СТУДЕНТТЕРГЕ КОШУМЧА КАРАЖАТ ТАБУУГА ЫЛАЙЫКТУУ ЖУМУШТАР

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.


Турмуштун агымына жараша көпчүлүк студенттер иштеп каражат таап, окуусунун акысын төлөп, баскан-турган күнүмдүк чыгымдарын жаап, ата-энесине жеңилдик кылууга үйрөнүштү. Айрым студенттер өзүнүн адистиги боюнча иштеп каражат тапса, кээ бирлери утурумдук жумуштарда иштеп кем-карчын бүтөп жатат. Биз студенттерге ылайыктуу жана ыңгайлуу болгон кесиптердин бир нечесин санап, киреше булагын эсептеп көрдүк.

ҮЙ ТАЗАЛООЧУ

Студент кыздарга окуу жана майда-барат жумуштарын бир кылка алып кетүүгө мына ушул жумуш ылайыктуу. Себеби кээ бир шаар тургундары бул кызматты жумасына бир же эки жолу пайдаланат. Үй тазалоочу жумуштун жакшы жери, сабактан алаксытпайт, атайын убакыт албайт. Болгону жумуш берүүчүлөр менен белгилүү бир убакытты келишип алып, тиешелүү объектти иретке келтирип кетсе болот. Бул иш колу туткактыкты, олдоксондукту жактырбайт, үй жыйноону чын көңүлдөн жана таза кылган жакшы.
Эгер сиз ушул иш менен каражат табууну чечсеңиз үйдүн же кеңсенин көлөмүнө, абалына жараша күнүнө 1000 сомдон 1500 сомго чейин киреше таба аласыз.

ОФИЦИАНТ

Учурдагы студенттерге эң жеткиликтүү жумуш – бул кафе-ресторандарда кызмат көрсөтүү же жөнөкөй тил менен айтканда, официант болуп иштөө. Бишкек шаарындагы тамактануучу, эс алуучу жайлардын, клубдардын көпчүлүгүндө студенттер кызмат көрсөтүшөт. Убактыңызга, жөндөмүңүзгө жана шартыңызга карап бул жумушту тандасаңыз жаңылбайсыз. Сабактын графигине жараша түштөн кийин, түнкүсүн же эс алуу күндөрү иштөө боюнча келишип алса болот. Адатта жумуш берүүчүлөр төмөнкү критерийлер менен ишке кабыл алат, сүйлөө чеберчилиги, жагымдуу келбет жана расмий тилди билүү.
Сиз бул кызматыңыз үчүн бир күндө орто эсеп менен 400дөн 1200 сомго чейин акча тапсаңыз болот.

ПРОМОУТЕР

Борбордогу компаниялар жарнаманын жандуу түрүн, башкача айтканда, промоутердик кызматты пайдаланууну эп көрүшөт. Мындан улам алар жарнама жазылган баракчаларды таратуу үчүн энергиялуу, жаш жана арзан кызматкер деп студенттерге басым жасашат. Алардын талаптары да жөнөкөй. Күнүнө ар кандай санда берилген жарнама кагазын тиешелүү даректе туруп элге таратуу керек.
Ар бир жарнама кагазын таратуу үчүн промоутерге орточо 1 сомдон төлөнсө, ал бир күндө 450-500 кагаз тарата алат. Ошентип барак тараткан убактысына жана натыйжалуулугуна карата орто эсеп менен күнүнө 500 сом акча тапса болот.

БАЛА БАГУУЧУ

Студент эгер убактысын туура колдоно билсе, анда анын сабактан тышкары 7-8 саат ашыкча убактысы бар. Мына ошол мезгилде студент кыздар учурда актуалдуу жана көп талап кылынып жаткан бала багуучулук жумушка иштесе болот. Алар жумуш берүүчүгө ылайык, үйгө барып бала кароочу, саатына бала багуучу, түнкүсүн каралашуучу жана мектепке, бала бакчага же ийримдерге алып барып, алып келүүчү болуп бир нече түргө бөлүнөт. Жумуш берүүчүлөр сизден ден соолугуңуздун чың экендигин далилдеген медициналык маалым катты, ошондой эле эң маанилүүсү жаман адаттардын (тамеки тартуу, ичимдик ичүү) жоктугун талап кылышса, айрымдары баласаактыкка көңүл бурушат.
Бир нече саат же түнкүсүн карап бергендер 400-600 сом же айына 10-12 миң сомдун айланасында каражат таба алат.

ЖАРНАМА ЧАПТАГЫЧ ЖАНА СЫЙРЫГЫЧ

Көчөдөгү көрнөк-жарнактарды илүү, аларды кайра сыйруу иштеринин дээрлик баарын студенттер аткарышат. Анткени эмгекке жарамдуу калктын эң активдүү бөлүгү студенттер. Аялдама болобу, жарнама илинчү тактабы, айтор, андагы кагаз түрүндөгү жарнамаларды чаптоо, сыйруу иштери студенттер жумушуна айланган. Ар бир иште талап кылынган жоопкерчилик жана тактык бул кызматта да керек.
Аталган кызмат үчүн ар бир баракка орточо 1 сом төлөнөт. Жарнама кагазы канчалык көп болсо, ошончолук көп акча табасыз.

КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ

Студент жигиттердин чымыр денелүү, узун бойлууларын дал ушул кызмат күтөт. Жалпысынан студент жигиттер адатта түнкү күзөткө чыгуу жолун тандашат. Жумуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү күзөтчүдөн күчтүүлүктү, байкагычтыкты талап кылат.
Бул жумуш үчүн сиз иштеп жаткан компаниянын шарттарына жана сиздин иш графигиңизге жараша эмгек акыңыз орточо 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин. Бул жумуш түрү өтө кеңири жайылгандыктан, аны табуу кыйынчылык жаратпайт.
Аталган кызматтардан тышкары мүмкүнчүлүккө жараша мындан башка тармактарда да иштесеңиз болот. Мисалы, унаасы барлар такси кызматында иштей алышат. Ал эми компьютер, интернет менен жакшы дос болсоңуз студенттерге тиешелүү иш кагаздарын, котормолорду, текст терип берүү кызматтарын үйдө отуруп кыла берсеңиз болот. Ошондой эле кыздар кол өнөрчүлүк менен ар кандай сөйкө, шуру жасап сатып кошумча акча тапса да болот.
Жумуш берүүчүлөрдүн студенттерди ишке алуусунун башкы себеби – бул алардын эмгек келишими жок эле кызмат кылып бергенге макул болгонунда. Андан тышкары дипломдуу кызматкерге караганда окуусун бүтө элек студент азыраак акчага көнгөнүндө. Коомдун активдүү бөлүгү болгон студенттердин окуу менен катар ишти чогуу алып кетип, кошумча каражат таап жатканы, албетте, жакшы, бирок тиешелүү билимди өз убагында алып, келечекте туш келген кара жумуштун эмес, билим алган чыныгы кесибинин ээси болгону алда канча пайдалуу.


Айсалкын Качкынбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
22.11.2017. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда промоутер болуп иштегендер барбы?
22.11.2017. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira96,бар. Турушат ко цумдун алдында
22.11.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен семечка джинде иштейм понидельник-пятницага чейин эрте менен 8ден 9га чейин 1еле саат анан окууга барам айлыгым 13мин сом аллага шугур ушул иш буйруптур
22.11.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Beks0207,Аякта эмне жумуш кыласыз 1сатта тан калышты
23.11.2017. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мне студент везде уюлдук операторлордун биринде оператор болуп иштечу элем. Окуудан кийин кечки 4 тон тунку 1 ге чейин. Эртен менен кайра 8ге сабакка. Бул дагы жакшы жумуш аябай айлыгы жакшы,8 саат как положено офисте отурасын. Эмгек китепче менен.
24.11.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда студентмин окуу графигиме (13:30-19:30) ылайыктуу жумуш таппай жатам жумуш болсо айтып койгула же супер инфо студенттерге жумуш болумун ачып ушундай жумуштарды таапберип турсанар жакшы болмок
24.11.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда студентмин жумуш болсо айтып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо