Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аптанын айымы - САЙКАЛ

№394 21-27-май, 2010-ж.

Музыка менен төрөлүп, музыка менен өскөн кыз кандай болот деп кызыксаңыз, анда Сайкалдын биз менен болгон маегине көңүл буруңуз. Жылдыздын үй-бүлөсүндө өскөнүнө карабай Сайкалдын жөнөкөй, ачык-айрым кыз болуп чоңойгону, албетте, кубантпай койбойт.

– Сайкал, учурда эмне менен алексиң?
– Азыр сессияга даярданып жатам. Ошол эле учурда “Бала чагым” аттуу ырыма клип тарттыруудамын.
– Кыргыз эли сени ырчы катары тааныйт. А эгер ырчы болбосоң ким болмоксуң?
– Ырчы болбосом, анда модельер, визажист, стилист болмокмун. Анткени ушул кесиптерге да кызыгам.
– Кенже эже күйөөгө кетип, “башкаруучулук” сага өттүбү?
– Топту башкаруу жоопкерчиликтүү иш. Буга мени Кенже «мамам» эки жылдан бери даярдап келди. Бирок ошого карабастан, апам ишимдин үстүнөн көзөмөлдөп турганга эки адамды дайындады. Алар жардамдашып жатышат. Мен дагы бир-эки жылда толук жетектөөгө даяр болом деп ойлойм.
– «Кыз-Бурактын» кыздары тамакты укмуш жасайт дешет. Сен да алардан кем калбасаң керек?
– Куурдак, манты, мастава, дымдама, шорпо, ган-фанды, анан салаттын айрым түрлөрүн жакшы жасайм.
– Бактылуусуңбу?
– Албетте, жакын адамдарым жанымда, азбы-көппү эл алдына чыгып ырдап калдым. Тынчтык менен таң атырып, күн батырган жашоонун буйругу чоң бакыт деп ойлойм.
– Жашоодо эмнени аябай жаман көрөсүң?
– Туура эмес болсо да өз оюн таңуулаганды, билип-билбей туруп каралаган адамдарды, “жасалма” досторду жек көрөмүн.
– Эч тажабай көргөн киноң кайсы?
– Бир кинону бир эле жолу көрөм. Кайра-кайра көргөндү жактырбайм.
– Кандай стилдеги ырлар жагат?
– Хип-хоп, жаз, рэп стилиндеги ырлар жагат. Элдик ырларды апамдын мажбурлоосу менен ырдайм.
– Кадимки эс алуу күнүң кандай өтөт?
– Ишемби, жекшемби күндөрү үй жыйнайм, кир жууйм. Эртеден кечке мончо жагылат. Андан кийин атайын бышырылган шишкебекти жеп эс алабыз.
– Сен бирөөгө камкор болгуң келеби же сага бирөөнүн камкордук кылышын каалайсыңбы?
– Кимдир бирөөлөрдүн ар дайым мага камкор болуп турушун каалайм.
– Өзүңдү сулуу сезесиңби?
– Сулуумун деп бой көтөрбөйм. Андан көрө ички дүйнөмдүн сулуу болушуна көңүл бөлөм.
– Башка эстрада ырчыларынан эмнең менен өзгөчөлөнөсүң?
– Жеке концертимди берем деп чуркабагандыгым жана “ашар” концерттерге катыша бербегендигим менен айырмаланам го.
– Көбүнчө өзүң тууралуу кандай комплименттерди угасың жана кандай кабыл аласың?
– Айрымдар «актёрдук чеберчилигиң мыкты» дешсе, айрымдары «ырдаганыңда көздөрүң образды так жаратат. Өтө жароокерсиң, көздөрүң сулуу» дешет. Мындай сөздөрдү уга берип көнүп деле калгам.
– Жакында Ильяз Абдыразаков бизге берген маегинде “Сайкал менен сүйлөшүп жүргөнмүн” деген эле...
– Ильяз байке экөөбүз бир казандан тамак ичип, ага-карындаштай чоңойгонбуз. “Сайкал, сени сүйөм”,- деп көп айтат. Бир нече жолу жолугушууга чакырган. Бирок ал сунуштарын мен кабыл албай койгом. Анткени, биринчиден, мен сүйүү курагына жете элекмин. Экинчиден, Ильязды бир тууган агамдай көрөм. “Эмнеге Сайкал экөөбүз сүйлөшкөнбүз деп айттыңыз?” десем, “тамашалап койдум” деп кутулуп кетти. Азыр апамдан коркуп качып жүрөт.
– Жигиттер көбүнчө сенин эмнеңе кызыгат деп ойлойсуң?
– Байкашымча, жигиттер атак-даңкыма, ырчылыгыма кызыгышат.
– Эгер сүйүп калсаң, сүйүүң үчүн эмнеге даярсың?
Азырынча сүйүп көрө элекмин. Бул сезимдин даамын татып көрөйүн, анан ал үчүн эмнеге даяр экенимди айтам.
Маегиңе рахмат, сессияңа ийгилик!

Толук аты-жөнү – Садыбакасова Сайкал Эргешовна
Туулган жылы – 10-декабрь, 1992-жыл
Туулган жери – Ош шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жактырган машинасы – Бентли
Тамшана жеген тамагы – Шишкебек
Фобиясы – Жылан
Жашаган жери – Ош шаары
Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Эстей жүр”, “Эстедим”, “Жан сырым” ж.б.
Жигиттердеги баалаган сапаты – Жөнөкөйлүк, чынчылдык, адилеттүүлүк, боорукердик

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
24.05.2010. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Касиеттуу Ош шаарынын сулуу кызы сага чыгармачылык ийгилик каалайм!
24.05.2010. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
24.05.2010. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oylonup joop bergen eken...
25.05.2010. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер жон гана жигитим деп коёсунар.Апандын жеке башмыйзамынын негизинде ушундай дешке мажбурсун да.Бирок,Ошто сенин жигитин бар экенин билем.Аны менен суйбой эле журосунбу?же,ал алдаган,же сен алдап атасын...
25.05.2010. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле кыз экен козун азырак бойосо болмок,козун бойобосо деле суулу кыз!!!Кудайым сени сактасында, коп жаман создорду угам ушул кыз жонундо.....
26.05.2010. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага
26.05.2010. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talantyn baalaim! iygilik saga!
26.05.2010. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stili ozgocho, talanttuu kyz! jash bolso da oz ordu bar! iygilik, oso ber!!!
26.05.2010. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Глаза потрясающие. Голос изумительный. Улыбка прекрасна. )) Достор, это шоу - биЗЗ. кому не нравится, не смотрите )) сомневаюсь, что ее песни не слушаете. Завидуйте молча, улыбайтесь и машите руками )))) Ийгилик, АЗАМАТсын !!
26.05.2010. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SUPER!!!!!!!!!!!
27.05.2010. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очень красивые глаза, голос хороший, и песни нравиться, она еще молодая, у нее еще все впереди. Удачи тебе!!!
27.05.2010. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал кыз атына заты жарашкан чындыгында сулуу кыз! Сайкал сени менен кантип байланышсам болот?
27.05.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кочодон корсон наборот жаман козу менен карайт особенно дордойдо )))))жылуу караса бир жери кемип калабы
28.05.2010. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyyuyrt
28.05.2010. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныш Депп=точняк!
Тоже видел состав кыз-бурака на дордое. ростом маленькие все,кроме Сайкал.
29.05.2010. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болсо да артистердин катарында го. Шамал болбосо чоптун баш кыймылдабайт дегендей жон эле кептер чыга бербейт. Актанганы менен бойго жеткен адамда сезимдер ойгонот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо