Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАКСАТ ДОВРАНОВ МЕНЕН САЙКАЛ САДЫБАКАСОВАНЫН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ 700 АДАМДЫН КОШТООСУНДА ӨТТҮ

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

14-ноябрь күнү эстрада жылдыздарынын жоон тобун Ош шаарына чогулткан Максат менен Сайкалдын үйлөнүү тоюна баргандар ойноп-күлүп эс алышса, барбагандар арманда калышты. Адатта тойлордо ырлардын фонограммасын коюп бийлейт эмеспизби. Мында болсо коноктор ошол ырларды ырчылардын аткаруусунда "живой" угуп, чогуу бийлегенге мүмкүнчүлүк алышты. 200 долларга бааланган торт, Сайкалдын көз жашы жана башка тойдогу кызыктуу учурлар менен бөлүшөбүз.

Той башталары менен эки жаштын видеокайрылуусу чоң экрандан көрүндү. Кол кармашкан Максат менен Сайкал энелерине ыраазычылыгын айтышып, бирде каткырып күлүп, бирде толкунданып жатып сүйүү баянын айтып беришти. Сайкал "Мен азыр залга киргенде ыйлашым мүмкүн" деп эскертип өттү эле, айткандай эле, апасын көрөрү менен ыйлап кирди. Максат Сайкал экөө тең атасыз өсүшкөнүн айтып, аларды тарбиялаган апаларына ыраазычылыгын билдирип, эки кудагыйга гүлдестелерин тапшырышты.


Эки жашты ырчы Самара Каримова «Жар-жар» айтып киргизди. Жаштарга өкүл ата-өкүл эне болуп шайланган Асан Мансуров, Самара Каримова: – Сайкал менен Максат биздин 16-өкүл балдарыбыз. Аларга белек катары салтка айланган нике шакегин алдык. Андан сырткары жаштар менен кеңешип конверт бермей болдук. Кыргыз элинин таланттуу балдарына өкүл ата, өкүл эне болгонубузга кубанычтабыз.


Жаштардын бактысына күбө болгону кыргыз эстрадасынын аксакалдары Расул Маматкулов, Кубик Калыков, Гүлнара Тойгонбаева, Токтобүбү Черикчиева, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева, жаштардан Гүлжигит Калыков, Бактыгүл Бадыева, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Анжелика, Асел Касымова, "Кыз-Бурак" тобунун эски, жаңы курамдары жана башкалар келишти.


Түгөйлөргө арналган 7 кабаттуу тортту Максаттын бажасы, тагыраагы, "Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти Аида Макамбаеванын жолдошу Алмаз Окоев 200 долларга сатып алды.



Тойдун "фишкасы" бийчи айымдар болду окшойт. Сайкалдын аяш апалары аяш кызына сюрприз кылып өзгөчө бий тартуулашты.



Максат Гүлшайыр Садыбакасованын 301-күйөө баласы. Неге дейсизби? Анткени ырчы айым Сайкалга чейин "Кыз-Бурактын" 300 кызын уядан учурган.



Тойдун 2-бөлүгү түгөйлөрдүн бийи менен ачылды. Бири-бирине жарашып кыналыша бийлеген эки жашты коноктор кызуу колдоп турушту.



НУРЛАН НАСИП:
– Күйөө жолдошто жоопкерчилик чоң экен, биринчи жолу бул кызматты аркалап жатам. Максат да, Сайкал да менин жакын досторум болот. Ушундай дүркүрөгөн чоң той болуп жаткандан кийин эки жаш ата-энелерин уят кылбай түбөлүккө түтүн булатышса дейм. Ушунча адамдын батасы кабыл болсун.



Масуда Чурнаева, Максаттын апасы:
– Менин үч баламдын ортончусу Максат. Келиним ырдайм десе тоскоол болбойбуз. Эң негизгиси, мага балдардын бактысы. Максат менен Сайкал бактылуу болушсун.

Гүлшайыр Садыбакасова: – Кызым барган жерине таштай катып, суудай сиңип бактылуу жашашын тилейм. Максат экөө бала-чакалуу болуп, кыргыз элинин мыкты инсандарынын катарын толуктасын. Сайкалга буга чейин сөз айтып жүргөндөр көп болчу. Максатка чыгып кеткенге чейин 4-5 жерден колун сурап келишкен. Мына, башка жүгүргөндөрдүн баары калып, Максат алып кетти.



Блиц-маек

Максат Довранов: «САЙКАЛДАЙ КЫЗ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛГЫЗ»

– Максат, Сайкал, той кут болсун! Мындай маанилүү күнгө көпкө даярдансаңар керек? Жакшылыгыңарга ортоктош болгондор да көп экен?..
– Рахмат. Сайкалдын жообун алгандан бери даярдык көрүп баштаганбыз. Билинбей эле 3 ай өтүп кетти. 600 конок чакырганбыз, бирок келгендердин саны 700гө чукул болду окшойт.

– Максат, Гүлшайыр эже айтып кетти, сага чейин бир да жигит Сайкалдын жүрөгүн багынта алган эмес деп. Сен көпчүлүктөн кантип өзгөчөлөнүп, көңүлүн таптым деп ойлойсуң?
– Жөнөкөйлүгүм, Сайкалды колдогонум үчүн сүйүүсүнө жеттим окшойт.

– Сайкал, бакытка балкып жаткан учуруң болсо керек. Той кандай болуп жатат?
– Албетте, ар бир кыз кичине кезинен эле ак көйнөк кийип турмушка узасам деп кыялданат эмеспи. Буюрса, тилегим орундалып, бактылуу болуп отурам.

– Максат, Сайкалдын жүрөгүн багындыруу оңойго турбаса керек?
– Албетте, оңойго турган жок. Анткени Сайкалдай кыз Кыргызстанда жалгыз.

– Дагы бир жолу куттуктайм! Бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагыла.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Максат менен Сайкалдын үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү видеорепортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(85)
21.11.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
САЙКАЛГА айтаарым КАЙНЕЭНЕН И МАКСАТ Жаркылдаган жузу жарык душасы таза адамдар экени корунуп турат Менимче ото паара болдунар ГУЛШАЙЫР ЭЖЕДА КЫРГЫЗДЫН СЫЙМЫГЫ УЛГУЛУУ аял Сайкал бактылуу болгонго тырыш эч КАчан сенин жашоондон жаман кабар укпайлы биз куйормандарын!Максатты сыйла Урматта апасын ошондо бактылуу болосун!
21.11.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула!Мындан 4жыл мурда так ушул куну биз да баш кошконбуз!
21.11.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сайкал Максат мен силерди сыйлайм силер жакшы инсансынар бактылуу болгула
21.11.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булолук бактынар бутун болсун коз тийбесин туруктуу тугойлордон болушунарга тойду коруп козум жетип турат
21.11.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакыт
21.11.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чаткалдык мырза Максат Довронов менен дейби,Чаткалдыкпы же Ала-букалыкпы?
21.11.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сайкалдан да Максат аябай бактылуу го
21.11.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула ушу кызды аябай жакшы кором!!! АйжамалХХХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-22 09:27:22
21.11.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал Максат бактылуу болгулаа алтындарым
21.11.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ылайым Эки дуйно Бактылуу болгула. Кармашкан колунар туболук болсун.
22.11.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула экоон жарашып эле калыпсынар
SUPER.KG видео
22.11.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин козундогу адамсынар,бактынарга ылайым коз тийбесин,соз тийбесин.Кошогонор когоруп кооп балалуу болгула ылайым,турмуштун ар кандай кунундо бир бирине жармашып,тырмышып жытынар бир биринерге синип жашагыла,Силердин жузунорду коруп бул эакта эле биз бактылуу айрыкча Максаттын кубанычында чек жок.
SUPER.KG видео
22.11.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки жашка чексиз бакыт. Тугонбос, картайбас СУЙУУ каалайм
22.11.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
22.11.2017. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олтурган кыз ордун табат,тапса да Сайкал Максаттай мыкты Мырзаны табат.
22.11.2017. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал жагат да, сонун кыз. Бактылуу болгонго татыктуу
22.11.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула
22.11.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
SUPER.KG видео
22.11.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,кооп балалуу болгула. Аябай толкунданып кубанып ыйлап атып кордум тойду.Алтындай болгон апаларынардын ишеничин актап аларды туболукко суйундуруп дайыма бирге болгула.
23.11.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
23.11.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакыт!Сайкал Максаттын суйуусун баалай бил демекмин!
23.11.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-23 16:55:26
23.11.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кармашкан колдору үзүлбөсүн ,бактылуу болушсун .Оомин
24.11.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Максат, Сайкал бактылуу болгула. Апаңарды сыйласаңар силерди Кудай сыйласын, тоюңарды видеодон көрүп, суктандым. Эң соонун уюштурулуптур, эмики жылы бешик тоюңарды көрөлү, кармашкан колуңар бекем болуп, кошо карыгыла!
25.11.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм сүйүүнор бекем болсун.
26.11.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула.
Ынтымактуу, бири биринерди сыйлаган жубайлардан болгула. Эн негизгиси ажырашпагыла, ансыз дагы ажырашкандар коп.
27.11.2017. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
27.11.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колдору Эч Качан узулбосун
27.11.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кармашкан колуунар эч качан узулбосун бактылуу бол.
27.11.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коз тийбесин
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо