Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЛМЫШКЕРЛЕР КЕЛИНИ МЕНЕН КАЙНЕНЕСИН ӨЛТҮРҮП КЕТИШТИ. Үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү оор абалда

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

Гезитибиздин социалдык тармактагы расмий баракчасына Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну жүрөктүн үшүн алган окуя катталганы тууралуу жазып, бул боюнча биздин иликтеп көрүүбүздү суранган. Анда төмөнкүчө жазылган: «13-ноябрь түнү кимдир бирөө менин ошол окуя болгон айылда жашаган эжемдин дарбазасын такылдатыптыр. Сыртка чыгып эшикти карашса, эч ким жок экен. Мындай көрүнүш кошуна-колоңдорунукунда да кайталанып, бирок эч кимиси тыкылдаткан адамдарды көрүшкөн эмес. Эртең менен уй сааганга чыкканда гана бир кошунасын кимдир бирөөлөр үйүнө кирип өлтүрүп кеткенин угушуптур. Алар мыкаачылык менен өлтүрүлүптүр. Маркум келиндин эмчектеги баласы тирүү калыптыр. Ал эми каза болгон аялдын кызы оор жаракат алып, нес абалында эч нерсе сүйлөй албай жатыптыр».

«КЫЛМЫШКЕРЛЕР КАРМАЛА ЭЛЕК»

Биз бул окуянын чын-бышыгын такташ үчүн Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 13-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Авлетим айыл аймагынын Социал айылындагы үйлөрдүн биринде келини менен кайненеси киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу 50 жаштагы С.Б, 26 жаштагы А.Кнын алган жаракаттардан улам каза болгон денелерине күбө болушкан. Ошондой эле 26 жаштагы Э.К. аттуу аял катуу жаракат алып оор абалда жаткан. Бул 3 аялдан сырткары үйдө 2 жаштагы жана 3 айлык жаш балдар болгон. Учурда оор жаракат алган жабырлануучу Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Аталган окуя боюнча Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди аныктоо, кармоо аракеттери көрүлүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.

«БААРЫ ТАБЫШМАК БОЛУУДА»

Кылмышкерлердин колунан ажал тапкан маркумдардын Айзат аттуу кошунасына байланышканыбызда ал буларга токтолду:
– Маркум кошуналарым тынч жашаган үй-бүлө болчу. Эмне болуп кеткенин эмгиче түшүнө элекпиз, баары табышмак болуп жатат. Кошуналарыбызды кимдир бирөөлөр келип өлтүрүп кеткенин эч ким деле билбептир. Маркум кошуна келинибиздин жолдошу Бишкекте иштеп жүргөн. Ал үйүндөгүлөргө телефон чалса, эч кимиси телефонун албай коюп, айла жок кошунасына чалыптыр. Ал кошунасы баласын жиберсе, уулу «кыйкырсам үйдөн эч ким чыкпай койду» деп кайра келген экен. Күйөөсү дагы бир жеңесине телефон чалып, үйүнөн кабар алып коюшун сураныптыр. Жеңеси үйүнө кызын жиберсе, кызы ушундай абалды көрүптүр. Элдин айтымында, кайненеси кире бериштеги бөлмөдө эле каза болгон. Эшикти ачар замат аны катуу нерсе менен чабышкан окшойт. Ал эми келинин кара куш мээге чааптыр деп жатышат. Үйдө кичинекей 2 бала болгон, көрбөй калышканбы, аларга тийбептир.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ООР»

Биз жабырлануучунун абалын сурап Аксы аймактык ооруканасынын жетекчиси Медер Осмоновго байланышсак, ал буларды билдирди:
– Жабырлануучу кош бойлуу, кечээ (ред.: 15-ноябрь) өзүнө келген, учурда сүйлөп калды. Дагы деле ал жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы оор, баш мээси чайкалган, башынан ачык жаракат алган. Ошондой эле желке сөөгү сынып, башына кан уюп калыптыр.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
21.11.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ылайым турмодо чиригиле ошол жактан чыкпай
21.11.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерди кармады деп жаздыңар элего супер?
21.11.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tursunbaev78,
Саламатсызбы! Ал маалымат Соңку кабарлар бөлүмүнө жазылган, шилтеме: Аксыда кайнене-келинди өлтүрүүгө шектелип учурда оор абалда ооруканада жаткан кош бойлуу кыздын жигити кармалды www.super.kg/kabar/news/209397/
21.11.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kechee ele karmaldy dep jatywkan bul jerde dagy bir jawyruun bir nerse bar akcha berip chygyp ketti da tigil olgondor baykuw worduular olup kete beriwti owoncho adamdyn ubal soobu emi kimge tiyet bizde kana akiykat degen neme?Chyndyk kayda eki balanyn ubaly akmakty uktatbasyn adam omuru jon ele bir nerse bolup kaldygo bizde super info emnege ar bawkacha intervular chygyp jatat?
21.11.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kilmywker karmalgan akcha berip chygyp ketti da .
21.11.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Emi tigil kizdyn dagy bir nerse kilip kozun tazalabasa boldu arkasyn jabyw uchun
25.11.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул кызды жек коруп жатам. Саяк журсон таяк жейсин деген. Ошонун айынан эки наристе жетим калды оз энеси олду.
27.11.2017. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо эмне деген шумдуктар болуп жатат
эртерээк айыгып кетсин байкуш кыз
27.11.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгон келинди тааныйт элем.Угуп алып жаман болдум.Олтургон баланы аябай байдын баласы деп уктум.Балдары.наристеси не болду экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо