Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УБАДАЛАРЫН ТАК АТКАРГАН КОМПАНИЯ

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.


«Рабат» курулуш компаниясы өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү менен курулуш рыногунда кардарлардын ишеничине кирүүгө жетишти. Компаниянын Бишкектин Калык Акиев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде курган көп кабаттуу үйү толук бүтө элегине карабай батирлер сатылып бүткөн. Анткени кардарлар бул үйдүн пландоосун, курулуш технологиясын жана жайгашкан аймакты жактырышкан. Мындан тышкары компания Бишкектин борборуна, тагыраагы, Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы үйдү куруу алдында турат. Бул аймакта мектеп, бала бакчалар алыс эмес, улуттук госпиталь да жакын жайгашкан. Ал эми үй тууралуу айтсак, дабышсыз лифттер, муздак жана ысык суусу киргизилип, газ кошулат. Түркиядан алынып келинген пластик терезелер менен жабдылып, санариптик телефон, жогорку ылдамдыктагы интернет, кабелдик сыналгы, домофон орнотулат жана имараттын айланасы кайтарылат. Киргизүүнү чектеген тосмо, видеобайкоо коюлат. Бул көп кабаттуу үй рихтер шкаласы боюнча 8 баллдык зилзалага туруштук бере алат.

«Биздин үйдү алган ар бир кардар жашоодон ырахат алып жашаса экен деп тилейбиз»,- деп жарандарга мыкты жашоо шартын түзүп берүү үчүн кызмат кылууга ниеттенген «Рабат» курулуш компаниясынын директору Саматбек Мырзабаев үй сатып алууга камданып жаткан жарандар үчүн маанилүү маалыматтары менен бөлүштү:


– Калык Акиев жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде курулган бизнес-класстагы батирлердин чарчы метрин 41 500 сомдон саттык. Кардарлардын талаптарына ылайык болгондугу үчүн үйлөрүбүз тез сатылды. Батирлер аянтынын чоңдугу менен да айырмаланды. Бир бөлмөлүү үйлөр 42 метр2, эки бөлмөлүүлөр 78 метр2 түздү.

Ал эми Логвиненко жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги премиум-класстагы үйдүн курулушу жакында башталат. Тиешелүү мамлекеттик кызматтардын текшерүүсүнөн өтүп, бардык мыйзамдуу документтерди колубузга алдык. Бардык коммуникациясы бар 1, 2, 3 бөлмөлүү батирлер болмокчу. Үйдүн астында паркинг, жүктөр үчүн жана жашоочулар үчүн эки лифт орнотулат. Батирлерди жөнөкөй адамдар, кызматчылар жана ишкерлер да сатып ала алат. Компанияга ишенсеңиз жаңылбайсыз. "Рабат" үйлөрдү так убагында куруп бүтүп, айтылган убакытта ачкычын тапшырып жатат. Курула турган үйүбүздүн баасы дагы башка борбордук аймактагы үйлөргө караганда арзан болот. Кардар алгач 30 пайызын, калганын 18 айдын ичинде төлөсө болот. Толук төлөгөндөргө да жеңилдиктер бар. Кеңсебизге баш багыңыз. Адистер сизге үйдүн планировкасын көрсөтүп, батирлер тууралуу маалымат берет.


САТУУ БӨЛҮМҮ:
0776 244 644 0706 244 644
0555 244 644 0312 586 644

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көч. 10


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
22.11.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай уйго жетуу менин мечтам
25.11.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы канча турат экен 2-3 комнаталуулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо