ИЗДЕЙМ СЕНИ

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

«ЖАНЫБЕК ДОСУМ, МАГА БАЙЛАНЫШ»
– Мындан 5-6-жыл мурун Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында электрик болуп иштеп кеткен Жаныбек деген жигитти издейм. Анын бир көзү кылый болчу. Ош облусунун Кара-Суу районунда же Бишкек шаарында жашайт деп угуп калам. Жаныбек, окуп калсаң мага байланыш.


Досуң Азамат Айдаралиев, тел.: 0776 25 7072, 0708 38 34 68


«КУРБУМ МАХАБАТТЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ»

– Мен курбум, классташым 38 жаштагы жети-өгүздүк Махабат Темированы издеп келем. Махабатты турмушка узатканда жанындагы жолдош кызы болуп мен баргам. Аябай жакын болчубуз, бирок кийин эле кабарлаша албай калдык. Экөөбүз акыркы жолу Кант шаарынан жолуккан элек. Анда ал базарда 2 кызын ээрчитип жүргөн экен. Андан бери деле 7-8 жыл өттү. Телефон номерлерибизди алышып, мындан ары катышып жүргөнгө макулдашкан элек. Бирок ошол маалда мен телефонумду жоготуп жибергем. Азыр сени менен жолугуп, кабарлашып, катташкым келет. Махабат, мен сени издеп жатканымды билсең, мени менен кабарлаш. Мен дагы деле Ысык-Көлдө жашайм. Үй-бүлөлүү, бала-бакыралуу болгом.

Нурпери,
тел.: 0706 34-34 05


«ТУУГАНДАРЫБЫЗДЫ ТАПКАНГА СЕБЕПЧИ БОЛДУҢУЗДАР»

Өткөн саныбызда көп жылдардан бери туугандарын издеп таппай жүргөн аялдын каты «Издейм сени» рубрикасында гезитибиздин бетине жарыяланган эле. Гезит чыккан соң окурманыбыз Гуля айым туугандарын тапканын айтып сүйүнчүлөдү:
– Биз издеген Базарбай байкемдин кыздары Айнагүл менен Жүрсүндү таптык. Аларды 1986-жылдан бери издеп таппай жүргөн элек. Гезит жарыкка чыккан соң издеп жүргөн туугандарыбыз бизге байланышышты. Азыр күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүп жатабыз. Жакын арада жолугушуп, өткөн-кеткендерди эстешебиз. Туугандарыбызды тапканга себепчи болгон сиздерге чоң ыраазычылык билдиребиз.

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону:
(0312) 32-33-28


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
22.11.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жазганым чыкпай жатат таптакыр
23.11.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beks0207,
Саламатсызбы! Сиз жазган билдирүүлөр баары чыгып жатат. http://www.super.kg/comments?action=article&user_id=467791
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо