Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАР КИЙИЛБЕГЕН КИЙИМДЕРИН ЭМНЕ КЫЛАТ?

№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.

Ырчылардын ырдаганы эле эмес, баскан-турганы, кийген кийимине чейин эл назарында эмеспи. Андыктан концерт, той-кечелерге арналган кийимдерин бат-баттан жаңылап турууга мажбур болушат. Алар мынча кийимди эмне кылышат, кайда батырышат деген суроо жаралат. Келиңиздер, алардын гардеробуна баш багып көрөлү.

Самара Каримова:

“АЯБАЙ СУРАНГАНДАРГА КӨЙНӨКТӨРҮМДҮ САТАМ”
– Күндө эл алдына чыккандыктан, көп көйнөк тиктирем. Андан тышкары мода үйлөрүнөн “биздин көйнөктү кийип жарнамалап бер” деп сунуш кылышат. Эгер алардын кийимдери жакшы кездемеден, сапаттуу болуп тигилсе макул болом. Кийимдерим көп болгондуктан бир бөлмөнү гардероб кылып алгам. Шкафка батпай калгандарын баштыктарга салып коём. Көйнөктөрүмдү ар кимге тарата бербей, чогултуп, сактап келем. Кээде гана аябай сурангандарга сатып же белек кылам.


Съездбек Искеналиев:
“ФОРМАЛАРЫМДЫ КӨҢҮЛҮМ СҮЙГӨН АДАМДАРГА ЫРЫМДАП БЕРЕМ”
– Албетте, кийимдеримдин баарын гардеробумда сактоого аракет кылам. Негизи чоң концерт коёрдо өзгөчө кийимдерди тиктиребиз. Ошол мээнет менен тигилген формалар гардеробумда сөзсүз турушу керек. Ал эми той-топурларга барганга мурунку стилиме окшошуп калбасын деп костюм-шымдардын түрлөрүн алам. Улам жаңысын ала берсең батпай кетпейби, ошондуктан өзүм кийген формалардан көңүлүм сүйгөн адамга, жаңыдан чыгармачылыкка киришкен өнөр адамына ырым кылып тартуулап турам.

Анжелика:
“КИЙИЛГЕН КӨЙНӨКТӨРҮМДҮ ИЖАРАГА БЕРЕМ”
– Негизи кийимдерди иргеп, гардеробду тазалап турам. Бирок бардыгын ар кимге таратып салбайм. 20 жыл мурда алгачкы ирет сахнага чыкканда кийген көйнөгүмдү, кымбат, баалуу таштар менен тигилген жана мага өзгөчө жаккан кийимдеримди сактап коём. Ал эми өзүбүздүн мода үйүбүздүн көйнөктөрүн бир-эки ирет кийгенден кийин кайра дүкөнгө коём, ал жактагы көйнөктөр ижарага берилет да. Сиңдилеримди, күйөрмандарымды кубантып көйнөктөрүмдү берип турам.



Айгерим Расул кызы:
“МОДА ҮЙЛӨРҮНҮН ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ КӨЙНӨКТӨРҮН ЖАРНАМАЛАП БЕРЕМ”

– Күндө тойлорго чыккандыктан бир эле көйнөк, костюмду кийип жүрө албайсың. Айрымдарын бир жолу кийсем, кээ бирлери ыңгайлуу болуп, эскиргенче кийип жүрө берем. 3 жашымдан бери сахнада жүргөндүктөн кийимдеримдин көпчүлүгүн сактап койгом. Кээде улуттук, кече көйнөктөрдү сурагандар болот, аларды убактылуу берип турам. Кээ бирин “сатпайсыңбы” дешет, эгерде өлчөмү туура келсе сатып жиберем. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн бир бөлмөсүн кийимдер ээлеп турат. Кээ бир көйнөктөрдүн кездемелерин өзүм сатып алып, дизайнын чийип, буюртма менен тиктирем. Андан тышкары мода үйлөрү менен келишим түзүп, эксклюзивдүү көйнөктөрүн жарнамалап берем.


Гүлнур Асанова:
“ҮЙДҮН БИР БӨЛМӨСҮН КИЙИМДЕР ҮЧҮН БӨЛҮП КОЙГОМ”

– Сахнага кийип чыккан көйнөктөрүмдү кайталап кийбегенге аракет кылып, жаңы костюмдарды тиктирип турам. Жакындарым, курбуларым сураса белек катары берип коём. Бир эле костюмумду саткам. 23 жыл мурунку формаларымды дагы деле сактап жүрөм. Негизи ар кимге таратпай, сактайын деп үйдүн бир бөлмөсүн кийимдерим үчүн бөлүп койгом.


Гүлзат Байзакова:
“КӨЙНӨКТӨРҮМДҮ САТЫП ЖЕ ИЖАРАГА БЕРГЕН ЭМЕСМИН”

– 30 жылдан бери сахнага улуттук көйнөктөрдү кийип чыгам. Алардын баарын гардеробума сактап, батырууга мүмкүн эмес. Анын үстүнө жашыбыз улуулап баратат, өлчөм, кийимдин фасондорун да өзгөртүүгө туура келет. Биринчи жолу сахнага кийип чыккан формамды сактап койгом. Ал эми 10 чакты көйнөгүмдү өнөр сүйгөн сиңдилериме белек кылгам. Бирок сатып же ижарага берип көргөн эмесмин.


Урмат Усенов:
“ГАСТРОЛГО ЧЫККАНДА КҮЙӨРМАНДАРЫМА КОСТЮМДАРЫМДЫ ТАРТУУЛАЧУМУН”
– 2005-жылдары сахнага жаңыдан чыгып баштаганда атайын форма тиктирчүмүн. Бара-бара кийим саткан дүкөндөрдөн алганга өттүм. Ошол баштапкы кийимдерим азыр деле бар. Бир-эки жолу кийип, элге таанылып калган костюм-шымдарымды аймактарга гастролдоп барганда катуу күйөрмандык кылгандарга тартуулап келчүмүн. Андан тышкары маданият жаатында окуган студенттер атайын келип сураган күндөрү болгон. Жакшы ниет менен ырым болот деп тартуулап жүрөм.


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(48)
28.11.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Гулзат Байзакова эжекебиз азамат!Онорунуз оркундой берсин,омурунуз узун болсун,ден-соолукта болунуз.
28.11.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+54
Айгерим ушинтип кийинсе деле болот экен го. Аябай скромнаяя болуп калат экен
28.11.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aliakg90,Жарым жыланач болгуча ушундай кийинсе болот экенго...
28.11.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Самара мурункуга каранда норма кийинип калды койнокторду,кунумдук жашоодогу кийингени жакпайт мммм канча кийсе деле жарашпайт
28.11.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгерим жагат бирок ал дагы кийингеди билбейт капкаяктагы койнокторду таап алат
Анжелика Асельден кийингенди уйронушсо жакшы болмок
28.11.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+93
Кайда барсам я? Анжелика , утукту сайсам желе анжелика. Подвалды ачсамда анжелика. Машинанын капотун ачсамда анжелика.
28.11.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Tyty1990,ичим ооруганча кулдум го)
28.11.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Tyty1990,)))))))
29.11.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tyty1990,
02.12.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,анжелика дынк
Кобу анжелика жонундо айтып боорду эзет
02.12.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tyty1990,машинаны ачсам анжелика тушсом анжедика заправкага барсам дагы анжелика концертке билет алсам кассир да анжелика
02.12.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990, ой мамааа аябай кулдумго чынында ошондой бир нерседен куру калгансып эч жерден калбайт
28.11.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бул суроттордо баары сонунго,симпотично болуп."Адамдын корку чупурок".Баарынар сулуусунар.Бирок булардын кийимдерин сатып алгандар кантип киет экен? "Мынаа ырчынын эскисин сатвп алдым"-деппи?
28.11.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айгеримдин кийингени жагат озгочо кийинет. Сахнага кийген кийимдери дагы оригиналдуу. Кайсыл жакка кандай кийиништи билет.
28.11.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Гулзат Байзакованын комментарийи жакты.Кийилген кийимден да акча иштеп калайын деген оюу жок, ток пейил экен.
03.12.2017. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shahrizaada,туура
28.11.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Chinin aytsam beker tarkatsa dele almak emesmin~bir tuuganimki bolso kiymekmin~altin koshup tigip koyso da biroonukun ech kiymek~emesmin~
28.11.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ozdoruno ele buyrusunchu~^^
28.11.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бу ырчы чоорчу дегенинер шу чупуроктонда акча иштеп калат турбайбы,ХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-28 15:48:00
28.11.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айгерим мынада чачы да сонун болуптур
28.11.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Гулзат эженин "койнокторуму ижарага бербейм, сатпайм"- дегени жакты.Ал эми башкалары бир эле тойдон долларлап тапкан сулуулар сатат имиш.Адам байыган сайын саран болуп калат деген чын турбайбы.Анжелика прокаттагы койнокторду киет турбайсынбы молодец.Сен сатпай деле койсон болот.Анткени артында уч кызын турат,ошолорго кийгизесин
28.11.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Киймине карап тозуп алып, акылына карап узатат деген кеп бар.
28.11.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Гүлзат Байзакова менен Урмат Үсөнов ток пейил адамдар экен, Ушул эки ырчынын маеги жакты мага. Үлгү алсак болот. Азаматсыздар ийгилик каалайм!
28.11.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгерим,Гулнур Асанованын кийинуу стили начар. Анжеликаны деле стильная деп айталбайм.
28.11.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Менде деле мал багып жаанда алмаша берип купайкелер,чатыр шымдар,дождовиктер толуп сарайда уйулуп кеткен.Экзотикалуу,шырымалдар,дажы тери чокой бар.Строго сатам...Муногу чоорчулар канкыретный неабычный клип тартышса ошолорду кийип алышып бантастика болуп олуп эле калышат ботом.Бир тери турсый да бар.Кызыккандар сывыяздашкыла,дагаварымсыя.Туура элеби каапырдыкы..
Nazaroff1974 түзөттү 2017-11-28 23:25:07
30.11.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazaroff1974,кызыгып,жылмайып окуп
келатып эле, "каапырдыкы"-дегениң болбой
калды тууганым.ыйманы барды каапыр деген
да чон күнөөлөрдөн,жөнү жок күнөө
топтобойлучу...
28.11.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бекер берсенер да албайм эски кийиминерди.
29.11.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мммдааа,макаладан да комментарийлер кызыктуу го)))
29.11.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп кийим кийингендик ысырапкорчулук,оо чын дуйнодо жооп берет экен биз.
29.11.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-29 15:19:34
29.11.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pero123,
Эскертүү! Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
29.11.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айабай сурангандарга сатам дейтко.ушул катын акыркы кундору жакпай баратат.асмандан тушпой калды.
30.11.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Samara Anjelika silerdin koinogunorgo Kim kyzygat eken. anjelika samara eldi tajatkandardyn nomer biri boldunar go.oz jashoonor ozunorgo buirusunchu. Kaida bolbo kypchylyp jurosunor.
30.11.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
siezdbekten bashkasynyn baarynyn stili jakty. birok oshol kiiimder uchun surak berip buto slbaisynar go. anjelika akylduu eken prokatka alsa tuura da alardyky kirdebeit dele. a men 1koinok alsam jyrtylyp je korgum kelbei kalgycha kiem anan polovoi triapka bolot)))))
30.11.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель жок го . Сонун кийинет.
30.11.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кийилген кийим сатып алаарда абайлагыла колонсо жугузуп албагыла.
01.12.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
СактагандЫн пайдасы жок андан коро студенттерге таратып жибергиле анткени сооб болот,же болбосо бекер таркатчуу дукондор барго ошошорго откороуло,канчалаган колунда жок адамдарды суйунтосунор,сооб болот,ананда канча коп кийим алсан ошончо сурагын бериш кыйын болот,так што кийим аларда ойлонгула демекчимин.
01.12.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булардын кийимин ким кийет мага сатып берседа кийбейм
02.12.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
а мен болсо озумдукун жана балдарымдыкын кийимге муктаж адамдарга соопчулук учун жон гана берип коем
05.12.2017. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочодо кийип жургонго болбойтко алардын кийимдери
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо