр жазып, жеке ырчы катары эстрада жаатына ооп кеткем. Азыр курсташтарым менен катташып турабыз.

– Ысык-Көлдө Жанна деген кызыңыз бар дешет, катташып турасызбы?
– Ооба, катташып турам, ага арнап атайын чыгарма да жазгам. "Жанна, Жанна, жанарым" деген ыр ошол кызыма арналган.

– Клиптериңиздин жарымы эле үйүңүздө тартылган. Дайыма эле үйүңүздөн тарта бересизби?
– Клибимдин жарымы эмес, эки клибимди эле үйдөн тарткам. «Дүйнө мага сенсиз караңгы» жана Аяна менен дуэтиме эле тартканбыз.

– Ушул жашка келип эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?
– Үй-бүлөмдү, досторду жана мен тааныбаган, бирок мени таанып «сиз менен учурашып коёлу дегенбиз» деген күйөрмандардын сыйын таптым. Ал эми жоготконум ата-энем болду.

– Айгеримди турмушка узатып жатканда «Ай кызым» деген ырды аткарып жатып, акыркы саптарын «андай эмес, андай эмес» деп ырдагансыз. Ырдын сөзүн унутуп калдыңыз беле? Ошол окуя тууралуу айтып берсеңиз.
– Айгеримди турмушка узатып «Ай кызымды» ырдайын дегем. Эл алдына чыгарда «ушунча элдин алдына чыгып ыйлаган уят эмеспи, ыйлабайм» деп чыккам. Акыркы сабын ырдап жатсам кызым тизелеп отуруп, колумду өөп жаткан экен. Көзүмдүн жашын жашыра албай ыйлап жибердим. Анан «Ай кызым» дегендин ордуна «андай эмес» деп алдым. Мен эле ыйлаптырмын десем, стадиондогу элдин баары ыйлап алышыптыр.

– Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу чет өлкөлөргө тойлорго барсаңыз ставкаңыз канча?
– Коңшу мамлекеттердеги тойлорго 2000 доллардан көп суммага барам.

– Уулуңузду качан үйлөп, келиндин колунан качан чай ичейин деп жатасыз?
"Убагы келгенде өзүм айтам" деген. Балким, сүйүктүүсүн таба электир же сүйө электир. Эгер үйлөнөм десе эртең деле той кыла беребиз. Үй кызматкерибиз бар, андыктан келинди кызмат кылсын деп албайбыз.

– Азыркы ырчылардын ырларына канааттанасызбы?
– Ар мезгилдин өзүнүн инсандары болот. Бүгүнкү күндүн жакшы ырчылары бар. Техниканын өнүккөнүнө байланыштуу баары оңой. Мурда биздин ар бир ырыбыз комиссиядан өтчү. Анан радио, телевидениеден жүгүртүүгө уруксат берилчү. Биздин замандаштардын арасында деле болгон ырдай албагандар. Бирок азыркыга салыштырмалуу аз, санасаң манжаң жетчү.

– «Сүйүү жашка карабайт» дешет. Ушул жашка келип бирөөнү сүйүп калсаңыз эмне болот эле?
– Биздин сүйүү балдар менен неберелерибизге короду. Башка бирөөнү сүйүп калуу мүмкүн эмес.

– Айгеримге бактылуу жашоо кааласаңыз, кыска кийинүүсүнө тыюу салбайсызбы?
– Менин кызым кичине кыскараак кийип койсо баары көрөт. Башкалары кийими жок чыкса да көрүшпөйт. Кудайга шүгүр, кызым тарбия жагынан, бардык жагынан төп келишет.

– Кызыңыз Айгерим тууралуу негативдүү сындар көп айтылат. Атасы катары андай сындарга кейийсизби?
– Интернеттен маалымат кенен жайылат эмеспи. Бирок андай айтылган, жазылган кептерди кабыл албайм. Айгеримди мен чоңойтком, менин тарбиямды алган кыз бардык жагынан төп келет. Балдарым болсо апасындай, болбой калды дегенде мендей болсо да жаман адам болбойт.

– Кайрымдуулук кылып турасыздарбы?
– Балдар үйүнө жардам берип турабыз. Бирок коомчулукка жайылтпайбыз.

– «Дүйнө мага сенсиз караңгы» деген ырыңыз турмушуңуздан алындыбы?
– Бул чыгарманы жазууга мажбур кылган жубайым болгон. Тааныштар арасында «Үй-бүлөдө баарыңыздар ырдайсыздар, жеңем да ырдайбы?» деп сураса, жубайым «жок, мен ырдатам» деп калат.

"Жубайым бизге продюсер гана эмес, костюмер, гримёр, уюштуруучу."


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Расул Маматкулов: “Кызым Жанна менен катташып турам”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
14.11.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим апасына аябай окшош экен. Дайыма сулуу болуп журо бергиле! Негизгиси бар болгула
14.11.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечиресинер кайсы жерди сатып байыдынар?
14.11.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айгерим эле ашыкча кыска кийип,көкүрөгүн ачып жүрсө анан Айгеримди эле көрүшөт да.
Edelveis929317 түзөттү 2017-11-14 10:38:18
14.11.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялы экөөнүн прическасы окшош го.
14.11.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Begaiko,Жакшы Бактылуу болушсун
14.11.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
rozy4ka, прическалары окшошсо делеби
14.11.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгеримден башка эч ким кыска кийинбейт.билип кой
14.11.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
vangolu,дуйноо сулуулары журот го липчик трусачан. Аларды козун корбойбу
14.11.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Altynbekova.01,
Кыргыз Шоу дуйносундо деп жатат, бай болгурлар. Дуйно сулууранынын липчикчен, карандаш АН тушкон суротторун биз деле коруп жатабыз))
24.11.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altynbekova.01,алар дуйно сулуулары. Айгерим жонундо соз болуп жатпайбы бул жерде
15.11.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
vangolu,Нон стоптогу Чолпон, Чолпонай, Асемалар ж. б. Журушпойбу кыска кийип. Жарашса буттары туз болсо кие беришсин
14.11.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Адамдар да кызык ээ?жакшы адамды эч качан соз ээрчибейт?жакшы адамды жакшы гана соз ээрчиши мумкун,демек ойлогула?бир айылдан бир аял даман журуп кетти дейли ушактын баары ошол аял жонундо болот,ага консул бурбай коюу мумкун эмес,ошондой экен биздин ырчыларыбыздын да жакшыларынын артынан соз ээрчибейт,Эми эл козундо жургон адам озун жакшы алып журуусу шарт,бут элдин конулун буруп эл талкуусунда болгон кыз озун мен папилярдуумун дер ойлобостон,балким негатив жагында ойлоп коруусу керек?демек
14.11.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл тараза эл сынчы деп бекеринен айтылган эмес да,элдин да корсоткон жолуна эч болбосо бир жолу баш ийип коюуу эчнерсе эмес.
14.11.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эл оозунда элек жок. Баардык адамдга бирдей жагуу мумкун эмес, Бироону сындаганды коюп озубузду ондойлучу туугандар. "Сен таза болсон мен таза болсом коом таза болот" деп бекер айткан эмес И.Разаков. Бироонун кемчилигин эле издеп турабыз. Жакшы жагын, ийгиликтерин корууго аракет жасабайбыз.
15.11.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Izana,Жакшы жагын эле коргун келет.Анан эл тааныган,маданият кызматкерлер ушундай болуп турса айтып турган да жакшы.
14.11.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшынакай соонун кийинип эле таанылып жургон эжекелерибиз барго.Ата-энемди агамды жолдошумду сыйлайм эгерде жалган жашоодо кыска кийинишиме уруксаат беришсе дагы мен кийбеймин анткени акырет бар.Баарыбыз олум даамын татуучуларданбыз.Кылган ишибизге кудай алдында жооп береер кун дагы келет.
14.11.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Соонун маек бериптир.Айгерим турмушка чыкканга чейин кыска кийип,элге корунуп калган.А так азыр соонун болуп журот.Жонокой соонун кыз.Атасы да жонокой адам экен да.Мактанбай туура кылыптыр байлыгын,бизнесин айтпай.
14.11.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коюнчу, кыргыз Шоу бизнесинде Айгеримчелик эчким обу жоктонбоду окшойт, 1см калганга чейин кийинип....
14.11.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыска кийгени аз келгенсип,кыска кийип алып далактап бийге тушуп жатпайбы. Ошон учун айтышат да. Озун эле,озун эле деген ырын корсотуп баштаганда уйдогулордон уялганыман башка комнатага чыгып кетем. Жыланач эркектерди тизип алып,баарын сылап чыгат го.
14.11.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Зата Айгеримдин багын берип койуптур куйоосу аявай тушунуктуу барган жери КараКулжа айылы болуш кк бирок абдан интелигент адамдар кыз балага багынан берсин экен бак сурагыла бироону талкуулагандвн ордуна
14.11.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкалар жыланач журот деп шумдук айтыптыр го.ошондо бул кызынын кыска кийингенине "За" турбайбы
14.11.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ортомчу бизге Ысык-кол деген ырыныз эн жакшы чыккан.Гулбу Ороскул кызы эн сонун аткарып элге жеткирген.
15.11.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо."Кенеш" тобунан да интервью алгылачы?менин суйуп уккан ырчыларыман.
15.11.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Причёска сонун , мага жагат )))
15.11.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч айтып койунчу,а эмнеге менде ар саны 3-куну чыгат,баарында ошондойго деп кирсем элдин баары окуп комментарий жазып чыккан болушат,алдын 1-кун эле чыкчу.
15.11.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanur_89kg,
Саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны жуманын шейшемби күндөрү порталга жарыяланат.
15.11.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул суротто канча аял канча эркек отурат?
15.11.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айгеримди турмушка чыкканда ачык кийингенин токтототко десем тескери болду. Расул байке айткан жыналач чыккандар боло элек.
15.11.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу администрация дейин,Динара Жусаева деген ырчы,алып баруучу эжебиз бар эле,ошондон да кабар алгылачы,сураныч
15.11.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз,ата деген балдарын ошентип қорғайтын.
16.11.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мактанбай жакшы майек бериптир. Болбосо канча мактанса болот эле :)
16.11.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгерим куйоого тийгени кыска кийип эле журот, бул нерсе туура эмес кайната кайнене деген бар уят Тошун ачып кыска кийгени эне деле болуп калды ойлонбойбу.
16.11.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен чонойттум дейт го....
17.11.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул байке Айгеримге абдан сонун тарбия берген.Жонокой,адамгерчиликтуу кыз.
17.11.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шугур жакшы кишиден корунот
17.11.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыска кийим арык буту булчундуу кара Тору кыздарга жарашат, териси ак сканы жоондого жарашпайт
20.11.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Момолуу даракка адамдар таш ыргытат дейт,момо албаган теректерге анча асылышпайт да,ошону сынарындай кызыныз Айгерим да момолуу дарак сыяктуу,бар жогунан топ келишкен кыз. Уй-булонор менен бар болгула!
20.11.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулбу эжени жакындары эч качан унутата албайт,ал ар бирибиздин журогубуздо жашайт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо