«МЕН СЕНДЕН КЕТЕЙИНЧИ...»

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.


Машинемдин салонунда «Мен сенден кетейинчи» деп сыздаган ыр. Бишкектен Ош шаарына багыт алдым. Көңүлүм ушунчалык кирдеп, сиркем суу көтөрбөй баратам. Арада келинчегим чалды. Телефондон кызым менен сүйлөштүм.
– Качан келесиң?- деди келинчегим.
– Бир жума кармалам го.
– Жеткенде кабар бер,- деди ал.
Аман-эсен жетип алмайынча ары-бери басып уктай албай тынчы кетерин билем. Көздөрү алайып мен оорусам кошо ооруй турган, ишим жүрүшпөй калса кошо азап тарткан жанды эстеп ого бетер жаным төрт бөлүнөт.
Теребел тыптынч. Жол созулуп алдымда жатат. Менин гана жалгыздыгым жаныма жолдош болгонсуйт. Сени эстейм. Бир айда бир Ошко чапкылап калганымдын себеби да сен. Ортобузда бир нерсе болдубу? Жок, сый мамиле. Чектен өткөн эч нерсе жок. Дайым эле маңдайымда көздөрүң турат. Эч кайда качып кутула албачудаймын. Кээде баарын унуттуруп саласың. Сенден башка жашоом барын да, эки баланын атасы экенимди да, келинчегим менен эчен ашуу ашып салганымды, деги эле бул жашоонун аки-чүкүсүнүн баарын унуткарасың.
Алгач көргөндө эле чырайлуу жүзүңдөн көзүмдү ала албай дал болгом. «Кимге буюрса да мыкты жар болор» деп койдум. Анан иштешип калдык. Сыртыңдан эле сүйүп Айтматовдун Эдигейи болуп жүрөм. Көзгө көрүнбөс жиптер ошондо эле экөөбүздү аралап өткөнсүгөн. Анан... Жакындан тааныштык. Билиштик. Ого бетер жан дүйнөм сага тартылып, жанымды коёрго жер таптырбай жатты... Ансайын көргүм келет. Жүзүңдөн түшүнбөстүктү байкайм. «Эмне ою бар?» дейсиң да сен деле, «Же жакындабайт, же алыстабайт, эмне деген мамиле?» деп. Көзүңдөн баарын окуп турам. Сен да бир ишарат менен чакырсам жаныма жетип келгенге даярсың. Болгону мени күтүп жүрөсүң. Көз менен сүйлөшүп, дилибиз күйүп канчага чыдайт элек? Бул ишти аягына чыгаруу керек. Эмнеге жолуктук? Бакыт чөйчөгүн бир ууртап, анан тарттырып жиберүү үчүнбү?
Эмнеге жолуктук? Жаштыгым тиги кырдан ойт берип кеткенин сезишим үчүнбү? Анда эмнеге жүрөгүм боз улан баланыкындай түрсүлдөйт? Эбак колу-жолум байланып калганда эмнеге жолуктук дейм да...
Мен сенден кетейинчи. Эч нерсени булгабай эле, жакшы ага-карындаш мамилебизден жазбай калалы. Ушу сөздү айтып көзүңдү бир карап коштошуп келейин деп кетип бара жатам. Жеттим Ошко. Көрсө, мен жеткен күнү сенин тоюң болуп жаткан экен. Тегеренип кеттим. Ишеничтүү курбуңдан кат берип жиберипсиң.
«Агай, сизди көрүп-тааныгандан бери жанымды коёрго жер таба албадым. Ашыктык айттырбай келет экен. Камынтпай басып калат экен. Жолумду аңдып, карааныма зар болгон эчен бойдок жигиттер турганда менин көңүлүм сизди чечти. Кимден жашырмак элем, катуу сүйдүм. Бирок биз бузуп өтө албаган нерселер бар. Аны да жакшы билем. Болгону үмүт кылдым. Бирок бул да аягына чыга турган нерсе экен. Сизди коё берүүнү чечтим. Анткени үй-бүлөңүзгө бекем байланган адам экениңизди сездим. Ого бетер сыйлап-урматтап калдым. Бүгүн тоюм, ата-энем тапкан адам менен кол кармашууну чечтим. Аман болуңуз. Сизди өмүр бою сыйлап өтөм».
Бир ууч баракты колума мыкчып турдум. Жер жаңырта бакыргым келди. Жаш баладай рулга отура калып көз жашыма ээ боло албай ыйлап жаттым.
Өх, агаңды сыздатып кеттиң. Билем, сенсиз да таң атат, кеч кирет. Тиричилик менен алаксып күн да өтөт. Бирок жүрөгүмдө, жан дүйнөмдө калган сенин издериңди өмүр бою унута албасмын. Жооткоторум да, жоошутарым да ушул.
Бактылуу бол. Баркыңа жете турган адамга туш болсоң болду. Сенин адамгерчилигиңдин, акылыңдын, сулуулугуңдун кадырына жеткен жан болсо мага ошол жетет. Бирок атыңды жүрөгүмө чоң сүртүм менен жазып кетиптирсиң.


Айбек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(23)
14.11.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
кыйратыптырсын, уй-булосу турганда башкага чуркап жинди го. тиги кыз акылдуу экен. эки баланы ыйдатпаптыр. ушундай нерселерди окусам, каным кайнап чыгат. озумдун башыма келбесе экен дейм. Кудай сактасын мындай суйуудон. уй-було, балдар турганда
26.02.2018. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love_you,туура
14.11.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Былжырагандар
14.11.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыз жигиттин суйуусуно Караганда эне бала ата баланын суйуусу жогору тураарын сезсе билсе ушинтип аттин кылбайт беле?
14.11.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кырк жаштын кризиси деп койсок болот нервтенбей эле.
14.11.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын эч кимдин башына тушпосун
14.11.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сиздин аялыңыз да кимдир бирөө үчүн эң сулуу, эң акылдуу, кол жеткис жан экенин түшүнүп, баркына жетсеңиз жакшы болмок. Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт деген ушул да...
14.11.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге купуя катты кантип жиберсе болот.
14.11.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх, суйуу суйуу, менин дагы алым жетип чыгынып турмушка чыгып кетсем жакшы болот эле,,,
14.11.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nyuwa,Кудайым эки дуйно бактылуу кыла турган омурлук жар насип этсин.
14.11.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип суйбой эле жашай бергилечи, сиздин аялыныз да бироонун козуно кыз коруноор
14.11.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Комментарийлерди окуп корсом баары авторду тилдешкендей го, бирок озунордун башынарга мындай суйууну салса силер деле автордой эле абалда болсонор керек эле...
15.11.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Убагында жубайын деле суйуп баратам олуп баратам сенсиз деп атып эле алгандыр, тиги кыз болду жолдошун суйуп калат оюнада келбейсиз, ушундай суйуудордон алыс бололу
15.11.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек болбой өлүп эле калчы. Сага окшогондор аялынын убалына калатко. Аялым кошо ооруп кошо кайгырат дейт.
Кыз молодец ошол бойдон кетсе
15.11.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээй пенделер ар ким оз башына тушкондо билет. Кандай шартта болсо да коодонунор бош калбай, ошо сезимдин даамын татканды насип кылсын. Авторду жаман корбогуло, андай кун эртен эле оз башынарга тушуп калышы мумкун,себеби эртен эмне болоорун билбейбиз.
17.11.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда пикир калтыргандар омурундо суйууго жолукпаган бактысыздар экен, жалган суйууну чын суйуу деп, оздорун калп эле бактылуу сезген шордуулар экен...

Суйуу бул биз каалаганда келчу нерсе эмес... Суйуп калыптыр, анын эмнеси уят?!! Бирок жигит да, кыз да (турмушка чыга элек кыз) чектен чыкпаптыр, жаман жолго баспаптыр... Анан эмнесине тилдейсинер?!!

Ошол тилдегендер, оздору жашоодо суйууго жолукпаган бактысыздар экен, бироону тилегиче озунорго боорунар оорусун...
ajdaaar түзөттү 2017-11-17 03:26:33
18.11.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы тарбиябы эми бул? Бул катты окуп мен куйоомду кызганып кеттим..
18.11.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экинчи аял кылып алсан баары жакшы болмок)))
01.12.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азыркы учурда мындай корунуштор копго,бирок адам уй булону эн биринчи орунга коюн керекда,кыз акылдуу экен,биронун коз жашына бакыт куруу мумкун эмес!
04.12.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныш окуя...
27.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
40тагы жигит кыз алат
27.02.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал кызга жигит чыгып калып эле акылдуулук кылса керек, ким билет балким турмуш курууга жигит жок болсо экинчи аял болуп деле жашай бермек болуш керек.
27.02.2018. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо