Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жанара, Дайыр Исмадияровдун мурунку жубайы: «УУЛУМ ЧОҢОЙГОНДО АТАСЫ МЕНЕН КАТТАШАБЫ, КАТТАШПАЙБЫ ӨЗҮ ЧЕЧЕТ»

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

Чакан мамлекеттин урашы кандай оор. Оор деген сөздүн ичине ыза, таарыныч, өксүк, көз жаш, стресс камтылганы талашсыз. Турмуштун ушундай оор сыноосун башынан өткөрүп жаткан Дайыр Исмадияровдун мурунку жубайы Жанара айым бүлөсүнүн кантип урап калганын, тандап алган түгөйү менен мындан ары чогуу жашоо мүмкүн болбой калганын баяндайт.

–Жанара, саламатсыңбы? Ден соолугуң жакшыбы? Эне болгонуңа эки ай болду, тыңып мурунку калыбыңа келип калдыңбы?
– Жакшы, рахмат. Кечээ эле көз жаргандай болдум эле, бирок арадан 2 ай бат эле өтүп кетти. Буюрса, калыбыма келип калдым.

– Уулуң Дастан кандай, кимге окшош?
– Уулум күн сайын көзгө көрүнүп, мени сүйүнтүп жатат. Бала чоңойгончо көп жолу өзгөрөт деп коюшат го. Анын сыңары уулумдун кийин кимге окшош болорун билбейм. Бирок жаңы төрөлгөндө кайненеме окшоштургам. Азыр атасына окшошуп баратат окшойт. Көргөндөрдүн баары «Дайырга окшош экен» деп жатышат.

– Дайыр экөөң турмуш курганыңарда «бири-бирине жарашкан сонун түгөйлөр» деп көпчүлүк суктанды эле. Үй-бүлө очогу эмнеге тутанбай калды?
– Биз кыз-жигит катары эки ай сүйлөштүк. Бири-бирин таанууга чын эле бул убакыт аздык кылат экен. Анын үстүнө биз жолугушпай эле көбүнчөсү телефондон сүйлөшчү элек. Баш кошордо «мен сени бактылуу кылам. Кайда болбоюн жанымда болосуң» деген сөздөрдү айткан. Мындай сөздөрдү ар бир эле кыз уккусу келсе керек. Ата-энем «шашылба, жакшылап ойлонуп көр. Сени жакшы көрөбү?» деп жакшы эле сурап жатышты. Мен «ооба, жакшы көрөт, турмушка чыгам» деп туруп алдым. Ошентип, 2016-жылы 25-сентябрда баш коштук. Биринчи байкаганым бул болду, сахнада күлүп-жайнап абдан шайыр жүргөн Дайыр үйдө таптакыр башка адам экен. Ачуусунун чукулдугу мага оор тийди. Жакшы көргөн адамымдан мындай мамиле күткөн эмес элем. Балким, арадан 5-10 жыл өтүп, бир нече баланын ата-энеси болуп калсак, балдардын түйшүгү менен жүрүп Дайырдын кагып-силккенине маани бергенге убактым деле болбой калмак. Жаңы турмушка чыккан кыз күйөөсүнөн жакшы мамиле күтөт турбайбы. Байкасам, үйдө бир гана мага эмес, жакындарына да ошондой мамиле кылат экен. «Өзгөрүп калат чыгар» деп көз жумуп коюп жүрдүм. Анын мага койгон талаптарына, тыюуларына деле мейли дедим.

– Дайыр «Жанара мени чыгармачылыкта чогуу жүргөн айымдардан кызганат» деди эле, таарынычтарга ушул да себеп болгон жокпу?
– Турмушка чыгарда ким менен кол кармашып жатканымды билгем, түшүнгөм. Биздин үй-бүлөнүн урашына кызганыч, чыгармачылыгын түшүнбөө деген нерселер себеп болгон жок. Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова эжелер менен гастролго чыкканда мен төркүнүмө эчак кетип калган элем.
Концертке же ыр жаздырууга кеткенде кайсы убакта келбесин телефон чалбай күтүп отурчумун. Анткени телефон чалып «каяктасың, качан келесиң?» дегенимди жактырчу эмес. Тынчын албайын деп иштешине шарт түзүп бергеним – чыгармачылыгын түшүнгөнүм болсо керек.

– Ажырашканга жеткирбей мамилеңерди жакшыртууга аракет кылдыңарбы?
– Кайненем кышында биз менен жашады. Ал деле байкады. Мага «бул эркек да, аял чыдамкай болушу керек. Ыйлай бербе» деп акыл-насаатын айтып турчу. Аял баарына чыдашы керек деп ага да көндүм, бирок каяктагы бирөөлөрдүн туулган күнүнө белек көтөрүп кетет. Мага андай мамиле жок. Ал гастролго кетип, мен үйдө жалгыз калганымда «эмне кылып жатасың, корккон жоксуңбу?» деп сурап да койчу эмес. Үйлөнгөнүнө ишене албай жүрдүбү, бир адам менен чогуу жашоого көнө алган жокпу, түшүнгөн жокмун. «Мен сага көнө албай жатам, жалгыз телевизор көрөт элем» дей берчү. Аял алгандан кийин аялымды карашым керек, багышым керек деген нерсени түшүнө албады.

– Турмушка чыккандан кийин иштедиңби?
– Башында «иштебей эле кой» дегенинен макул болгом. Кийин кайра иштемей болдум. Жалал-Абадда сулуулук салонунда визажист болуп иштечүмүн, турмушка чыккандан кийин Бишкекте жашап, жаңы салонго кирип, кайра башынан кардар топтоо керек болду. Бир ай иштеп көрдүм, кардар жок кыйраткан деле акча тапкан жокмун. Ошентип бир айдан кийин жумуштан чыгып отуруп калдым.

– Кош бойлуу экениңди укканда кандай сезим болду?
– Ал жаңылыкты укканда аябай сүйүнгөнбүз. Кош бойлуу болгону Дайырды эч жакка чыгаргым келбей калды, ошол эле маалда анын катуу мамилесин таптакыр көтөрө албай да калдым. Бул кош бойлуулуктун "каприздери" экенин Дайыр түшүнгөн жок. Ошентип ичимден быша бердим. Кыйналып жүргөнүмдү башында төркүнүмө айткан жокмун. Бир нече жолу үйгө келбей да калды. Ыр жаздырганы же гастролго кетсе айтып кетчү да.
Кош бойлуу экениме бир жарым ай болгондо ушинтип кыйналып жашагандан көрө кетип калайынчы деп чечим чыгардым. Кайын журтум «кетпе, балалуу болгондон кийин өзгөрөт» дешти, бирок менин күткөнгө чыдамым калбай калган эле.

– Ошол боюнча жарашууга аракеттер болгон жокпу?
– Кээде «сени жакшы көрөм, сени эч кимге бербейм» деген СМС-билдирүүлөр келчү. Бирок ошону менен кайра уланчу эмес. Анда-санда WhatsApp`тан жазышып турчубуз.

– Эне болгон күнүң жашооңдогу эң бактылуу күн болдубу?
– Айтпаңыз, уулумду колума алганда ага чейинки санаа, көз жаш баары бир заматта жок болду. Менин ошондогу көз жашым – бактылуулуктун көз жашы эле. Өзүмдү мурункудан да жашоого жоопкерчилик менен караган, күчтүү аялзаты катары сездим. Толгоо башталганда апам «атасына айтып кой» дегенинен СМС жазып койгом. Толгоом өтө катуу болду, кыйналып жатканда жинимди Дайырдан чыгардым окшойт. Кайра-кайра «мен кыйналып жатам, сиз жүрөсүз жыргап» деп жаза бердим. Наристемди колума алганда кайрадан бириксек экен, үй-бүлөбүздүн очогу өчпөсө экен деп Дайырга өзүм сүйүнчүлөдүм.
Мени достору менен төрөт үйүнөн ата-энемдикине чыгарып келди. 3-4 күндө бир «балам кандай?» деп кабарлашып сурап турду, бирок кайрадан чогуу жашайлы же алып кетем деген сөз болгон жок. "Үй-бүлөмдү сактап калууга аракет кылдым" деп интервью бериптир. Төрөт үйүнөн чыгарып кеткенин аракет кылдым деп түшүндү окшойт.

– Дайыр «Кош бол, сүйгөнүм» деген жаңы ыр жаздырып жатыптыр, ыр сага арналды окшойт?
– Мени сүйдү деп айта албайм, болгону жакшы көрдү. Ал ырдын мага тиешеси жок деп ойлойм.
Ата-баланы катташтырып, көрүштүрүп турууга азырынча каршымын. Анткени баламдын атасынан көңүлүм калган. Уулум чоңойгондо атасы менен катташабы, катташпайбы өзү билет.

– Дастандын атасы турат, сен барсың, уулуңарды эч нерседен өксүтпөйсүңөр деп ойлойм. Бул күндөр да артта калат. Бактылуу аялзаты болушуңа тилектешмин.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(83)
21.11.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сабырдуу болсун! Омур бою кыйналгандан коро, ушундайында токтоткону акылдуу лугу, эрктуулугу деп ойлоймун Жанаранын. Мындан кийинда баласын жакшы карап багып кете алат.
21.11.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыйраткан деле ыры жок бирок озун укмуш сезет, куноонун баары озундо экенда, аялы абдан жакшы ыймандуу келин корунот, ХХХХХ айдачылда болсо керек мурда ырчы Кайыргул мененда
ХХХХХХХ газета аркылуу айтышып журду эле.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-22 10:26:38
21.11.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жанара бир жагынан сага боорум ооруп турат, бир жагынан жинденип турам, кантип адамды бир коруштон биле албайсын? 2 ай суйлошупсунор ошондода билген жоксунбу? Бул бир жонокой бала болсокен тааныш учун 2 ай аз болгудай. Аты чыгып калган ырчы болсо, мурун кийин кандай бала болгон бут жаны чыкканынан баштап суруштурсон болмок, корунушунон туруксуз, ойноок бала экени корунуп туратко. Дуйного 2 жолу жаралсамда сенин ордунда болсом турмушка чыкмак эмесмин ага. Эми баланды жакшы кара!
21.11.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанара эже сиз бактылуу болос жанылбаган жаак мүдүрүлбөгөн туяк болбойт жашоодо жанылуу болот да ошол үчүн пендебиз да сизге баланызга ден соолук берсин кудайым а Дайыр байкеге кудай ынсап берсин
21.11.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмки жумада дайыр чыгат экен да эээ
22.11.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
zerkala.1992.kg,туура айтасын) газета-диалог болду го негищи. эми осурган кыз осурбаган кыздын ХХХХХХХХХХ аялын жамандайт да ээ бет жоктонуп. ушундай ХХХХХХХХХХХХ Кудай сактасын. звезда оорусу мн катуу ооруп атыптыр, балалуу болгонун да сезе элек го. же акча коп. эркекти барда аялды жокто сына деген туптуура соз экен.
p.S. уят макал жазганыма сорян
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-22 10:18:20
22.11.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бала деген бакыт болот эмесби. Аттин, уй булону биринчи орунга койбогону акылсыздын иши да.
Кандай окунучтуу.
Эми кийинкисинде Дайыр чыгат экен да, актанып!
22.11.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дайыр Ким
07.10.2021. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurperi8981, мен да сурайын дегем ал ким озу. ырчы деп атышат го. кайсы ыры бар.
22.11.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындыгында менда мурда аялы кунолудур дейт элем.Бирок мындай мамилеге чыдаш кыйын жаны уйлонсо жакшы жылуу мамилени кутот да.Дайыр Бир жолу да аялын эрчитип жургонун корбодум башка ырчылар аялдарын жанынан чыгарбай той концертерде алып эле журушот .
22.11.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мен эркек болуп турса да бул учурда аялды колдойм. Маанилуу маек бериптир, азамат! Келинге уч учурда колдоо ото зарыл. 1- башка булоого келгенде стресске кабылары анык. 2- чырактай уул-кыздарды тороп чонойтуу озу эле ырахат менен стресс коштолот. 3- карыганда балдарынын, келининин колунда коз-каранды болуп калат. Бул нерсени тушунбогон эркек аялдын кадырына жетпейт. Ал эми бул жаш келин эмоцияга берилип, Дайырдын коп деле жаман жактарын ачпаптыр. Ушунундан жазба! Келечегин алдыда! Ийгилик!
22.11.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ойлойм Дайыр жакшы ойлонум турмуш эмне экенин тушунуп жубайына жакшы мамиле кылып чоогу жашайлы десе каршы болбосо керек. Мындайча айтканда Дайырда бир шанс бар
22.11.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх жанара синдим тура кылкыпсын, эмнеге аял заты чыдаш керек ,эркек тебелеп тепсеп турса , биз гулдойбуз бизди сугарып мерим Тогуп караса биз он эсе тушумун Берип барктап сыйлап козун карап жашайбыз , дайырга соз жок акылы жок экен .
22.11.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дайырга окшогондорду ырдатпай эле койсо ушуну Ким кумир тутат билбейм
22.11.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошпой деле уйлонуп бактылуу болуп атышпайбы. Мен деле жолдошум мн сойко салынгандан кийин эки ай суйлошуп уйлонуп 3 баланын ата энеси болуп отурабыз. Эркек уй булоодон кабар албай журсо андайдын не кереги бар. Аялгада конул буруш керек ал оокат беле уйго коюп койгондой. Эмкиде Дайыр актанат эркек журотда акча табыш керекда деп. Уй булоомду сактап калайын дедим дегенде эле ишенген эмесмин.жыргап эле журот корунгон жерде тентип. Кайненеси акылдуу адам экен уй будоосун сактап калайын дептирда.
22.11.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дайыр бирөөнүн кызын алгандан кийин жанында болуп багып караш керек да.Сага эмне буюмбу алып коюп үйгө таштап койгудай.Мал алсаң деле айланчыктап эч жакка чыга албай каласын го.ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-23 10:22:23
22.11.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонордо тен куноо бар.Дайырда уй було,балага деген жоопкерчилик жок экен,сенде сабырдуулук жок экен.2ай суйлошупсунор, ал деле жакшы ой менен турмуш курду да. Уй булону сактап калууга аял коп аракет кылыш керек.Аял жакшы эр жакшы.Азыр кыздарыбыз чыдамкайлык,сабыр деген нерсени билбейт.
23.11.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зачем андай эркектин жада калса телефон чалып сурап койбогон эркеке жалынып жашаш керекпи,туарс кылыпсын Жанара
23.11.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эки кишиде тен күнөө.Токмок жеп деле жашап жүргөндөрдү көрүп атпайбызбы. Колун сураганда ойлонбой туруп, шанс деп тийип кеттинби? Чыдаш керек да.
23.11.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи бир да жылдыздардын жашоосун мынтип кирип окучуу эмесмин. Бирок ХХХХХ жонундо болуп жатканын дагы эмне деген шумдук корсотту экен деп кирип калдым. Жанара айымга мен 5 кеттим. Анткени ото тушунуктуу аял экен, чыгармачылыгына оорчулук тийгизбейин деп колунан келишинче эле аракет кылыптыр. Балли, бул деп адамдык касиетке кирет. Мына уй булолук жашоого салым кошуп жатканы. А Дайыр кандай болсо, ошол бойдон калыптыр. Азыр торот уйундо келинчегин коз жарып жатканда,
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-23 09:53:40
23.11.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атасын да киргизет турбайбы? Ошол кездеги бакытты ар бир эле атага насип эткен болсун. Оозуна соз келбей, кубанычын койнуна батпайт экен. Бул жашоодо баладан откон дагы бакыт барбы? Ырас ушунчалык эле чыгармачыл адам болсо, бир аз мындай адам уга турган ыр жаратпайбы. Кайсы кылган эмгеги учун МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ наамын алды эч тушуно албайм. Кандай адамдар суйуп угат экен билбейм да бул ХХХХ. ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-23 10:26:37
23.11.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болгону Дайырды башкача кылып жазмак элем. Бирок маданияттын мыкты кызматкерине ушунтип кайрылууну туура кордум. Просто обидно да, айдай кызды убал кылып. Эгер башка аял болгондо "отур мыноо жакка, темселеп эле журосун да, ХХХХХХХХХХ деген барбы? Уйлондун, токтонуу деген болуш керек, сен журосун ХХХХХХХХХХХ" - деп тизгинин тартып койоор эле. Жанара айымга боорум ооруду. Дайыр ХХХХХХ, эгер окуп жаткан болсон, ойлон!!! ОЙЛОООН!!! Баланын тырнагына зар болуп жургондор канча,
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-23 10:25:39
23.11.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mp3kg,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынган! Порталдын эрежелерин сактаңыз!
23.11.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайга шугур кыл. Анчалык деле бээчара болбосон керек? Акчага зар болгудай? Ырчы болбой эле бир жерден орун алып, соода сатууга кир! Бизнес жаса. Жашоодо адамда бир максат деген болуш керек.
23.11.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр ХХХХХХХХХХХ оз баланды каййяктагы гостралуна алмашкан ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-23 14:34:35
23.11.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mykysh, этика нормаларын сактаңыз! Эскретүү!
23.11.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирде Дайыр эки адам бири бирин таануга 5 ай жептпейт деген болчу а бул болсо 2 ай кыз жигит болуп журдук деп атат кимге ишинеиш керек?
23.11.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Каантип Египетте журосун Балам менсиз кантип чоноет эмне ичип эмне жеп атат деп ойлонбой
Пиар учун еле уйлонгонго
23.11.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанара деле характери начардай корунот бирок Дайырдай ой жугуртуусу кыска эмес болсо керек
Дайыр озун Али табалек корунот
Убагы келгенде козун ачылганда кеч болотко
23.11.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин эркектер ХХХХХХХ калышканбы каякты караба балдарын таштаган аталар кобойуп баратат.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-24 09:38:42
24.11.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
«Мен сага көнө албай жатам, жалгыз телевизор көрөт элем» дейт. Эмне деген жорук. Ушундай эркектерден кудай сактасын. Менин балам ЭРКЕК деген атка татыктуу болсо экен" деп Кудайдан тилейм.
24.11.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дайырга Караганда аялы толковый суйлойткен.Дайырдын бардык нерсеси.суйлогону даже жасалма
26.11.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир кудай билет,кимден кетти куноо, бир алакандан ун чыкпайт, эки алакандан ун чыгат менин оюум боюунча.
27.11.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап эле кандай ыры бар эле андай деле популярный эмеско, Мирбек Атабеков Дайырдан мин эсе популярный болсо да семьясын кандай алып журот, чыгармасында ошондой алып журот, жакында Омар уйлонуп жатат бул да семьясын жакшы алып кетет коросун, Дайыр болсо корбогондун коргону курусун деп ар кимди угуп башы айланып озун типа ХХХХХХ журсо керек да,
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-27 11:27:43
28.11.2017. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Дайыр деген мал экенго
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо