22 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КУРБУСУ 4-КАБАТТАН ТҮРТҮП ЖИБЕРГЕН. Жабырлануучу «курбум жигитин менден кызганып ушул ишке барды» дейт

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

Өткөн аптада 22 жаштагы кыздын төртүнчү кабаттан кулап түшкөнү тууралуу маалымат тараган эле. Айрымдар ал кыздын өз жанын кыюуга болгон аракети болушу мүмкүн деп болжошкон. Бирок окуя башкача болуп чыкты.

«СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИН ИЧИП ОТУРУП КУРБУСУ ТҮРТҮП ЖИБЕРГЕН»

Окуя тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов төмөнкүлөргө токтолду:

– 2017-жылдын 2-ноябрында таңга маал Бишкек шаарындагы 11-кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен жаш кыздын кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган жерге барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери эс-учун билбей жаткан жаш кызды «Тез жардам» кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлануучу 1995-жылы туулган К.К. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуя төмөнкүчө болгону аныкталды.
11-кичирайондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатындагы батирде 2 кыз жана 1 жигит спирт ичимдиктерин ичип отурушканда ортодо уруш чыккан. Андан улам 1997-жылы туулган М.Д. аттуу кыз жигити 1998-жылы туулган С.Кга болушуп жабырлануучу К.Кны 4-кабаттан түртүп жиберген. Бул экөө ошол эле күнү кылмышка шектелип кармалып, тергөө абагына киргизилген. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тийиштүү соттук экспертизалар дайындалган.

«КУРБУМ МЕНИ ҮСТҮМӨ ЧЫГЫП АЛЫП САБАДЫ»

Жабырлануучу учурда №4 Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда. Анын жаагы менен колу сынган. Биз жабырлануучуга жолукканыбызда ал «ошол убак коркунучтуу кинодон айырмасы жок болчу» деп окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
–1-ноябрь күнү түнкү саат 11лерде курбумдун үйүнө баргам. Биз бир сааттай сүйлөшүп отурдук, баары жакшы эле болчу. Андан соң үйгө курбумдун жигити келди. Үчөөбүз бир аз ичимдик ичтик. Бир убакта курбум жигитин менден кызганып, экөөбүздүн ортобузда уруш чыгып кетти. Жигити курбума болушуп мени далыга уруп жиберди. Ошол убакта мен ашкананын терезесинде отурган элем, курбум мени түртүп жиберди. Жерге кантип кулап түшкөнүм эсимде жок. Бир маалда ал экөө жерге түшүп мени жаткан жеримден кайра 4-кабатка алып чыкмай болушту. «Мени көтөрүп чыгып койгулачы» деп алардан аябай сурандым. Себеби дене боюм абдан ооруп жаткан эле. Курбум болсо «оозуңду жап» деп оозго бир урду. Анан ал чачымдан сүйрөп, жигити колумдан тартып үйгө алып келишти. Батирге киргенде мен ашкана менен даараткананын ортосундагы коридорго жатып калдым. Ал жерден курбум мени үстүмө чыгып алып дагы сабады. Ошондо жигити мени аяп ажыратканынан экөө уруша кетишти. Мен ошондон пайдаланып эшикке качып чыкканга үлгүрдүм.

«БИРӨӨ ЖАРЫМ КӨРБӨГӨНДӨ ӨЛҮП КАЛМАКМЫН»

– Мен качып чыгып эптеп унаалар өтүүчү жолго жеттим. Ар кайсы унааларды тосуп жардам сураганга аракет кылдым. Бир-эки унаа токтоп, айдоочулары канжалаган кебетемди көрүп коркуп кетип калып жатышты. Эмне кыларымды билбей калдым. Экөө артымдан кубалап келип кармап алышпасын деп бактарга жашына баштадым. Ал жакта көп кабаттуу үйлөр көп, бирөөсүнүн алдына барып жыгылдым. Андан ары басууга күчүм жок эле. Жаным чыгып жаткандай болуп денем муздай баштады. Ошол учурда бир адам жаныма келип "чыда, чыда" деп жаткан, «Тез жардамды» ал чакырган окшойт. Эсиме келсем, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экенмин. Эгер мени бирөө-жарым көрбөгөндө өлүп калсам керек эле. Мени курбум сабап жатканда «мен булардын колунан эмес, талаада өлсөм экен» деп Кудайдан тилендим. Эгер качып чыкпасам, мүмкүн, мени кескилеп капка салып, сууга же таштандыга ыргытып салышмак. Ошол күндөгү окуя биз көрүп жүргөн коркунучтуу кинодон айырмасы жок болду. Укук коргоо органдары бул окуяны адилеттүү карап чыгып, күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алат деп ишенем.

«КЫЗЫМ АБДАН БООРУКЕР, ИШЕНЧЭЭК ЖАН»

Жабырлануучуну апасы карап жатат, биз аны да кепке тарттык. «Кызымды өлтүрүп салалы деген окшойт» деп буларды айтып берди:
–Кызым абдан боорукер, ишенчээк. Өзү быйыл Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктап, эсепчи адистигине ээ болгон. Кайра билимин жогорулатам деп магистратурада окуп жаткан. Ал күнү кызым ошол курбусун үйгө чакырыптыр. Бирок ал өзүнүн үйүнө чакырган экен, кызым аныкына барып ушундай окуя болуп отурат. Кызымдын айтканына караганда, алар өлтүрүп салалы деген окшойт. Мага ошол райондун милиция кызматкерлери телефон чалып айтышты. Алардын айтымында, биринчи жолу милиция кызматкерлерине кабар түшкөндө алар айтылган дарекке келип таппай кетишиптир. Экинчисинде гана кызымды таап, дарыгерлердин колуна өткөрүп беришиптир. Ал эми тигил экөөнү ошол окуя болгон үйдө уктап жаткан жеринен кармашыптыр. Алардын ата-энелери келип кечирим сурашты. Биз аларды баары мыйзамдын чегинде каралсын деп узаттык. Кызымдын сынган колуна жана жаагына операция жасалды. Абалы азыр жакшы.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатов бейтаптын абалы жакшы болуп калганын, 10-ноябрда сынган колу менен жаагына ийгиликтүү операция жасалганын, оорулуу учурда палатага которулганын билдирди.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
21.11.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошончо бийиктиктен кулап,дагы ур токмок жеп анан кантип качып чыкты экен.Колу буту деле сынса керек жерге кулап тушкондо
21.11.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жинди суу ушундай ыплас иштерге.алып барат.
21.11.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаш эле ичимдик ичип, жигити үйгө чейин келип...ии бетим!!! Ыйманыңар кайсы күнү, кайсы жолдо түшүп калды экен...өзүңөр билбейсиңерби?
22.11.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile, жаш эле ичимдик ичсе да, ыйманы жок болсо да олтургонго аракет кылганы акысы жок. Ылайым жазасын алсын.
21.11.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ичкиликтин кесепети да. Тундо тынч эле уйдо жат да Кудай деп. Тем более кыз киши. Ажалы жок экен ошончо нерседен кийин аман калыптыр.
21.11.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Курбундукуна тунку саат 11де ххх жегени барасынбы, озун кыз киши болсон, дагы ичимдик ичкенбиз деп коет.
21.11.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ичпегиле, ичсенержакшы болбойт. ичтик деп жакшылыгын айткансып. айтканыма тобоо бирок жон жубопсун озун да. а наркы экоону турмого отургузсун акмактар
21.11.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арам арактын кесепети. Арак жакшылыкка алып барбайтда,ынсап берсин.
21.11.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырас эле болуптур. Жаш кыз болсо тунку саат 11де кочодо анан досунун уйундо ичимдик ичкен кыздан жакшылык кутуп болмок беле.Бул Эми бир тараптын варианты. Экинчи тараптан да интервью алсаныздар жакшы болмок.
22.11.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
airusa,антип табаа кылбай,тообо дегиле. Ичсе,жигитин талашса эле олтуруп уруш керек эмес.
22.11.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
airusa, даа туура айтасыз адептуу кыз ичимдик да ичмек эмес


21.11.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тунку 11 де бышырып коюпбу ичимдик ичсен ошондой болот жигитин талашсан керек да
22.11.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Paprikafm, жигитин талашса эле сабап олтуруп салыш керекпи? Маньяктарга болушуп кереги жок.
21.11.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын азыркы жаштарды
21.11.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп баскан аяк ХХХХ басат
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-22 10:26:55
22.11.2017. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Түнкү 11де апасы каякты карап отурду экен жаш кыздардын? Эне сүтү оозунан кетелек өспүрүмдөр ушундай жолго барып жаткандан кийин.10_20жылдан кийин жан кечтилер чыкпайт деп ким кепилдик берет? Кудайга миң мертебе тообо! Баарыбызда бала бар. Ынсап,ыйманы м-н бере көр
22.11.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаман догурунуптурго=)
23.11.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле коркунучтуу киного окшоптур тортунчу кабаттан тушуп кетип токмок жеп дагы озун жоготпой качып кучтуу кыз экен
23.11.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалгыз баланы талашыптырда ичип алышып. Тиги бала жон келбей досун ала келсе мындай болбойт эле
25.11.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылалы арактын кесепети. Тооба кылдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо