«РЕСПУБЛИКА – АТА ЖУРТ» ФРАКЦИЯСЫН ЭМИ РУСЛАН КАЗАКБАЕВ ЖЕТЕКТЕЙТ

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.


13-ноябрда Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен кетти. Лидерликтен баш тартуу боюнча анын кайрылуусу аталган фракциянын секретариаты аркылуу белгилүү болду. Кайрылуусунда ал өзү ушул тапта чет өлкөдө ден соолугун чыңдап жүргөндүгүн айтып, кайсы өлкөдө экендигин так айткан жок. Бул фракциянын ичинде келишпестиктер орун алып, лидерди алмаштыруу боюнча сөздөр жүрүп жатканы айтылып жаткан.
16-ноябрда фракция мүчөлөрү жабык жыйында жашыруун добуш берүү аркылуу лидерин шайлашты. Анда Талант Мамытовго 12, Руслан Казакбаевге 15 депутат добуш берген.
Башкы прокуратура 4-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо), 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча Бабановго карата кылмыш ишин козгоп, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берген. Башкы көзөмөлчү орган: "Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин натыйжасында Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан. Анда ал өзбек улутундагылардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жаткандыгын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын айтып, буга каршы активдүү күрөшүүгө чакырганы аныкталды",- деп белгиленген.
Өмүрбек Бабанов 23-октябрда Бишкек-Москва аба каттамы боюнча өлкөдөн чыгып кеткенин Чек ара кызматы билдирген. Ошондон бери анын кайсы өлкөдө экендиги, качан кайтып келери айтыла элек. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин 15-ноябрдагы «Бабановдун орду президенттик кресло эмес, абактын нарасында» деген сөзү кылмыш ишинин жыйынтыгы кандай болорун ачыктап койду. Демек, жакын арада Бабановдун өлкөгө кайтып келери күмөн.

Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо