Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СОВЕТ ДООРУНДАГЫ СТУДЕНТТИК КҮНДӨР

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

Студенттик күндөр адам өмүрүнүн эң кызыктуу мезгили дешет. Учурдун студенттерин көрүп, билип, угуп эле жатабыз. Кандай окушат, кандай жашашат, айтор, кабарыбыз бар. Ал эми СССРдин студенттери кандай болушкан? Атактуулар эскеришет.

Мухтар Атаналиев, ырчы: «АЧКА БИР ВАГОН ЖҮКТҮ ЖАЛГЫЗ ТҮШҮРҮП, ЖЫГЫЛЫП КАЛГАМ»

– Менин студенттик күндөрүм Фрунзедеги политехникалык институтта өттү (1986-1991-жылдар). Ал кезде азыркыдай диплом алыш үчүн эмес, билим алыш үчүн окуйт элек. Мугалимдер талапты да катуу коюп, начар окугандарды баа койбой жазалашчу. Баа койбой коюшса кийинки семестрге калабыз, калсак стипендия албайбыз. Менин негизги каражат булагым стипендия болчу. Ата-энем 100 сом айлык алат, алардан акча үмүт эткеним менен, өздөрүнөн ашчу эмес. 3-курстан тарта кошумча иштөөгө туура келди. Түнкүсүн кароолчу болуп, кээде жүк түшүрүп да иштеп жүрдүм. Бир жолу бир вагон тактайды жалгыз түшүрүп, аягында жыгылып калгам. Ачка да болсом керек.

Бир жылы келинчегим экөөбүз кышка жакын бардык кийимдерибизди уурдатып жибергенибиз эсимде. Жаңы сатып алалы десек акчабыз жок, ар кимдин кийимин кийип кыштан чыкканбыз.
Тамак-аш азыркыдай кенен эмес болчу. Учурдун студенттери курсагы ачкан сайын сыртка чыгып каалаганын сатып жеп жатышпайбы. Биздики эртең менен да, кечкисин да чай менен нан. Түштө ысыгыраак тамак ичкенге аракет кылчубуз. Бирок ошол учурда кыйынчылыктай сезилчү эмес. Маңдайыбызга жазганы ушул деп курсагыбыз тойгонго сүйүнчү экенбиз.
Студенттер күнүн өзүбүз уюштурар элек. Окуу жайдын ичиндеги таланттуулар чогулуп концерт койчубуз. Эки жыл Кыргыз драма театрында өткөрүп, эки жолу мен алпаруучу болдум. Тамашалап, көрөрманды күлдүрүп алып барам деген оюм ишке ашпай, эч кимди күлдүрө албай койгом. Кийинки жылы куудулдукка аябай даярданып, Кыргызстанда биринчи «Супер куудул» наамын жеңип алгам. Калыстар тобунун төрагасы Мар Байжиев болгон.

Токтобүбү Черикчиева, ырчы: «ОРУС КЕМПИР ДААРАТКАНАСЫН ДА БЕКИТИП КЕТЧҮ»

– Мен 1984-1986-жылдары Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы студиянын комуз бөлүмүндө окудум. 15 жашымда борборго келип, Чуйков атындагы сүрөтчүлөр училищесинин жатаканасында жашап калдым. Айылдан чыкпаган, апасын этектеп жүргөн кыз үчүн шаардын турмушу укмуш эле көрүндү.

Бир жолу Айтбүбү Атамкулова деген чогуу окуган курбум банкадагы каймакты нанга шыбап жеп жатат. Курсагым ачып, мен дагы жеп көрдүм. Кускум келип аябай жаман болгом. Көрсө, ал майонез экен. 2-курста окуп жүргөндө айына 50 рублдан төлөп орус кемпирдин үйүндө батирде жашадым. Батирдин акчасын апам төлөчү. Мен апамдын жалгыз кызы болуп, жакшыраак нерсесин "кызым жесин, кийсин" деп мага ташычу. Кечинде командировкадан, концерттен келгенде дарбазадан секирип кирмей. Орус кемпир кеч кирсе эле дарбазасын бекитип алат. Жумушуна кетерде жадакалса дааратканасын да бекитип кетчү. Мен эрте туруп алып филармонияга келип, ары-бери басып жүрө берчүмүн.

Шайыр Касымалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АТА-ЭНЕМЕ МОСКВАДАН ЯПОН ЖООЛУК, ИНДИЯ ЧАЙЫН САЛЧУМУН»

– 1985-жылдан тарта Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайында төрт жыл окудум. Барганда эле окууга өтө кызыгып кеттим. Оорусам да сабакты калтырчу эмесмин. Жалаң «5ке» окугандыктан мен 100 рубль, башкалар 45 рубль стипендия алышчу. Курсагым ачып кыйналган күндөрүм чынында болгон жок. Эсимде, бир жолу туулган күнүмдө 95 рублга алтын кулон сатып алгам. Стипендиям деле жетчү, бирок дагы иштегим келсе керек, сабактан чыккандан кийин эки кафенин полун жууп иштеп, маянам 75 рубль эле.

Ата-энемден акча сурабай эле, тескерисинче, аларга сонун белектерди салып жиберчүмүн. Япон жоолуктарын, индия чайларын 10-20 кутудан салган күндөрүм болгон. Бир жолу Москвада кыргыз маданият күндөрү өтүп, биздин делегация барып калды. Алар менен чогуу гримдөөчү катары апам да барган, ошондо апамдын туулган күнүн кесиптештери менен чогуу өткөрүп бергенге да акчам жетип сүйүнгөм.
Кийимдин артынан куубай, модасы өтүп кеткен кийимдеримди учурдун талабына ылайыктап кесип, тиге салчумун, бул да болсо акчага үнөм да. Анан баары эле кийимдериме кызыга беришчү.

Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ОРУСТАР ИТИНЕ АЛЧУ ТАМАКТАРДЫ САТЫП ЖЕЧҮБҮЗ»

– Оштогу музыкалык училищени аяктап, борборго келип, 1981-жылы азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин ыр бөлүмүнө тапшыргам. Кызыгы, үй-бүлөлүү студенттерге жатакана берилчү эмес. Жубайым экөөбүз батирде жашап жүрүп балалуу болдук. Батирдин акчасын төлөө, үй-бүлөнү камсыздоо студент үчүн кыйын эле. Орустар ит, мышыгына алган арзан тамактарды сатып жечүбүз.
Өсүмдүк майы сакталган базаны таңкы 5ке чейин кайтарам, андан кийин короо шыпыргычтын ролун аткарам. Саат 8ге чукул эки жумушумду тапшырып, чуркаган бойдон үйгө келип, кийим которуп алып сабакка барам. Чарчаганымдан кээде сабакта уктап калчумун.

Жайкы каникулда айылга кетпей бир ай иштечү элем. Тапкан акчамды чогултуп, жарым жылга батирдин акчасын төлөп коём. Мындайда бирөө төлөп койгонсуп кудуңдап калам. Үйдөгүлөрдөн бир тыйын алган жокмун. Ал кезде апам өтүп кеткен, атам пенсия алчу. Бир жолу атам 10 рубль берип жибериптир, аны банкка салып койдум. Өзүмдөн ашкан анча-мынча акчамды да үстүнө кошуп жүрдүм. Окуумду бүткөндөн кийин атамдын көзү өтүп кетти. Баягы атамдын берген банктагы акчасын алып, акыркы сапарга узатуу каадасына жумшадым.
Азыр байып кеткен айрым олигархтарды студент кезинен тааныйм, алар ошол учурда велосипед менен кыдырып бир нерселерди сатышчу. СССР ураганы соодасын чоңойтуп, өз мээнеттери менен ушул деңгээлге жетишти. Аларга көз артуунун кереги жок.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(22)
21.11.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оо азыркы студенттердин которгону айфон.Окугандары акча .Чынында мээнет кылсан эле кудай берет.Аракет кылыш керек.
21.11.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
-Sumitra-, Окуганы акча эместер да кездешет, кээ бир универлерде карупсия деген чындыгында жок. Бироого айтсан ишенбейт
22.11.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Girl1996,карупсиябы?
22.11.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78,
23.11.2017. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Girl1996,ошон учун туура жазганды билбейсинер ооздон чыккан тыбышты жазып койгонунда корунуп турат.."карупсия"..илгерги таза так катасы жок жазганды мектептен эле уйрончубуз..тыбыш,,тыныш белгилери фонетика дегенди уйротушпойбу азыркы мугалимдер??окуучусу деле мугалими деле телефон чукулап отурса 45 минут отуп кетет да..
21.11.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар. Азыр силердей кыйналган студенттер жок.Чыдамы жок баарынын.
21.11.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ilgis1991,анчалык деле эмес Валлахи, оздору иштеп, артканын ата-энесине бергендер деле бар арасында. Копчулук студенттер иштешет азыр деле. Озунор студент болгонунарда билмексинер.
21.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр кыйналганы, кыйналбаганы деле Өкмөттү күнөөлөп, соц.тармакты комментарийлерге толтурушат...
21.11.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jazdyn_tany, Балким комментти толтуруп жаткандырбыз, бирок окмотту куноолобой элебиз го. Демек беш колубуз тен эмес экен, Алхамдулиллах
21.11.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Girl1996,Эмне мынча чычалап? Ар ким оз оюн жазып жатат)
22.11.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jazdyn_tany,ошол окмот таза иштеп элди багып Кыргызстанды онуктурсо биз ар кайсы ботон элдин козун карап иштебей уй булоо урук тууганыбыздын кашында отурмакпыз.
22.11.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы студенттерге ата-энеси ага-эжеси чет олкодон акча салса дердендеп журот да же эшек минерлердин балдары кооп журот мээнети менен окуп иштеп жургондор деле бар мен сыяктуу
22.11.2017. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айылдан келген студенттер билим алалы деп келет. Чуйскийлер дардандап бирин бири коргонго келишет.
22.11.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
СССрдин убагындагы көпчүлү студенттер кечкисин пол жууп, күзөтчү болуп, театрдын гардеробунда кийим илгич, жүк түшүрүп иштегенбиз.Керим бир аз скромничить этип коюптур. Жүк түшүрүп иштеген да күндөрү болгон.Балдарды чогултуп барып жүк түшүрүп келишчү. Керим аябай мээнеткеч адам эле. Азыркы жаштардан деле, өз оокатым тың болсун дегендер кафеде официант болуп иштеп жатышат. Ар бир замандын өз такилиби бар. Баары адамдын жекече талабына жараша болот. Биздин убакта деле жатып ичээр жалкоолор болгон.
22.11.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А мен акча менен окуйм себеп
Орусча билбейм кыргызча отсо жакшы болмок кейип кетем кыргыз мамлекеттинде кыргызча сабак отушпойт
23.11.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ студенттик кундор кандай сонун....окуу..андан чыгып жумуш...жумуштан келип чала уктап кайра окуу....маршруткадан даярданмай..Майраш экообуз маршруткага жетпей калып карга ..арыкка тыгылган кундор..айтоор сагындым баарын...
23.11.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еххх....! студенттик кундордо кыздарды кууратчу элемго атанын горуууу)
24.11.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Студенттик кундор ото сонун кундор эле. Мага студент болуп жургон учурумда орозо кармоо эн оной эле............................
25.11.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир замандын озунун доору бар да эми биздин заманда баары жетиштуу айтор замандын онологону жада калсса техниканын да заманы болуп жатат
27.11.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ш.Касымалиеванын интервьюсу мага жакты.Эн сонун студенттик кундорду откоргон экенсиз эжеке.Бар болунуз.Кандай гана жакшы э Москвада окуган
27.11.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо жылдары майенез бар беле э
27.11.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ш.Касымалиева ошондо эле озуно тын экен эле да. Кантип Абдималикке алданып калды экен дейм да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо