(Башталышы өткөн сандарда)

– Сенин орус курбуң бар экенин билбептирмин,- деди Болуш таң кала.
– Биз мектепте курбу болчубуз. Аны таап алганыма аз эле болду.
– Мм...- булар минтип сүйлөшүп жатканда Лиза келип калды.
– Таанышып ал, Лиза, бул Болуш Сардарович. Мен жакшы көргөн мырза. А бул менин курбум Лиза.
– Сиз жөнүндө көп жолу уккам,- орус кыз колун сунду.
– Таанышканыма кубанычтамын,- Болуш кыздын колун аяр кармап кысып койду.
– Коноктун урматына француз шарабын ачабыз,- Бегимай жылмайып муздаткычтан бөтөлкөнү сууруп чыкты.
Болуш бокалдарга жарымдата кызыл шарапты куйду.
– Таанышканыбыз үчүн,- хрусталь идиштердин кагышуусу жагымдуу шыңгыр үндү жаратты.
– Сиз, Лиза, эмне менен алектенесиз?
– Менби? Жан дүйнөмдө саякатчы, романтикага жакын, жомокто жашаган кызмын. Чыныгы жашоодо болсо моделмин.
– Башкача айтканда...
– Башкача айтканда, жарашыктуу кийинип ары-бери басам, сүрөткө түшөм, кыскасы, кооздук жана сулуулук жаратам.
– Оо...- Болуш суктангансып койду. Орус кыз өзүнчө эркелеп сүйлөп жатты.
– Сиздер отура туруңуздар, мен ылдыйга дүкөнгө түшүп келе калайынчы. Жер-жемиш алып чыгайын,- Бегимай сөздү бөлүп сыртка чыгып кетти.
– Сиз ошондо Бегимайдын спонсорусузбу?
– Хм,- Болуш жасалма жөтөлүмүш болду.
– Сиз кызарып кеттиңиз.
– Мен Бегимайдын күйөөсүмүн.
– Мм... Бактылуу экен Бегимай. Ал мага сиз тууралуу көп нерсени айтып берди.
– Мисалы...
– Мыкты мырза деди сизди. Менин чынында курбума бир аз ичим күйүп жатат.
– Эмнеге?
– Сиздей мырзага жолугуптур. А мен байкушка жакшыраак жигит буюрбаптыр,- кыз кылыктана Болушту тиктеди. Кыздын көздөрүндө адамды тартып турган өзгөчө бир назиктик, кумар бар эле. Болуш да кызды баштан-аяк тиктеп алды. Кыз көрктүү болчу. Узун, апакай буттарын кайчылаштыра отурганы, ичке, назик колдору менен бокал кармаганы, ийиндерин назик куушуруп, жумшак жылмайганы, бардыгы жарашыктуу эле.
– Айтыңызчы, сиздей мырзалар кандай жерлерди байырлашат? Аңчылыкка чыгайын.
Болуш сөз таппай калды. Жылмайып койду.
– Же сиз жалгыз экземплярсызбы?
– Балким,- Бегимай чыгары менен жагууга аракет кылып жаткан орус кызга Болуш бир эсе таң калып жатты.
– Сизге кантип жакса болот?- Лиза көзүн сүзүп кылыктанды.
– Бегимай курбуңуз экенин унутуп койгон жоксузбу?
– Жок, унутпадым. Мен болгону бакыт издеп жүргөн, тагдырдын муздак шамалына үшүгөн кызмын да. Мен деле башкалардан жылуулук самап жүрөм. Ал эми өзүмдүн жүрөгүмдөгү жылуулук менен бөлүшчү киши жок.
– Жигити менен урушуп кетип келди деди го сизди.
– Ай, эмнесин айтасыз, сулуу аялды татыктуу бага албагандар, алсыздар да бар экен. Гүл күнгө муктаж болгон сыяктуу, сулуу айымдар да күчтүү эркекке муктажбыз да. Күчтүү эркек үчүн салгылашканга да даярбыз.
– Оо...
– Ошондой,- Лиза бокалынан шарап ууртап жатып бутунун учу менен Болуштун тизесине тийип койду. Денеси дирт дей түштү картаң карышкырдын.
– Болуш Сардарович, сиздей мырзаны мен эч убакта өзүмдөй «стерва» менен калтырбайт болчумун. Акылсыз Бегимай...- кыз өйдө боло Болуштун жүзүнө жакын келип сүйлөдү. Анын көз карашы акылдан адаштырчудай болчу.
– Шарап куюп бериңизчи,- деди ал ошол калыбында кылыктана.
Болуш шарапты мелт-калт кылып куюп берди. Колдору билинер-билинбес титиреп жатты. Кыздан жагымдуу жыпар жыт келет. Кармана албай кетти. Кызды белинен кучактап өзүнө тартты.
«Муну бирөө жибергенби? Жок, бул болгону Бегимайдын курбусу да» ичинен ушуну ойлоп жиберди.
– Болуш мырза, биз жолукчу жер башка экенин сиз да, мен да билем го же ушул жерден элеби?- кыз Болушту эрининен өөп койду.
– Бегимай киргенче...
ххх
Эч нерсени билгизбей отуруп калышты. Бегимай баарын түшүндү. Болуштун катынпоздугу Арсен белгилегендей эң алсыз жери экен. Ушул алсыздыгын ал башкара албайт. Ушул мүнөзү аны торго түшүрөт.
Кыз байкамаксан боло жуунуучу бөлмөгө кирип кетти.
– Кийинки жолугушуубуз жомоктогудай болсунчу. Бул менин номерим,- Лиза салфеткага жазылган номерди Болуштун шымынын чөнтөгүнө өз колу менен салып койду.
– Шайтан десе,- Болуш орус кызды эркелете карады.
ххх
– Лиза! Ли-иза!- Арсендин үнү кызды чочутту.
– Эмне?
– Ойгон! Тур!
– Эмнеге?
– Жолуктуңбу?
– Ооба.
– Кандай өттү?
– Мен сага баарын айтып беришим керекпи?
– Ооба.
– 5 же 7 мүнөт. Ушунча убакытта ал менин кучагыма түшүп берди.
– Түшүнбөдүм?
– Бегимай бизди таштап 10 мүнөттөй эле жоголду. Бул аралыкта биз...- кыз жылмайып койду. Арсендин өңү бузула түштү. Кызганып кетти. Бирок билгизбеди. Орус кыз атайын ушуну айтып жигиттин эмоциясын байкамакчы болуп жаткан. Арсен сыр алдырбай койду. Жүрөгү биротоло катып бүткөн окшойт.
– Анан?
– Кийинки жолугушууда калганын ишке ашырабыз.
– Ал кайсы жерде болот?
– Билбейм, ал мага азырынча чала элек.
– Сен башкысы аны 6-номерге алып кел.
– Ал көнбөйт го, абдан сак көрүнөт.
– Келет. Сендей кызга келет.
ххх
Арсен туптуура эле айтыптыр. Арадан 1 күн өтпөй Болуш байланышка чыкты. «Мен азырынча мейманканада жашап жатам. Жылуу түнөк тапканча. Ошол жакка келиңиз» деди сары кыз аны азгырып. Болуш кармана албай койду. Түз эле жөнөдү. Ал мейманканага кирип келе жатканда жарык өчтү. Бул Болуштун жан сакчы, жардамчыларынын сактык амалы болчу. Болуш качан 6-номерге караңгылык менен кошулуп кирип келгенде жарык кайра жанды. Мейманкананын жетекчилиги менен ошентип сүйлөшүшкөн эле. Шефин киргизип жиберишип, Болуштун айтканындай таңкы алтыда келмей болушту.
– Сиз мени сагынттыңыз,- 6-номерге кирип келгенде эле Лиза ага чап жабышты. Болушка тартынбаган ушул орус кыздай бийкечтер жага турган. Кызды көтөрүп эле керебетке жөнөдү.
– Уф-ф!- Болуш стакандагы суудан ууртады. Кыз бокалга шарап куюп сунду. Экөө бир топко ар кайсыны сүйлөшүп отурушту. Саат 3тү күтүп жатты кыз. Ушул маалда Арсен милиция менен кирип келмек. Бирок чарчап калыптыр. Аз өтпөй Болуш экөө тең уйкуга кетишти.
ххх
Болуш араң ойгонду. Бөлмө караңгы экен. Ал жаткан төшөк былжыраган бир жылуу суюктукка чыланып калыптыр. Колунда эмне? Бычак го... Бул кайдан? Жана алма кесип жаткан бычак...
Капыстан жарык күйдү. Бөлмөгө видеокамера көтөргөн экөө кирип келди. Болуштун көзү уяла түштү. Чочуп ордунан тура калды. Жанында жылаңач Лиза мууздалып жаткан болчу.
– Аа!..- Болуш кыйкырып бычакты ыргытып жиберди. «Аа! Куда-ай! Мен эмес! Куда-ай!..» анын көзү коркунучка толуп калган. «Мен сени биротоло жеп түгөтөм» деди ичинен Арсен аны видеотасмага түшүрүп жатып...
(Уландысы кийинки санда)
Арсен оч алуу учун Лизаны курмандыкка чалбайт болуш керек