Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)


Алибек ага капысынан жолукту. Көркөм гимнастика боюнча макала жазганы жаткан. Эң мыкты спортчу катары ошол кызды айтып, интервью алышын редактору талап кылган эле. Залдан бою узун, көздөрү жайнаган, келбети келишкен Диананы көргөндө ар бир эркек шилекейин кылк жутуп алмак. Бирок Алибектин жүзүнөн эч нерсе билинбеди. Сылык сүйлөп, керек маалыматын сурап алды да, кетти. Адатта ага эркектер жабышып, телефонун алганга аракет кылып, жок эле дегенде көзү менен узата бир тиктеп алганга көнгөн кыз ичинен бир эсе таң кала, бир эсе ызалана түштү. Бул сымбаттуу, кең далылуу, кара тору жигит башкаларга окшосо, балким, анын көңүлүн деле бура албаса керек эле. Так ошол өзүн алыс кармап турганы менен кызыктырды.
– Бул ким?- деди курбусуна. Анткени курбусунун эшиктин жанынан салам берип ал-жай сурашып турганын көргөн эле.
– Алибек, мыкты журналист. Кыйын жигит.
– Хм.
– Эмне болду? Сага жагып калдыбы? Убара болбой эле кой, ал баары бир эч кимге кызыкпайт.
– Эмне гейби?
– Жо-ок, жинди го. Кадимкидей эле жигит. Болгону кыздарга көп кызыга бербейт. Ал тургай сендей сулууларга да,- курбусу Айгерим күлүп калды. Диананын көздөрү жалт этти.
– Мага дагыбы? Эмнеге? Бойдокпу?
– Бойдок. Анын сырын эч ким билбейт. Мен аны 3 жылдан бери тааныйм, ага жабышкан кыздарды да көргөм. Бирок ал эмнегедир муз. Жакшысы ага аракет кылбай эле кой. Артыңдан ээрчигендер толтура го.
– Мен аны 1 айдын ичинде артымдан ээрчитем,- деди Диана ишенимдүү.
– Койчу, ээрчите албасаңчы?
– Кел мелдешебиз, бир айдын ичинде артымдан ээрчийт.
Кыздар кол алышты. Социалдык тармактардан таанышуу баналдуу көрүнүш деп эсептеди кыз. Андан көрө жигитке көнүмүш адаттарды, кайсы жерге барып эмне кылат, изилдемей болду.


ххх


Керемдин чекесинен тер чыга бакыра турган абалда турганын аялы Шерифе да байкады. Жанына келип көзүнө тике карады.
– Сага эмне болду? Ооруп калган жоксуңбу?
– Баары жакшы.
– Андай көрүнбөйсүң го?
Керем үчүн тозокко айланган туулган күндүк кече да бүттү. Бирок меники деген менчиктеген сезим аны коё бере албай жатты. Уулу Ахмеддин колун кармап, аны аталаган сайын денеси калтырап, жаны көзүнө көрүнөт. Алкымдан алып муунтуп жаткандай. Ал эле эмес, Жамилянын жек көргөн көз карашы да тикендей тийчү болду. «Жамиля менен сүйлөшүшүм керек. Ал мени угушу керек, мени түшүнүшү керек» деген ой аны ээрчип алды. Ал күнү үй-бүлөсү менен деңиздин боюна чыгып эс алып келмек. Аялы, энеси, Ахмед, Жамиля, уулу да бар эле. Күүгүм болуп көз байланып калган учур болчу. Терезеден тиктеп туруп деңиздин боюндагы моторлуу кайыкка Эмре менен Жамиля отуруп ойноп жатканын көрдү. Жанында Эге да турган экен. Энеси менен аялы бөлмөлөрүндө эле. Мындай жалгыз сүйлөшө ала турган мүмкүнчүлүк жоктой сезилди. Тез-тез кадам шилтеп барып кайыктан уулун алды.
– Эмре, сен Эге менен үйгө бар. Энең менен сүйлөшүшүм керек,- деди ага.
– Жок, сени менен эч кайда барбайм!- деп ордунан тура калган Жамиляны ийинден алып күч менен отургузду. Жан далбастап жулунуп, кыйкырып жиберди ал.
– Кыйкырба деп жатам сага. Жөн гана сүйлөшөбүз,- деди да моторлуу кайыкты айдап жөнөдү.
– Токтот деп жатам. Сууга секирип кетем азыр. Билесиң мени,- деп кыйкырып жаткан Жамиляны көпкө тиктеп турду.
– Секир! Артыңдан мен кошо секирем, экөөбүз тең өлөбүз. Мындай түрмөдөн көрө, мындай жашоодон көрө экөөбүз тең деңизге чөгүп кеткенибиз жакшы.
Жамиля токтоп калды. Анын карегинде жан кечтилик, үмүтсүздүк бар эле. Жамиля кыйкырганын токтотуп отуруп калды. Деңиздин ортосуна барып токтотту да, Керем үн катпай отуруп калды.
– Кечир мени,- деди ал башын көтөрүп.
– Мен азыр эмне кыларымды билбей жүрөм. Чын айтып жатам. Билем, мени кечирбейсиң. Сени күчкө салганымды, Ахмедге нике кыйдырганымды, тиги сенин жинди кыргызыңды (Алибекти айтканы) кетиргенимди, сени уулуң менен коркутуп кармап отурганымды кечирбейсиң. Сенин ордуңда мен болсом да кечирбейт элем. Мен ошол каргашалуу түндү сага унуттургум келет. Андан кийинки да жасаган итчиликтеримди туура деп ойлобойм. Бирок мен жанчылып кеттим, Жамиля. Мындан ары күрөшүүгө алым жок. Мен ата болгум келет. Бир жолу болсо да адамча өмүр сүргүм келет.
– Баарыңар өзүңөрдү ойлойсуңар. Кимдир бирөө Жамиляны ойлоп көрдү беле? Мейли мен үй кызматчысы болоюн, мейли мен бул үйдүн ханымы болоюн, мейли мен Эмренин энеси болоюн, менин ордум силер үчүн үй кызматчы гана. Болуптур, сен кечир деп жатасың. Кечирейин. Бирок мен мындан ары кантип жашайм? Өмүр бою үй кызматчысы, силер үчүн бөтөн бир катын болуп жашайынбы? Кайсы бир күнү бул түрмө бүтөбү? Мен жашагым келет. Кадимки аялдардай бактылуу болуп жашагым келет. Өзүмдүн үйүм, өзүмдүн буюмдарым, өзүмдүн ордум бар үй-бүлөдө жашагым келет. Мен али жашмын. 22 гана жаштамын. Өмүрүм Ахмеддин аялы болуп өтөбү? Билесиңби, эч качан мен мындай заңгыраган үйдө жашагым келген эмес. Мен өз дүйнөмдө, өз мекенимде, Алибек менен бактылуу үй-бүлө кургум келген. Менин кыялым ошол болчу. Менин кыялым... Азырчы? Мен жээкке чыгып калган балыкмын. Мага дем жетпейт. Ошонун баарына ким күнөөлүү? Сен! Менин тагдырымды талкаладың. Кыялдарымды бирден алып жок кылдың. Мага байлык, заңгыраган үй, даража кереги жок болчу. Мен ушунун баарын жөн гана бактылуу аял болгонго алмашат элем. Айтчы, мен эмне кылам? Эгерде кыйын болсоң мен сенин айыңдан жоготкон нерсемдин баарын кайрып бер.
Жамиля ыйлап жатты. Көп убактан бери минтип төгүлүп арманын айткан эмес эле. Дамба жарылып кеткендей болду. Токтоно албай сүйлөп да, ыйлап да жатты. Караса Керем да ыйлап жатыптыр.
– Эмнеге ыйлайсың?
– Сага. Сенин жоготкондоруңа. Туура, мен сага эч нерсени кайрып бере албайм. Ошого ыйлап жатам. Биз мындан ары да ушинтип өз жашообузду улантабыз.
– Мени коё бер.
– Жок, ал тууралуу ойлобо. Эмрени алып кетем деп ойлобо.
– Азыр эле кечирим сурап, экинчи мага жамандык кылбайм дегенсиң. Мына, кайрадан жанымды сыздатып жатасың.
– Кечир. Биздин тагдырыбыз ушундай. Аны сен да, мен да алмаштыра албайбыз.
Жамиля үн катпады. Бир топто ийин кага улутунду да, «мени үйгө алып бар» деп кыска сүйлөдү.
Керем кайыкты токтотуп өз бөлмөсүнүн терезесин тиктеди. Күткөндөй эле аялы карап турган экен. Акылынан адашып, сактыкты сактабай ката кетиргенин түшүндү. Аттиң деп отурганга убактысы жок эле. Тезден шылтоо издеп баштады. Айткандай эле босогодон кабагына кар жааган аялы тосуп алды.
– Бул эмне?
– Кайсы?
– Жамиля менен кайыкта бирге болуу. Түн ортосунда. Бир ачыктаарсың?
– Аа, албы? Ал жөн гана менден деңиздин ортосуна чейин айдап баруумду суранды. Өзү суранды. Келин ханымдын өтүнүчүн жерге таштай албадым. Ахмеддин жайын өзүң билесиң.
– Керем...
– Эмне?
– Экөөңөрдүн ортоңордо эмне бар?
Денеси дүр-р эте түштү Керемдин.
– Сен эмне бар деп ойлойсуң?
Экөө тиктешип калды. Мындан ары кетсе экөө тең жаман болорун сезип турду. Шерифенин мизи кайта түштү.
– Келиним экөөбүздүн ортобузда эмне болушу мүмкүн деп ойлойсуң? Балким, сен да өзүң үчүн тыянак чыгарып аларсың. Сенин кызганыч сценаларыңдан тажадым, Шерифе. Ал менин келиним. Инимдин аялы. Мейли кем акыл болсун, бирок ал менин иним! Чындап эле мени ушунчалык адамгерчиликсиз деп ойлойсуңбу?..

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(18)
21.11.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Погоди! Не хочу с тобой прощаться.
Холодный снег на губах.
Полузакрытые чувства.
Ты и я ничего не обещали.
Может быть что-то еще,
Может быть мы потеряли.

А я, буду всегда с тобой.
Буду твоей судьбой.
Буду твоей звездой, рядом я.
И скажу не тая: "Буду всегда твоя!"

А я, буду всегда с тобой.
Буду твоей рекой.
Буду твоей одной, рядом я.
И скажу не тая: "Буду всегда твоя!
21.11.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай куттурду го бул саны...
21.11.2017. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хм мелдешип коюшканын
Чыныгы сүйүүнү билишпейтда. Алибек маани бербегенге ызаланып калды
21.11.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Керем аялына аябагандай актаныптыр го. Шерифе билип калып бир чанын чыгарса экен
21.11.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамиляга жалко
21.11.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени ушунчалык адамгерчиликсиз деп ойлойсунбу)))
21.11.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ferdews, Керемдин уялбай актанганына олосун да)).
21.11.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аз
21.11.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм дааааа
21.11.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Keremdin adamger4iligi jogu u4un uwunun baaryna bardy da Sherife 4yndykty bilip keremdin akmaktygy ortogo 4yksa eken baikuw jami
21.11.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тун ортосунда. Бир ачыктаарсын? Бизде кыргызчада ачыктаарсын деген соз барбы? Автор açıklarsın деген туркчо созду. "Тушундуруп бересин" десениз болмок.
21.11.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Керем Кудайдан корксон боло.
21.11.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
neler, neler...
21.11.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aiabai adamgerchiliktuu eken, kelinin syilagan...
22.11.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемдин оз аялы торобойбу? Жамиланын баласын талашпай
23.11.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не бир укмуш керемет суйуу... )))
Менин тагдырым баяндалгандай...,
24.11.2017. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш Тим эле
26.11.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керем озуно кантип мындай жашоону ыраа коргонун озу билбей калдыда. Ортодо Жамиляны да кыйнап. Мурат кайда болду экен?...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо